Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Маршрутка айдагандардын айдоо деңгээли жакшырдыбы? ИИМдин жообу

© Sputnik / Эмиль СадыровМаршруткалар. Архив
Маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын техникалык бөлүмү былтыр эл ташыган 9 миң айдоочуну айыпка жыккан.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бустардын айдоочулары жолдо жакшы жүрүп калды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Адил Нефтулаев билдирди.
Ал бүгүн Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
© Sputnik / Асель СыдыковаБрифинг "Как будет решаться проблема с праворульными авто в Кыргызстане"
Брифинг Как будет решаться проблема с праворульными авто в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
"2022-жыл ичинде техникалык көзөмөл бөлүмү жүргүнчү ташыган ишкананын 200 жетекчисин айыпка жыккан. Андан сырткары, автобус жана кичи автобус айдагандардын ичинен 9 154 айдоочу да акчалай айып төлөгөн", — деди Нефтулаев.
Ал эл ташыган айдоочулар менен жолдо башка автоунааны кубалап өтпөө, каршы тилкеге чыкпоо сыяктуу бир канча эрежелерди сактоо боюнча эки миңге чукул сүйлөшүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн айтты.
Техникалык бөлүмдүн башчысынан коомчулук дайыма нааразы болгон бустун айдоочуларынан автоунааны башкаруу деңгээлине баа берүүнү сурашты. "Жакшыраак айдап калыштыбы?" деген суроо болду.
"Жакшы айдап калышты. Жол кыймылынын эрежелери менен жүрө башташты, анткен менен баары эмес. Эрежени сактабагандар да бар, анда тиешелүү протоколдор түзүлүп, медициналык текшерүү, күбөлөндүрүү болот", — деди бөлүмдүн жетекчиси.
Эгерде маршруткалардын айдоочулары эреже бузса, ЖКККББнын 630901 номерине кайрылууну айтышты.
Жол кырсыгына калбылган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
Пресс-борбор
ЖКККББ: былтыр жол кырсыгынан Кыргызстанда 690 адам каза болгон
Жаңылыктар түрмөгү
0