Ташкент, Алматы жана Кытай архивдеринде кыргыздын тарыхы катылып турат. Маек

CC0 / Internet Archive Book Images / Harold B. Lee LibraryКөчмөн кыргыз үй-бүлөсү Сары-Камышка көчүп баратат. Архив
Көчмөн кыргыз үй-бүлөсү Сары-Камышка көчүп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Жазылуу
Архивдерде сакталып турган кыргызга тийиштүү көп документтерди иликтеп, ташка тамга баскандай тарыхыбызды тактап алууга мамлекет кызыкдар болушу керек.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Ташкент, Алматы архивдерин казып изилдеп келе жаткан тарыхчы Кыяс Молдокасымов болду.
— Ташкенттин архивинен көп нерсе тапканыңызды айтып жатасыз. Бөлүшө кетсеңиз?
— Ташкенттин архиви өтө бай. Өзбекстандын мамлекеттик борбордук архивинде иштеп баштаганыма быйыл 35 жыл толот. Алгач 1988-жылы баргам. Азыр да улантып жатам. Мурда тарыхчылар өз темабызга жана кызыкканыбызга жараша эле изилдөөбүздү жүргүзүп келсек, эми кыргызга таандык кандай материалдар бар экенин казып жатабыз. Буга чейин Алматынын архивин дээрлик 80 пайыз иликтеп көргөм. Быйыл Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата ага тиешелүү кандай архивдик материалдар бар экени кызыктырды. Кыргызстан маараке өткөрүү жагынан алдыга чыктык. Бирок ошол тарыхый инсандардын архивдик документтери дале такталбай, өзү илимий негизде изилденбей эле той-тамаша менен маараке жыйынтыкталып калууда. Молдо Нияздын кайсы жылдары кандай шартта жашаганы, чыгармалары, ырындагы тарыхый каармандардын баары комплекстүү түрдө изилденип жатат. Анын кайсы болуштукта жашаганы аныкталды. Айрымдардыкын тактоо кыйын. Ансыз ал тууралуу маалыматтарды казуу мүмкүн эмес. Алгач Найман болуштугунда жашаганбы деп көп материалдарды карадым. Бирок ал жерде, тилекке каршы, табылган жок. Тиешелүү материалдар коңшу Маргалаң уездинен чыкты. Молдо Нияздын туулган жылы божомол менен айтылып, каза болгондугу 1896-жыл делет. Бирок китебинде 1897-1898-1899-жылдары жазылган ырлары да турат. Анда Курманжан датканын балдарынын дарга асылганы, неберелери Сибирге айдалып, кайтып келгени да жазылган. 1898-жылы Анжиянда чоң кандуу окуя болуп, кыргыздын бычакка сап уулдарынын каза болгону, сүргүнгө айдалганы баяндалган. Ошол болуштукта жашагандардын тизмеси бар. 1895-жылдан 1905-жылга чейинки үч тизме таптым. Анын биринде Молдо Нияз Эрназаров деген фамилия кездешти. Ал эми 1904-1905-жылдардагы Найман болуштугундагы Кара-Найман коомунда жашагандардын тизмесинде Молдо Нияз Назаров деген фамилия кездешип жатат. Орустар кээ бир фамилияларды адашып жазып алган. Экөө бир эле айылда экенин тактагам. Демек, 1896-жылы каза болгон эмес. Берки тизме дагы такталат. Молдо Нияздын бала окутканы тууралуу да маалыматтар бар. Аларды архивден тапсак, агартуучулук ишмердиги аныкталат. Молдо Нияз үңкүрүндө 25тей баланы окутканы айтылып жүрөт.
© Sputnik / Асел АкматТарыхчы Кыяс Молдокасымов
Историк Кыяс Молдокасымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Тарыхчы Кыяс Молдокасымов
— Молдо Нияз боюнча изилдеп калышыңызга себеп эмне? Же ага мамлекет көңүл бурдубу?
