Жанды кадырлап күтмөк — айтылбаган сабак. Жан түшүнүгүнүн сыры

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүСуусамыр өрөөнүндө ат минген адам. Архив
Суусамыр өрөөнүндө ат минген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Жазылуу
Колумнист Шаакан Токтогул адам баласы түмөн түйшүктөн улам жанына көп көңүл бурбай калары тууралуу жазган. Макалада күнүмдүк турмушта анча маани бере бербеген жандын сырын түшүндүрүүгө аракет жасалды.
...Киши көп, эмканада кезекте турабыз. Ооруган жан, кыйналган жан. Кимиси кишинин көптүгүнө, кимидир ишинин көптүгүнө кабатыр жан. Түйүлгөн кабак, үйүлгөн кабак. Карасам, назик, чырайлуу жарынын көкүрөгүнө башын жөлөп сүйүлгөн кабак. Жашоо жарык боло түшкөнсүдү. Качанкы жагылган чырактын кичирейе түшкөн оту билигин чоңойткондо дүрт эткендей, элжиреп кеттим. "Жаным", "жаным" деп илбериңки шыбырашат… Боюна бою жарашкан жуптардын ойлору да бап келгенсип турду. "Жан түгөйлөр экен" дедим. "Бирине-бири жаны ынак, бирине-бири жаны шерик болсун" деп тилек кылдым.
Катарымдагы жаш жубайларды карап андан ары ой чубадым, "жаным", эмнеге көңүл сүйгөн кишибизди ушинтип атап калдык азыркы түгөйлөр. Жандык деңгээлде таанып, сезип, кабылдаганыбызды билгизиш үчүн го, ээ? Жандык деңгээл өзү кайсы бийиктик, жандын өзү кандай көрүнүш же кандай түзүлүш деген собол ансайын кызыктырды.

Ар кайсы окуу, таанымдарда жан түшүнүгү

Байыркы буддизмде "Жан" түшүнүгү "аттман" деп аталып, ал ар кандай энергиянын агымы катары бааланган, анын түбөлүктүгү, өлбөстүгү, улам, кайра жарала берүүсү тууралуу окууларда айтылып келген. Ал эми Будда окуусунда жандын жашоосу чынжырлаш экени, эскиси кетип жаңысы келери, жандын жыргалчылыгына эмес, жандын асылдыгына умтулуу керектигине чакырык таштаган.
Христианчылыкта жан — бул кишинин материалдык эмес жашоосу.
Суфий окууларында жан түшүнүгү жогорку аң-сезимдин космостук статусу катары аныкталып, киши аң-сезиминин эң жогорку жеткен чеги деп бааланган.
Ислам дининде жан — бул адамга салынган Жараткандын (алланын) деми.
Айрым философиялык окууларда кишинин кудайлык дарамети, табияты камтылган өлбөс субстанция, материалдык эмес абал жан деп түшүндүрүлөт.
Ал эми психология илиминде жан бул — кишинин аң-сезим тутумунун жыйындысы.

Сүрөттөлүшү

"Чымын жан" деген салыштыруу менен азыркы илим далилдеп жаткан жандын 5-10 грамм деген чен-өлчөмүн айткандыр… Болбосо, анын утурумдугун, учкулдугун, он сегиз миң ааламдагы чымынчалык баа-баркын айткандыр…
Эң жакын кишилериң ар дайым сени аяп турат эмеспи. Алардын айтаары да белгилүү: "жаныңды бак". Ал эми турмуш күткөн соң бүлөң үчүн жан сабап, жаның төрт чарчы болуп турганын көргөн энекең: "Ай балам, ай, жаныңды күтсөңчү" деп чекеңен аяр сылап коймогу бар. Азыркынын баамы менен жогорудагы эки туруктуу сөз айкашын киши денесине байланыштуу деп кабылдашыбыз толук мүмкүн. Бирок кишизаты жерди мекен кылгандан бери айткан акыл менен, топтолгон тажрыйба менен жашай турган болсо анда аң-сезим өсүп, акыл тунуп, аба жиреп учуп калмакпыз, бир ааламдан бир ааламга сапар алмакпыз… жок, киши табияты өз жаңылыштыгын жасоо, өз катачылыгын кылып көрүү, өз жанын сабоо, өз жанын кыйноо аркылуу гана акыйкатка келет. Жан кыйналганда, жанга күч келгенде гана аны сезип, туюп, талдап түшүнүү жолуна түшөбүз. Анан жакындарыбыз айткандай жаныбызды багып баштайбыз, энекебиз айткандай жаныбызды күтө баштайбыз. Жогоруда айтылган кыйынчылык көргөн жандын агарып тазаруусу, демек, от менен тазалагандай арууланат.
Ал эми кыйынчылык көрбөгөндөр, кыйынчылыктан таза абийир менен эмес амал менен, арамзалык менен жол тапкандар, жандын тазалыгына умтулбагандар, үңүлбөгөндөр "жан бакты" болуп калат.
Улуттук кийимчен айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Күч-кубатка табынып аял багын, мээримге жалынып эркек кутун табат. Бүлө күтүү

