Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Япониянын экс-премьери: Москва Киев менен жаңжалды ийгиликсиз аякташы мүмкүн эмес

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЯпониянын мурдагы премьер-министри Ёсиро Мори. Архив
Япониянын мурдагы премьер-министри Ёсиро Мори. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
Моти 2000-2001-жылдары япон өкмөтүн жетектеген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Япониянын мурдагы премьер-министри Ёсиро Мори Киев менен болгон жаңжалда Москванын ийгиликке жетпей калышы дээрлик мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу Киодо маалымат агенттиги жазды.
Ал Япония-Индия ассоциациясынын (Japan-India аssociation) жыйынында чыгып сүйлөдү.
Саясатчы Токиодогу жолугушууда: "Чын эле Украинага мынчалык көп күч жумшаш керекпи? Россия утулуп калышы мүмкүн эмес", — деди.
Мори ноябрда уланып жаткан жаңжалдан улам украиналыктардын башына түшкөн кыйынчылыкка президент Владимир Зеленский күнөөлүү деп айткан. Экс-премьер япониялык маалымат агенттиктерин сындап, алардын чыр-чатакты бир жактуу чагылдыруусу ага Европа менен АКШдан келген кабарларга гана таянгандай таасир калтырганын белгиледи.
Моти 2000-2001-жылдары япон өкмөтүн жетектеген.
АКШнын M1 Abrams танктары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Эксперт: Abrams, Leopard 2 украиналыктардын ден соолугуна зыянын тийгизет
Жаңылыктар түрмөгү
0