Өмүр жолун өтөө — жазмыш, өнүп-өсүү — милдет. Жолго ода

© Sputnik / Табылды КадырбековМал айдап бараткан адамдар. Иллюстративдүү сүрөт
Мал айдап бараткан адамдар. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2023
Жазылуу
Шаакан Токтогул бул ирет жолго ода жазган. Колумнист өмүрдү, турмушту, жашоону, тирүүлүктү жол деп элестетүү каныбызга сиңген дейт.
Киши затынын бу дүйнөгө келиши түптүү маданияттарда жолго аттануу, өмүр жолун баштоо түшүнүгүнө салыштырылат. Турмуш курганда, кесип тандаганда, жаңы иш баштаганда, сапарга аттанганда "Тандаган жолуң даңгыр болсун", "Ак жол каалайм", "Жолуң ачык болсун", "Жорткондо жолуң болсун" деген бата-тилектерди бири-бирибизге ар дайым айтып келебиз.
Ошондонбу, кыргыз жашоосунда жолго байланыштуу ишенимдер, ырым-жырымдар, салыштыруулар, туруктуу сөз айкаштары абдан көп. Ошол көп билимге умтулуп жүргөндөрдүн бири катары сапарлаш, жолдош, катарлаштарыма катжазмамды сунуштайм…

Тизгин жаяр

Жол бул бир башталыштан экинчи бир башталышка алып бара турган нук. Ал нук менен кишилер көп убакытка тынымсыз каттап отуруп жолду пайда кылат эмеспи. Бир кишинин басыгы билинээр-билинбес из калтырып чыйыр салынат. Анын артынан башкалары жүрө-жүрө жалгыз аяк жолго айланат. Андан унаалардын түрү каттаса даңгыр жол пайда болот эмеспи. Жер жер болуп жаралганы аны мекен кылган кишизаты туш тарапка жол чалып, жол салып, жол таап жашап келе жатпайбы… Ошол кыйма-чийме, ар башаттан башталып, ар багытка алып барган жолдорго салыштырып руханий түшүнүктөрдү жаратса керек ата-бабам!

Жолдун түрлөрү

Өмүр жолу — киши а деп жарык дүйнөгө келгенден оо дүйнө узаганга чейинки тирүүлүгү, тирлиги, барлыгы! Өмүр жашына карай узуну бар, кыскасы бар. Өлчөнүү экени анык. Кишилигине карай нарктуусу, барктуусу, тайкысы бар. Бааланары да бышык. Өмүр жолун өтөө — кишилик жазмыш. Ал жолдо баратып өсүп-өнүү, агарып тазаруу — милдет!

Өнөр жолу

"Билим айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет" деген макал бар. Кайсы заманда чыкканын ким билсин, бирок билимдүүлүктүн арты менен кишинин айга конгонун көрдүк… Ал эми өнөрдүн көккө жеткирмеги кандай?
Жараткан улуу кудуреттин өзүн "ак" деп кабылдап, сый-урмат кылып, тергөө тээ байыртан болгон. Жаратканды чексиздик менен теңештирип "көк" деп кайрылган жагдайлар да бар (Көк Теңири, Көк ээси, Улуу көк д.с.). Ушуга таяна турган болсок, анда өнөр бул жараткандан жалганып, өркүндөтүп отурса жараткандын өзүнө алып бара турган жол. Ал, албетте, ошол өнөр аркылуу термелип, тунуп, өзүнө сүңгүп кирүү, өзү аркылуу акты, акыйкатты таануу, аруулануу, тазалануу эмеспи. "Өнөрдүн жолу – улуу жол" деп ошондон улам айтылса керек. Өнөр менен карын курсак тойгузуу эле эмес, өргө чыгуу, бийиктеп өсүү киши милдети тура…

Турмуш жолу

Турмуш жолу албетте түгөй тандап, жар күткөндөн соң баштала турган жаңы нук. Бүлө күткөндө турмуш жолуна аттанды дегенибиз ошондон. Турмуш бул сыноо деген да бар. Ал эми сыноо кишинин курчуп, ачылышы үчүн берилет да. Кишилик акыл тажрыйбасын турмуштан үйрөнөбүз. Кайгысына кубаныч шерик, санаасына үмүтү шерик, каргышына бактысы шерик турмуш жолунун чындыгы баарыбызга сабак эмеспи…

Тагдыр жолу

Өмүр уланып, турмуш куралып, өнөр өркүндөп отуруп толук кандуу киши калыптанат. Турмуш жолу — өйдө-ылдыйы менен, өнөр жолу оор, жеңили менен, өмүр жолу оош-кыйышы менен кишинин тагдырына буйруган тартуу. Ушул ар башаттан башталган жолдор тагдыр жолунда кошулат, биригет. Тагдыр жолунда бирине атак, бирине дөөлөт, бирине бак-таалай айтат. А бирөөгө сыноо берип кем кылат, бирөөнү болсо телегейин тең кылат.
Суусамыр өрөөнүндө ат минген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Жанды кадырлап күтмөк — айтылбаган сабак. Жан түшүнүгүнүн сыры