— Молдо Ниязды мурда эле изилдөөгө белсенип жаткам, бирок "Молдо Нияз" фондунда Айтмат Азамжан уулу деген жаш жигит бар. Ал залкардын 200 жылдыгына карата изилдей турган талаш жерлери бар экенин айтып, соңку беш жылдан бери чоң аракеттерди жасап жатат. Азыр ошол үңкүрдү реконструкциялоо ишин колго алды. Молдо Нияздын маданият үйүн куруп, мурастарын изилдеп, китептерин чыгарып интеллектуалдык маараке өткөрүүнү пландоодо. Кыргызстанда мааракелерди өткөрсө боз үйлөр тигилип, канча кой, жылкы союлуп, ашказандын тоюна айлантып жиберип жатабыз. Мында Молдо Нияздын артында эстелик катары эмгектери калсын деген ой бар. Демилгени ТЮРКСОЙдун жетекчиси Султан Раев да колдоп, Молдо Нияздын китеби түркчө которулса Түркиядан чыгарып берерин айтып, Анкарадан 200 жылдыкты белгилөөнү иш планына киргизип койду. Омор Соороновдун китептери менен кошо Молдо Ниязга арналган бардык эмгектери басылып чыгат, муну менен бирге кол жазмаларынан бери түркчөгө которуп, докторлук диссертациялар жакталып жатат.
— Архивден башка инсандар тууралуу керектүү материалдар да табылса керек?
— Өтө көп. Себеби Түркестандын генерал-губернаторунун борбору болгондуктан Ташкентте көп архивдик маалыматтар, биздин дээрлик 1917-жылга чейинки документтер сакталуу. Борбордук Азиядагы негизги окуялар боюнча да көп нерсе аталган өлкөдө. Молдо Нияздын каармандарынын бири Молдо Ашырды ушул барганда иликтеп көрдүм. Ал киши Полот хандын убагында көтөрүлүшкө чыккан активдүү идеологдордун бири болгон. Өмүрүнүн акырына чейин Абдылдабектин жанында жүргөн. Кийин өз мекени Зардалыдан (нойгут-кыпчак уурусунан болот өзү — ред.) орустар кармап сүргүнгө айдаарда жолдон качып, кичи мекенинде тоо арасына из жашырат. Өзбекстандын адабиятында, китептеринде Молдо Калбек Муса уулу ибн Андижани деген белгилүү акын бар. Аны өзбектер менчиктештирип жүрөт. Мен 2003-жылы анын Алымкул аталыкка жазган "Көк дептер" деген ырын талдадым. "Бул Алымкул аталыкка тууганмын деп жатат (Алымкул аталыкты Молдо Нияз да, Молдо Калбек да абдан жакшы жазган — Молдокасымов). Бул накта кыргыз экен деп макала жаздым эле. Арадан 20 жыл өтүп, Молдо Калбек тууралуу материалдарды бүгүн таап жатам. 1878-жылы аны Жетим хандын көтөрүлүшүнө катышып, Мамыр мергендин жанында болду деп Воронежге сүргүнгө айдаганы жана анда мекенине кайтууга арызданып кайрылганы, үй-бүлөсү, Ноокен болуштугунда бий болуп турганы жана сабаттуу адам болгону тууралуу маалыматтар Ташкенттен табылды. 1878-жылы өз ырында деле он жыл сүргүндө жүргөнү (канча жыл жүргөнү жакында такталат — К.Молдокасымов), Воронежден мекенине кеч кайтканы тууралуу жазган. Токтогул акындан 20 жыл мурда айдалган. Буга чейин өзбек акыны деп келгенбиз. Бүгүн анын туугандары, урпактары Ноокендин Чоң-Багыш айылында жашап жатат. Тилекке каршы, Өзбекстандагы архивдик материалдардын көчүрмөсүн алуу бүгүнкү күндө өтө кыйын. Башкача айтканда, барактын бир бети эле 450 сомду түзөт. Эгер 100 беттик архивди ала турган болсоң 45 миң сом. Япония, Европадан келген окумуштуулар деле кымбаттыгынан улам көбүнчө кол менен көчүрүп отурат. Бирок керектүү документтердин көчүрмөсүн алуу керек. Кыргыз эли, тарыхчылар маалыматка ошондо гана ишенет. Бул жаш тарыхчылар үчүн керек. Мамлекет буга көңүл бурса. Келечекте ушул жол менен кете берсек кийинки тарыхчылар изилдөө иштеринде абдан кыйналып калат.
