Өлкөдө мээ эхинококкозу көбөйүп кетти. Ооруга кабылгандар эмнеден кыйналат?

© Фото / Pexels / Anna ShvetsДарыгер бейтаптын мээсинин рентгенин карап атат. Иллюстративдик сүрөт
Дарыгер бейтаптын мээсинин рентгенин карап атат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
Жазылуу
Пандемия учурунда бир катар оорулар азайып калганы белгилүү. Алардын катарында мите курт чакырган альвеококкоз, эхинококкоз жана бруцеллёз да бар эле. Учурда жогорудагы оорулар кайрадан көбөйүп жатканы белгилүү болду.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы паразитологу Жумагүл Усубалиева менен Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдуев болду.
— Учурда эхинококкоз, альвеококкоз, бруцеллёз коркунуч туудуруп жаткан экен. Эмне себептен ушундай абалга кептелдик?
Жумагүл Усубалиева: — Булар союз тарагандан бери эле өтө актуалдуу болуп келе жатат. Паразиттик оорулар жылдап билинбей жүрө берет. Быйыл 415 операция катталса, анын 64ү эле Бишкек шаарына тиешелүү. Калгандары аймактардан келген. Шаарда чоңдор жана балдар арасында өсүү байкалган жок. Ал эми республикалык деңгээлде алсак акыркы он жыл ичинде абал бирдей. Мите курттардын оорусу операциядан кийин гана билинет. Ошол себептен бейтаптардын саны мындан 5-6 эсе көп. Эхинококкоз оорусунда боордун 80 пайызы жабыркайт, ал негизинен адамга иттен жугат. Ветеринардык кызматкерлер иттерди дарылоо үчүн мамлекеттик деңгээлде камсыздалат. Ал эми адамдар өздөрү малдын жарабаган былжырлуу ички органдарын бере берип ооруну жайылтат. Андан улам иттин ичинде үч ай аралыгында чоң курт өсүп жетилип, акырындан жумурткаларды бөлүп чыгара баштайт. Адамдын ичине бир жумуртка киреби же көппү, айырмасы жок. Ал кан айлануу системасы аркылуу боорго, андан өсүп өпкөгө барат. Кан аркылуу кайсы органга жайгашса, ошол жактан өрчүй берет. Азыр мээнин эхинококкозу да аябай көп болуп жатат. Бул да билинбейт. Бир гана УЗИден белгилүү болот.
© Sputnik / Акбар АкжигитовЖумагүл Усубалиева: паразиттик оорулар жылдап билинбей жүрө берет. Быйыл 415 операция катталса, анын 64ү эле Бишкек шаарына тиешелүү. Калгандары аймактардан келген
Главный паразитолог ДПЗиГСЭН Жумагуль Усубалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
Жумагүл Усубалиева: паразиттик оорулар жылдап билинбей жүрө берет. Быйыл 415 операция катталса, анын 64ү эле Бишкек шаарына тиешелүү. Калгандары аймактардан келген
— Итти кантип дарылоо керек?
Ж.У.: — Үч айда бир жолу эрежеси менен дарылап, 72 саат байлап койгон туура. Себеби дары бергенде ичти оорутуп курттар өлүү болуп, ал эми жумурткалары чала жан сыртка чыгат. Андыктан ит байлаган жерди хлор же кайнак суу менен тазалап салуу керек. Бул ооруну азайтуу адамдардан көз каранды.
— Бруцеллёз менен ооругандар коронавирус пандемиясы маалында азая түшкөн экен. Азыр кайра көбөйө баштаптыр да...
