Мамкурулуштун жетекчиси Нуртазин Жетибаев кызматтан бошотулду

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевНуртазин Жетибаев. Архив
Нуртазин Жетибаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
Азырынча ал эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз болууда.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты өздүк булактар тастыктады.
Азырынча ал эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз.
Жетибаев Мамкурулушту жети ай башкарды, 2022-жылдын 21-июнунда президент Садыр Жапаров дайындаган болчу. Жетибаев Баткендеги үйлөрдүн курулушу кечеңдеп жатканы боюнча башкы подрядчы компанияны ачык сындап келген.
Баткен облусунун Максат айылында салынып жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2022
Мамкурулуш Баткенде үй курган подрядчы компаниянын башчысын таппай жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0