Судейский менен Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде (азыркы Фрунзе жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилиши) жайгашкан дарыкана менен амбулатория. Пишпек, 1890-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2023
Бишкек кантип шаарга айланган? XIX-XX кылымдагы сүрөттөр
— Географиялык тактоолорду да киргизип жатыптырсыз...
— Алматынын жана Ташкенттин архивинен мындай материалдардын көчүрмөсүн жана жазылышын да алгам. Түркияда ар бири түрк, азербайжан тилине которулуп, анын баары Ташкенттин архивине таянган. Биздеги жер-суунун аттары славян тилине которулуп, ал бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жатат. Ошол аталыштардын баары кантип, качан, кандай шартта, кимдердин өтүнүчү менен коюлуп калганы тууралуу материалдар жогорудагы архивде бар. Кыргыздын белгилүү инсандары Алымкул аталык, Полот хан, Курманжан датка жана анын балдары, ошол кездеги эл мыктылары тууралуу архивдик документтер аябай көп.
— Жакында Алматыга дагы барат экенсиз...
— Алматыдагы архив Ташкенттикинен айырмаланат. Анткени ал жакта документтер так жүргүзүлгөн. Адамдын бала-бакырасы, мал-жандыгына чейин жазылган. Ал эми Ташкентте бул үстүртөдөн берилиптир. Молдо Нияздын үй-бүлөсү, жаш курагы, балдары тууралуу маалыматтар Ташкентте жок болууда. Кыргызстандын түштүгү жана Талас облусуна тийиштүү архивдик документтер өтө солгун изилденген. Буга байланыштуу архивдик материалдар Ташкентте гана сакталган. Түркестан генерал-губернаторлугунда Фергана, Сырдарыя, Самарканд жана Жети-Суу облусу болсо, ушулардын ичинен Сырдарыянын архивдик документтери Ташкентте. Буга да кезек келет. Мында бүткүл көчүрмөсүн ала албасак да тактап коюу маселеси жаралып жатат.
— Эгемендик алгандан бери тарыхыбызды жаңыртууга эмне тоскоолдук жаратып жатат?
— Биринчиден, мамлекеттин тарыхка жасаган кайдыгерлиги. Кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы элбиз. Ал тууралуу академик Бартольд, белгилүү окумуштуу Радлов жана башкалар жазып кеткен. Кытай жазмаларында кыргыздардын аталышы б.з.ч. 201-жылдары белгиленген. Сыма Цяньдын "Ши цзы" деген эмгегине таянып кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын да белгилегенбиз. Бирок, тилекке каршы, коңшу өлкөлөр, өзгөчө Казакстан архивдик изилдөөлөргө аябагандай чоң көңүл бурду. Чокон Валиханов атындагы Тарых жана этнология институту бир жылга 1,5 миллиард теңге (175 миллион сом) бөлүп жатат. Ушунчалык бай тарыхыбыз болсо да эгемендик алган жылдардан бери архивдик изилдөөлөргө көңүл бурбай келебиз. 2018-жылдан бери Кытай менен иштешип төрт жыл ичинде 10 миңге жакын маалымат табылды. Бирок каражат бөлүнбөгөндүктөн эски кытай тилинен кыргызчага которулбай турат. Кытайдын тарых изилдөө институту менен "Мурас" фонду биргелешип, келишим түзүп иштешүүнү баштадык эле. Кытайдагы эң белгилүү окумуштуу, профессор Ю Тайшан 2019-жылы кыргыздар тууралуу маалыматтар кытай жазмаларында 2200 эмес 3000 жыл мурда жазылганын өз иликтөө, макаласында жазып чыкты. Ошол 2019-жылы жарык көргөн жаңы архивдик табылгалардын негизинде жазылган жыйнак бүгүнкү күнгө чейин которулбай келди. Аны кыргыз мамлекети "өзүбүз которуп элге жарыялайбыз" деп убада кылганбыз. Бирок биз каражат таба албай, кытайлык кесиптештер айкөлдүк кылып "чайнап берсек да, жута албай койдуңар. Буга эми өзүбүз каражат таап берели" деп 2022-жылдан бери котортуп жатат. Быйыл бүтөт. Ошол жыйнакты буюрса кыргыз тилинде жарыкка чыгарабыз.
