Кадыр Маликов: Куранды өрттөө — чагымчылык, аң-сезимдүү адамдар ага алдырбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов. Архив
Кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Жазылуу
Дин таануучу радикал саясатчынын сөз эркиндигине жамынып алып жасаган аракетин сындады.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандык диний ишмер Кадыр Маликов Швеция менен Данияда ыйык Курандын өрттөлүшү боюнча нааразычылыгын билдирди.
Ал мындай жек көрүндү акцияны ашынган оңчул саясатчы, "Жесткий курс" партиясынын лидери Расмус Палудан жергиликтүү бийликтин уруксаты менен укук коргоо органдарынын коштоосунда жасап жатканын белгилеген. Бирок мындай аракетин сөз эркиндигине жамынып алып жасаганын сындады.
"Мунун баары баалуулуктардын деградациясын, "демократия, эркиндик, укук" түшүнүктөрү алмашылганын, ошондой эле диний этникалык жана расалык дискриминацияны көрсөтөт. Конструктивдүү аргумент жана диалогдун ордуна өтө пас агрессивдүү ыкмаларды колдонууда. Мечиттин алдында Куранды атайылап өрттөө жана мындай иштерди улантам деп коркутуу менен бүт дүйнөгө башкы максаты кастыкты козутуу, зордук-зомбулукка, цивилизациялык жана маданий ажырымга түртүү экенин крсөтүп жатат", — деди Маликов.
Ошондой эле диний ишмер саясий максатта 1,5 миллиард мусулманды басынтканы жаңжалды ырбатарын, анын ичинде өзүнүн өлкөсүндө да абал тынч болбой турганын эскертти. Себеби Швецияда дагы мусулмандар жашайт.
"Ыйык Куранды окуу жана ал тууралуу башкаларга таратуу буга эң мыкты жооп болуп саналат. Тескерисинче, биз Куранды көбүрөөк окуп, анын маани-маңызын түшүнүп тынчтыкты сактоого жана диндер аралык диалогду бекемдөөгө аракет кылышыбыз керек", — деди дин таануучу.
Аны менен катар Маликов аң-сезими терең адамдар кастык, жек көрүү жана жаңжал чыгаруу максатын көздөгөндөрдүн чагымчылыгына алдырбай турганын белгиледи. "Китепти өрттөө Куранга зыянын тийгизбейт. Жараткандан берилген сөздөр эмес, жөн гана кагаз күйүп жатат", — деди ал.
Эске салсак, Стокгольмдо ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн. ЖМКлар анын Швеция бийлигинен уруксат алганын жазышкан болчу. Палудан "Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү" каалаганын айткан.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Курандын өрттөлүшү Европадагы исламофобия, расизм жана дискриминациянын деңгээлин тастыктап, Швеция НАТОго кошулуу боюнча кол койгон үч тараптуу меморандумдун милдеттенмелерине карама-каршы келерин билдирди.
Швеция менен Финляндия 2022-жылдын 18-майында Украинадагы окуялардан улам аскердик блокко кошулууну чечишкен. Алардын арызын Венгрия менен Түркиядан башка альянстын 30 өлкөсүнүн 28и буга чейин жактырган.
Анкара Стокгольм менен Хельсинкиден Күрдстан жумушчу партиясын колдоону токтотууну жана Түркияда террорчулукка тиешеси бар деп эсептелген активисттерди экстрадициялоону талап кылууда. Түрк бийлиги бул убадалар аткарылмайынча түндүк өлкөлөрүн НАТОго кабыл алууда жылыш болбойт деп бир нече жолу билдирген.
Стамбулдун райондорунун биринде түрк желектери менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2023
Куранды эми Нидерландда өрттөштү. Түркия ТИМинин кадамы
Жаңылыктар түрмөгү
0