Боорун май баскан адам кенебей жүрө берип инфаркт, инсультка кабылат. Маек

© Фото / Pexels/ Tima MiroshnichenkoБейтаптын жанында отурган дарыгер. Архив
Бейтаптын жанында отурган дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
Жазылуу
Медицина тармагында боордун май басып кетиши олуттуу көйгөйгө айланып калды. Кыргызстанда да көп адамдар ушул дарт менен жабыркашат. Бирок мунун накта себебин жана бейтаптардын санын аныктаган ири изилдөө жүргөн эмес.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде гастроэнтеролог, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нургүл Токтогулова болуп, боордун май басуусуна туура эмес тамактануу, кыймылдын аздыгы жана спорт менен машыкпагандык себеп болорун айтты.
© Sputnik / Асель АкматГастроэнтеролог, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нургүл Токтогулова
Врач гастроэнтеролог, кандидат медицинских наук Нургуль Токтогулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
Гастроэнтеролог, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нургүл Токтогулова
— Дүйнөдө 40 жаштан өткөн адамдардын 60-70 пайызында боордун май басышы, ашыкча салмак абдан чоң көйгөйгө айланыптыр. Бизде абал кандай?
— Өлкөдө канча пайыз адамдын боорун май басып кеткенин аныктаган ири изилдөө жүргөн эмес. Себеби ага каражат жана долбоорлор керек. Россияда өткөн изилдөөдө 18 жаштан өйдө курактагы адамдардын 37 пайызынын боорун май басканы аныкталган. Ашыкча салмак жана кант диабети менен жабыркагандардын баарында мындай дарт кездешет. Бул орчундуу маселе. Боорду май басып кетсе циррозго алып барат. Анда органды алмаштырууга туура келет. Бирок көбү циррозго жетпей эле инфаркт, инсульт алып, жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болушууда. Боорду май басуу — инфаркт, инсульт, өттө таштын пайда болуусун жана ракка чалдыгууну үч эсеге жогорулатат. Дарылоо үчүн убагында дартты аныктоо керек.
— Негизи биз оору күчөп, олуттуу дартка айланганда гана дарыгерге кайрылабыз. Тилекке каршы, медициналык сабаттуулугубуз төмөн болуп турат...
— Бейтаптар эле эмес кенебестик дарыгерлерде да бар. Боорду май басып кеткенин УЗИден көрсө да "бул азыр бардык адамда эле кездешет" деп кетирип жиберишет. Боордо май топтолуп, ал 30 пайыздан ашып кеткенде гана УЗИден көрүнөт. Ага чейин бул дартты кантип аныктайбыз? Негизи беш пайыздан өйдө болгондо эле боорду май баскан болуп эсептелет. Эгер аял кишинин курсагынын көлөмү 80 сантиметрден, ал эми эркектики 90 сантиметрден чоң болгондо инсулинорезистенттүүлүктүн (ткандардын инсулинге анормалдуу реакциясы, гормонго сезгичтиги) ыктымалдуулугун 90 пайызга жогорулатат. Экинчиси, УЗИден боорду май басканы далилденсе 30 пайыздан жогору деп билиңиз. Анализ тапшырып, оорунун себептерин аныкташыңыз керек. Эң кеңири таралганы — гепатиттин алкоголдук эмес түрү. Андан диета кармап, кыймылды көбөйтүп арыла аласыз. Кошумча дарылар берилиши мүмкүн. Вирустук гепатит (В, С), алкоголдук гепатит, аутоиммундук гепатит аныкталбаса боордун май басышы катары гана дарыланат.
— Кайрылгандардын арасында эркектер көппү же аялдарбы?
— Албетте, аялдар көп. Анткени эркектер оорусу нормадан 300-400гө көтөрүлүп кетмейинче жүрө берет. Же катуу ооруп, таш пайда болсо гана келишет. Эгер адамда гепатоз болсо, ал өттө ташты пайда кылат. Азыр ташты эритүүчү дары-дармектер бар. Анын жардамы менен өттү сактап калууга болот.
— Арык адамдын боорун май басышы мүмкүнбү?