© Sputnik / Дильноза АлымоваТарыхчы Кыяс Молдокасымов
Председатель общественного фонда Мурас при аппарате президента КР Кыяс Молдокасымов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Тарыхчы Кыяс Молдокасымов
Архивдик материалдарга эле эмес, археологиялык изилдөөлөргө акча бөлүнбөгөндүктөн жер астындагы баалуу металлдарды, археологиялык табылгаларды кадимки каракчылар атайын аппараттардын жардамы менен таап алып чет жерде аукционго коюп сатып жиберишүүдө. Каражат бөлүнбөгөн өгөйлүк мамиле тарыхка кайдыгерлик болуп саналат.
— Алматыда эми кайсы багытта изилдөөлөрдү жүргүзгөнү жатасыз?
— 1916-жылдарга тиешелүү бир топ материалдарды тактап койгом. Кыргыздын чиеленишкен тарыхынан улам ар кайсы мезгилде болуп өткөн көп окуяларга али кол тийбей жатат. Канчалаган тарыхый инсандарыбызга тиешелүү документтердин дыңы бузула элек. Архивдик фонддогу документтердин 20 пайызы кыргыздарга тиешелүү. "Эт жебесек да шорпо ичели" дегендей, жок дегенде аталышын алып турсак, азыркы президентибиз деле "архивдик материалдарга көңүл бурабыз, тарыхчыларга жардам беребиз" деген жакшы сөздөрүн айтты. Ошол ишке ашып калса, алыс барбай эле коңшу мамлекеттерден эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен архивдик документтердин санариптик формасынын көчүрмөсүн алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калат. Түп нускасын бербейт. Жок дегенде көчүрмөсүн алып алсак да тарыхчылар үчүн абдан пайдалуу эле. 2017-жылдан бери Алматыга бара элекмин. Мурда баштап аягына чыгайын деп калган иштерди жыйынтыктап келем.
Ат-Башыдан чыккан Матай бийдин эстелигин куруп болжолдоп 200 жылдыгын аябагандай чоң той менен өткөрүштү. Ал Эдил Байсаловдун чоң атасы. Кийин архивден карасам, ал кишинин туулгандыгына 200 жыл толбогондугу далилденген. Ошондой эле Балбай, Тилекматтар да архивден каралбай болжолдоп белгиленген.
— "Тарыхты каза бергенде эмне, андан көрө келечекке кадам таштоо керек" дегендерди угабыз. Тарыхтын маани-маңызы тууралуу пикириңизди айтсаңыз?
— Биз мурда архивдик материалдарга, санжыраларга таянып, элге жеткиликтүү тилде тарых жаза албай келгенибиз ошондон. Ар бир тарыхчы окумуштуунун бир тандап алган темасы болот да, ошол теманын негизинде гана архивдик изилдөөлөрдү жүргүзүп, калгандарды изилдөөгө мүмкүнчүлүгү да болбойт. Эгер биз түпкүлүктүү тарыхыбызды жаңы бир өңүттөн изилдеп жазууну кааласак, бизге ошол табылгалар аба менен суудай керек. Өткөн тарыхыбызды терең билип, анын сабактарын алып турбасак келечекте кайра адашабыз. Алгачкы тарыхчылардын бири Осмонаалы Сыдык уулу "жаштардын мекенин сүйүп, кечээкисин билип, эртеңки күнгө ишенимдүү кадам таштоосу үчүн тарых керектигин" жазат. Кээде "бул өлкөнүн келечеги жок калды, башка жакка кетишибиз керек" деген сөздү угуп калабыз. Бул тарыхын билбегендиктен мекенчилдик сезимдин өлгөнү болуп эсептелинет. Эгемендиктин баа-баркын, тарыхыбызды мыкты билгенде өнүккөн өлкөлөрдөй өнүгүүгө чындап бел байлайбыз. Тарыхыбызды билбесек эркиндигибиз менен эгемендигибизди баалай албай калабыз.
Араб жазуулары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2023
Молдо Нияз кыргызда өз колу менен китеп жазып калтырган жалгыз инсан. Маек
Памир, Ванда жашаган кыргыздар. Журтташтарыбыздын архивдик сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2023
Памир, Ванда жашаган кыргыздар. Журтташтарыбыздын архивдик сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0