Кубанычбек Бектурдуев: — Өткөн жылы республика боюнча 954 учур катталган, бул мурдагы жылкыга салыштырмалуу 158 учурга көп көрсөткүч. Пандемия маалында бруцеллёз азайып, кутурма да кездешкен эмес. Бруцеллёз малдан адамга жугуучу өтө кооптуу инфекция. Аны бруцелла микроорганизми козгойт. Ал да беш-алты түргө бөлүнөт. Ошонун ичинен эң кооптуусу — майда мүйүздүү жандыктан жугуучу бруцелла мелитенсис (Brucella melitensis), андан кийин ири мүйүздүү малдан жугуучу бруцелла абортус (Brucella abortus) болуп эсептелет. Кийинки кезде мелитенсис башка жаныбарларда да табылып жатат. Учурда Германияда илимий практикада жүргөн дарыгерибиз адамдарда табылган бул мите түрү — ири мүйүздүү жаныбарлардан, ит-мышыктан да чыгып жатканын аныктаган. Бруцеллёз оңой менен айыкпайт. Негизинен бейтаптар Нарында, Жалал-Абадда жана Чүйдө көп. Тилекке каршы, акыркы күндөрү 14 жашка чейинки балдарда көбүрөөк катталып жатат. Мурдагы жылкыга салыштырмалуу былтыр 5 учурга азыраак болду, бирок колдон келсе бир да учур болбошу керек. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бруцеллёздун саны боюнча алдыга киши чыгарган жокпуз. Мындан 10-15 жыл мурун 3000ден жогору катталчу. Азыр бул тармакта анча-мынча жылыштар бар.
Тилекке каршы, ден соолугуна кам көрбөй чала дарыланып, элдик медицинага жүгүрүп же самогондон шыпаа издегендер да кездешет. Негизи бул туура эмес. Анткени бул антибиотиктин жардамы менен гана дарылануучу микроорганизм. Бруцеллёздон улам аялдар менен эркектер тукумсуздукка кабылышууда. Бруцелла абортус — түйүлдүктүн түшүп калуусун шарттайт.
Ар бир оорунун жугуу шарты жана механизми болот. Бруцеллёз баарына эле жуга бербейт. Бир үйдө 5-10 киши жашаса, анын экөө-үчөө эле оорушу мүмкүн. Адамдын былжыр челинде же тери катмарларында кандайдыр бир жаракат болсо ал аркылуу оорунун мителери организмге кирип, канга өтөт. Инкубациялык мезгили өткөндөн кийин үч күн дене табы түшпөй, анан оорунун белгилери башталат. Түнкү уйкусу начарлап, алка-шалка тердеп, бара-бара муундары ооруп баштайт. Ошондо гана дарыгерге келишет. Биз беш ооруга анализ тапшыртабыз.
© Sputnik / Асель СыдыковаКубанычбек Бектурдуев: бруцеллёз оңой менен айыкпайт. Негизинен бейтаптар Нарында, Жалал-Абадда жана Чүйдө көп. Тилекке каршы, акыркы күндөрү 14 жашка чейинки балдарда көбүрөөк катталып жатат
Заведующий отделом эпидемиологии РЦКиООИБ Кубанычбек Бектурдуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
Кубанычбек Бектурдуев: бруцеллёз оңой менен айыкпайт. Негизинен бейтаптар Нарында, Жалал-Абадда жана Чүйдө көп. Тилекке каршы, акыркы күндөрү 14 жашка чейинки балдарда көбүрөөк катталып жатат
— Оору канча убакыт аралыгында билинет?
К.Б.: — Бир айдан үч айга чейинки убакытта оорунун белгилери башталышы мүмкүн. Азыр бул жаатта дартты аныктоо абдан өнүктү. Бизде бардык шарттар бар, бирок клиникалык жагынан бруцеллёзго окшош оорулар абдан көп. Мисалы, буту-колу ооруса эле адамдар ревматизм деп ойлоп алышат. Бирок бруцеллёз адамды өлтүрбөгөнү менен майып кылып коюшу мүмкүн. Резидуалдык бруцеллёз адамда өмүр бою калат. Ал айыкпай да калышы мүмкүн, дарылоо жагы да кыйын. Ооруканага 10 күн жаткырат да үйдөн дарыланууга чыгарат. Бул бир чети кооптуу. Анткени көр оокатка алаксып, убактысында дарысын ичпей калат. Адамдарды эмдөө менен бруцеллёзду жеңе албайбыз. Анткени ага таасир этпейт.
— Паразиттик ооруларды алдын алуу жагы кандай болот?