Ак жол

Акыл-эстүү кишинин, кудайды таанууга, агарып, тазарууга аң-сезимдүү түрдө умтулуусу. Ак жолдо бараткан жандын абийири кыйналбайт. Анткени ал арсыздыкты жасабайт. Бирөөнүн көөнүн калтырбайт. Оюн, боюн асыл тутат…

Жолдун түрлөрү

Чоң жол — негизги каттам жүрө турган башкы жол.
Даңгыр жол, кара жол — асфальт төшөлгөн жол.
Кан жол — кан да өткөн, кул да өткөн эчен тарых, эчен салтанат, эчен тагдырларга күбө болгон жол. Кээде эң негизги, ири жолду дагы туюнтат.
Жалгыз аяк жол, бир таман жол — табият менен коюндаш, моюндаш болгон, тоо-токойду, талааны аралаган кайра-кайра каттаган кишилердин изинен пайда болгон жол.
Таш жол — таш кыналган жол.
Таштак жол — майда шагылдуу жол.
Боз жол — боз топурактуу, чаңдуу жол.
Төтө жол — бир маанисинде ой-кырды аралап өткөн кыска жол, башка маанисинде жаңы салынган, башталып жаткан жол.
Чыйыр жол — бир багытка бет алган алгачкы кадам, жол жок жерге билинээр-билинбес салынган из….

Жолдо жасалчу ырымдар

Жолго аттанып жаткан кишиден буюм, кийим, акча алып калбайт, сурабайт.
Айрым аймактарда алыска жолго чыгып жаткан кишиге нанды бүтүн боюнча тиштетет. Ал киши кайра кайрылып келмейин сактап коюшат. Бул ырыскы күтөт деген ишеним. Үйдө ырыскы күтүп жатканда аман-эсен келет, кайра ушул үйдөн ырыскы буюрат деген ырым…
Тоолуу аймактарда жолго аттанып жаткан кишиге ак сунат (көбүнесе кымыз, кымыз жок болсо айран, суусундук). Аттана турган киши атчан болсо, ат жалы ыйык деп оболу аттын жалына тамызып, анан уурттайт. Түгөтө ичпейт.
"Жер албагыр" деген каргыш бар. Бул каргыш жашоодо жарыгы жок, кылган иши, жүргөн-турганы моралдык этикага сыйбаган, абийирсиз адам каза болуп жерге берилсе, жер албай коёт деген ишенимден улам ошондой кишилерге карата айтылып калган.
Көч-көч ырымы да жолдо жасала турган эски ырым. Ырым боюнча киши катуу сыркоологондо, дабасыз дартка чалдыкканда, оорулуунун илдетин тоокко же кой-эчкиге көчүрүп (көч-көч дубасын тынымсыз кайталоо менен) ошол жаныбардын сөөгүн жолдун айрылышына көөмп койгон.

Жолго ода

Кишинин а деп жарык дүйнөгө келгени жарыкчылыкта жол баштаганы эмеспи. Жолу ачык болушу үчүн ата-энеси эл журтунан ак бата алып берет да. Ошондо деле акжолтойлук кишиге буюрган дөөлөт. Өзүнүн да, өзгөнүн да жолун байлаган каражолтой болуп калгандан кудай сактасын.
Алгач ата-эне акыл-насаатын айтып жолго салат. Андан ары устаттары жол көргөзөт. Жолду билген жакшы жандардан жол сурап жашоосун улайт. Жашоодо ийгиликтерге жетиш үчүн жолдугун кылса, жолу оңолот. Жан дүйнөсүнүн, ички сезимдеринин абалына ылайык түмөн түр жолдош күтөт. Белгисиздикти беттесе алгач жол чалып көрөт. Улуулар, билгилерден жол талашпай жолу улуусун сыйлап, өз жолун табат. Жол тоскон жакшылар бар, жолбундар да жолдон жолугат, зыянын тийгизгени бар, тийгизбегени бар. Жол карап жүргөн жан жолдош жалгыз. Орто жолдон ага жолугуп, турмуш жолунун ой-чуңкурунда көмөк, өйдөлөсө өбөк, ылдыйласа жөлөк табат. Бара-бара ишин, өз жашоосун жолго коёт. Жолун жолдоочулары, жолун улоочулары урпактары артынан кошо өсөт. Ошентип киши тирүүлүгү өзү жол, киши болсо андагы жолоочу…
Улуттук кийимчен айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Күч-кубатка табынып аял багын, мээримге жалынып эркек кутун табат. Бүлө күтүү
Жаңылыктар түрмөгү
0