ЖМК: Америкага чындап кооптуулук туудурган жаңжал Мексикада башталды

© AFP / JUAN CARLOS CRUZМексиканын аскер кызматкерлери
Мексиканын аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Жазылуу
6-январда Мексиканын Синалоа штатында Овидио Гусман Лопес аттуу баңгизат сатуучуну колго түшүрүү учурунда укук коргоо органдарынын 10 кызматкери өлтүрүлүп, 19 кылмышкер жок кылынган.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Мексикадагы жана анын башка өлкөлөр менен чектешкен аймактарындагы башаламандыктар — америкалыктарга чындап кооптуулук туудурган жалгыз жаңжал. Мындай пикирин теле алып баруучу Такер Карлсон менен Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Чынында америкалыктарга таасир бере турган жаңы согуш Мексикада башталды. Мексиканын Куралдуу күчтөрү, армиясы Синалоа картели менен күрөшүп жатат. Буга Синалоанын баласын камакка алуу себеп болду", — деген Карлсон.
Анын бул пикирин Макгрегор да колдоп, Вашингтон Мексикадагы бул көйгөдү чечкендин ордуна Украинадагы согушка көбүрөөк кызыкдар болуп жатат деген оюн кошумчалаган.
"Украинадагы жаңжалда ири акча айланууда деген божомолдор бар, менимче, алар Мексикадагы аскердик аракеттерден финансылык пайда көрүшкөн жок. Ошол эле учурда Украина дагы, Мексика дагы коррупциялашкан өлкө экендигин унутпоо керек. Чек араларды жабуу, чек арадан мыйзамсыз өткөндөрдүн агымын, адам сатуу, баңгизатын токтотуу менен күрөшүү эч кимге акча алып келбейт да", — деген Макгрегор.
Буга чейин ЖМКлар Мексикада Чычкан деген каймана аттуу Овидио Гусман Лопестин кармалганын жазышкан. Ал — Коротышка деген ат менен белгилүү болгон наркобарон Хоакин Гусман Лоэранын уулу. Бул жагдай Синолоа штатындагы Кулиакан шаарынын көчөлөрүндө атышууларга жана аёосуз мушташтардын чыгышына алып келген.
Гусман Лопес АКШ экстрадициялоону талап кылчу кылмышкерлердин болжолдуу тизмесинде. Ал баңгизат жеткирүүнү уюштуруп келет деп айыпталууда. АКШнын Гусманды экстрадициялоо боюнча кайрылуусуна Мексика ага карата мындай чаралардын мөөнөтү 2019-жылы өтүп кеткен деп жооп беришкен. Ошол эле учурда Мексиканын өзүндө ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп келет.
Баңгизат сатуучуну кармоо операциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2023
Мексикада наркобаронду кармоо учурунда 29 киши каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0