Ж.У.: — Бардык эле оорулардын механизмин алдын алуу жолдору бар. Альвеококкоз — талаада карышкырлар, түлкүлөр жана талаа чычкандары ооруй турган жаратылыш дарты. Мурда жайлоого чыкканда койлорду, андан кийин иттерди дарылашчу. Азыр андай нерсе жок. Ошондон улам бизге да жукту. Ит менен мышыктын ичинде гана курт өсүп чыгат. Ал эми адамда өспөйт. Сактануу үчүн идиш-аякты эшикке таштабай, ылаңдуу малдын ичеги-карынын бербей, арыкта аккан суудан ичпеш керек. Азыр жолбун иттер абдан көбөйүп кетти. Ошол себептен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелери аларды жоготкону туура.
Ошондой эле жеке гигиенадан көп нерсе көз каранды. Мал карап же эшиктен ойноп келгенде балага колду самындап жууш керектигин үйрөтүү керек. Коронавирус пандемиясы маалында колду таза жуугандыктан көп оорулар азайган.
Эхинококкоз башында билинбейт. Качан гана ыйлаакча аябай өсүп, жанындагы органдардын функциясын кысып, иштөө системасы бузула баштаганда байкалат. Алгач башы ооруп, кускусу келип, уйкусу бузулуп, ички органдары ооругансыйт. Дартты аныктоонун классикалык ыкмасы — УЗИ аппараты.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖумагүл Усубалиева: альвеококкоз метастаз бергендиктен рак дартына окшош. Эхинококкоздо операция жолу менен ыйлаакчаны алган соң үч жыл ичинде калыбына келүүгө болот. Ал эми альвеококкоз чырмалып өсө
Главный паразитолог ДПЗиГСЭН Жумагуль Усубалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
Жумагүл Усубалиева: альвеококкоз метастаз бергендиктен рак дартына окшош. Эхинококкоздо операция жолу менен ыйлаакчаны алган соң үч жыл ичинде калыбына келүүгө болот. Ал эми альвеококкоз чырмалып өсө
— Альвеококкоз менен ооругандар өмүр бою каттоого алынат экен...
Ж.У.: — Альвеококкоз метастаз бергендиктен рак дартына окшош. Эхинококкоздо операция жолу менен ыйлаакчаны алган соң үч жыл ичинде калыбына келүүгө болот. Ал эми альвеококкоз чырмалып өсөт. Боордогу чоң кан тамырларды байлап калат. Мында органды алмаштыруудан бөлөк жол жок. Башка органдарга метастаз бериши кооптуу. Эхинококкоздо ыйлаакча жарылып, ичиндеги мите курт башка органдарга жайгашып калса гана жара пайда болушу мүмкүн. Башка учурда оору жайылбайт. Альвеококкоз менен ооругандар өмүр бою диспансердик каттоодо туруп, үч ай сайын боорун текшертет. Операция менен эле кутулбайт. Кайрадан ооруп калбоо үчүн дарыланып турат. Эхинококкоздо 28 күн эки маал дары ичип, 14 күн эс алып (үч курс) кайрадан дарыланат. Ал эми альвеококкоз менен ооругандар үч курс эмес, өмүр бою дары ичет.
— Бруцеллёз оорусун кантип алдын алууга болот?
— Адамдар ооруп айыккандан кийин аймактык ооруканада эки жыл каттоодо турушу керек. Сакайып кеткенден кийин кайра ооруп келгендер бар. Ылаңдаган малды 15 күндүн ичинде союп жоготуу керек. Себеби ал микробдорду бөлүп чыгарып турат. Негизи ооруган малдын эти техникалык утилизацияга жатпайт. Анткени бардык микроорганизмдер жылуу организмде гана жашай алат. Аларга да ылайыктуу шарт жана тамак керек. Малды сойгондо оорубаган мал болсо да этин бир сутка жебей турган оң. Ал эми бруцеллёз менен ылаңдаган малдын этин эки сутка тийбеш керек (анткени сыртта бруцеллёздун таякчалары 48 саатта толук өлөт).
Бейтаптын жанында отурган дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
Боорун май баскан адам кенебей жүрө берип инфаркт, инсультка кабылат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0