Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата эскерүү концерти өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАкын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу аземи. Архив
Акын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2023
Жазылуу
42 жашында оорудан көз жумган көп кырдуу талант ээси Элмирбек Иманалиевди эскерүү "Төкмө келсе төр бошот" деген аталышта өтөт.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз эл артисти, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти болот. "Айтыш " комдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов иш-чара акындын туулган күнүнө карата уюштурулганын билдирди.
Концерт 16-январда саат 18:00дө башталат.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон. 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.
Залкар төкмө акын Элмирбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Элмирбек Иманалиевдин китеби казак тилине которулду. Бет ачары Алматыда өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0