— Мүмкүн. Арык адамдардын гепатозу Азия өлкөлөрүндө көп кездешет. Япония, Корея, Кытайда бул жаатта масштабдуу изилдөөлөр жүргөн. Мен беш жылдан бери өз алдымча изилдеп келе жатам. Баамымда, бул генетикалык дефектиден келип чыгат. Азиаттардын салмагынын индекси европалыктарга караганда азыраак. Айрымдар арыкчырай келсе да курсагы чоң. Ошол курсак май кооптуу, себеби инсулинорезистенттүүлүккө алып келет. Негизи боордун май басышына тамак-аштын сапаты таасир этет. Азыр көзөмөл жок, эмне жеп жатканыбызды да билбей калабыз. Ошол эле суюк майдын сапаты да текшерилбейт. Азыр басып-туруп, телевизор көрүп, конокко барып деле тамак жей беребиз. Биздин ата-бабалар андай эмес болчу да. Дайым кыймылда болгон. Советтер Союзунан бери семирүү, кант диабети үч эсеге көбөйдү. Бизде кан тамыр ооруларынан улам каза болгондордун саны биринчи орунда турат.
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын тери-венерология кафедрасынын ассистенти Наби Ахмедов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Бат-бат самынданып жуунгандар тери аллергиясына көп чалдыгат. Венерологдун маеги
— Кандай азыктар боорду майдан сактайт жана кайсынысы зыян алып келет?
— Ашказанга кирген тамактын баары эле боор аркылуу фильтрленет. Ошондуктан алгач алкоголду ташташ керек. Газдалган, жемиш камтыган суусундуктар, Сoca-Сola, Fanta, пакеттеги таттуу суусундуктардын баары канцероген. Таттуу, ак ундан жасалган азыктар углевод болгондуктан менюдан алып салуу керек. Мындан тышкары, кызыл этти азайтып, тоок этин же балыкты көбөйткүлө. Бир күндө жок дегенде эки порция салат жеш керек. Боору ооругандардын көбүндө D, A, E витамини төмөн болот. Бирок кант диабети барларга Е витамини бар азыктарды жебеш керек. Калган убакта колдоно берсе болот. Анан, албетте, арыктоо керек. Күнүнө он миң кадам жасап же беш чакырымдан өйдө басса пайда. Диета кармабаса да көп басуу боорго жардам берип, майын азайтат.
— Оору өспүрүмдөр арасында да кездешеби?
— Кездешет. Жаңы келген студенттеримдин арасында изилдөө жасасак, 28 пайызынын боорун май басып кетиптир. Буга үйдөгү тамактануу маданиятынын да кедергиси тийген. Мындан тышкары, тез тамактануучу жайларга барышат.
— Оору аныкталган соң кайсы адиске кайрылуу керек?
— Биринчиден, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып, терапевтке текшерилгиле. Анализден вирустук гепатит чыкса, гепатологго же гастроэнтерологго жиберет. Азыр дүйнөдө ушуну ичсең эле айыгып кетесиң деп кепилдик берүүчү препарат жок. Бирок жардам бере турган дарылар бар. Бир гана режимди сактап, туура тамактанып, кыймыл-аракетти көбөйтүү чоң жардам берет.
Республикада 40 жаштан жогорку курактагы адамдардын көбүндө боордун майлуу гепатоз оорусу кездешет. Биздин өлкөдө бир нече адам өз алдынча ушул ооруну изилдеп жатат. Анын ичинде мен да бармын. Ошондой эле тоолуу шартта бул оору өрчүй турганын жана шаар менен айырмачылыгын франциялык лабораториянын жардамы менен изилдедик. Кыргыз медициналык академиясынын алдында да илимий лаборатория ачылган. Акыркы он жылда бул ооруга кызыгуу өстү, анткени ашыкча салмак көбөйүп жатат. Ичтин катуусу менен ичеги-карын ооруларын да байланыштырып жатышат. Ичи көп каткан адам инфарктыга тез чалдыгып калышы мүмкүн.
— Тоолуу шарттагы боор ооруларын изилдеп кандай тыянакка келдиңиздер?
— Тоодо фиброз шаарга караганда батыраак өрчүйт экен. Ал эми холестерин азыраак кездешет. Кычкылтек тоодо жетишсиз болгондуктан боордун циррозун жайлатат. Ар бир организм ар кандай болгондуктан өзүнүн нормасы болот. Мисалы, менде холестериндин көрсөткүчү беш болсо, бул мага норма болот да, башка бирөө үчүн көп болушу мүмкүн. Дары-дармектин да өз таасири бар. Мага 500 миллиграмм ичүү жетиштүү болсо, бирөөгө 1000 миллиграмм керек. Адамга дары-дармек берерден мурун анын канында канча энергия бар экенин, ал дарыга канчалык жооп бере аларын текшерүү керек. Азыр медицина ушуга бара жатат. Мамлекетте азык-түлүк көзөмөлгө алынып, кыймыл-аракетти, спорт менен машыгууну күчөтүү керек. Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө эле боорду май басуу көрсөткүчү биздикиндей абалда.
Баланы карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Кыргызстанда балдар көп ооруп жатат. Илдетти алдын алуу жолдору тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0