Жан сыпаттамасы

Бул сыпаттамалар эл арасында байыртан айтылып келген. Элдик түшүнүктөргө ылайык эркин чечмеленди.

Ортодон төмөн карай

Тынч жан, жаны тынч киши. Умтулбаган, умсунбаган, ток пейил, кой оозунан чөп албаган кудайдын момуну. Жанынын абалы тынчтыкта. Ал тынчтык балким жандык деңгээлде ааламдык акыйкаттан кабары бардыр, ошондуктан көр дүйнөнүн көзү жок жетеленмесине алдырбайт. Же болбосо, жаны акыйкатты аңдап биле элек, ойгоно элек, жанын аңдап биле элек адамдыр.
Жаны бекем, тырышчаак, аракетчил киши. Тирликке тың, оокат-жайлуу, эл арасында кадыресе жашоого дилгир. Жанынын абалы: аң-сезимдик, руханий баалуулуктарга кайдыгер болгондуктан жаны тынчытпайт. Бирок терс иштерди анчейин жасай бербегендиктен азаптанбайт деле. Жаны ара жолдо.
Тынчы жок жан, жаны тынбаган киши. Ойго да түшүп, тоого да урунуп, ар ишке бир чуркап, майнап чыкпаса деле болбогон, болбосту болтурам деген, толбосту толтурам деген киши. Жанынын абалы: жан өзүн тааный элек. Жан ордунда эмес, тактап айтканда, дене менен жан шайкештикте эмес.
Карып жан, байкуш киши. Мажүрөө, алсыз, ызакор, муңдуу, кейикчээл, оорукчал. Жанынын абалы: жандын жашоо оту алсыз, жанга билик болор, карманар эч нерсе жок, өмүр оту өчүп калары да мүмкүн, быкшый-быкшый желаргы жүрсө жанып, жарык болору да ыктымал.
Курган жан, жашоо деми байкалбаган илең-салаң киши. Турмушта артынган жүгү, тарткан түйшүгү өзүнө оордук кылат. Алы аз, сүлдөрү эле калган. Жанынын абалы: жаны денесинен же адашып калган, же таштап кеткен.
Жаны жок, шумпай, куу тумшук, арамза киши. Жеке кызыкчылыгы үчүн ар кандай пастыкка бара берет. Ал үчүн эч ыйыктык жок. Жанынын абалы: жаны карарып кеткен. Кара күчтөргө багынган.

Ортодон жогору карай

Жаны улук, жандык деңгээлде аңдап билүү менен жашаган киши. Сырткы сөөлөтүнө дөөлөтү жарашкан, жүзү жайдары, көздөрү токтоо, ач көздүк жок, кадыр-баркка умтулбаса деле татыктуу. Жанынын абалы: дээрлик арууланган жан.
Асыл жан, жандык деңгээлде сезимтал, билги жан. Киши катары тунган, айланасындагыларды да тынчтандыра алган, айтса сөзү таасирдүү, берсе батасы эмдүү, кеби акыл болот, уккан кулак макул болот, жүрө-жүрө түбөлүк накыл болот.
Жаны ар дайым тунуу абалында. Аруу жан, тазалыгынан киши сүрдөгөн, турган турпаты менен айланасын толкунданткан киши. Жүзү чырайлуу, сөөгү сымбаттуу, сөзү кулакка эм, үнү жылаажын, бою таза, ою таза, күткөн үйү, тутунган буюму таза. Эч нерсени далилдебейт. Аракети менен ашкереленет. Жаны ар дайым балкуу абалында

Жан азык

Байыркы элдик билимдерде жанга кубат боло турган, жанга азык боло турган азыктар айтылган. Алар ашыкча эт алдырбай турган, табигый, таза азыктар. Ар бир элдин улуттук тамак-ашына үңүлгөндө гана жанга азык боло турган тамак-аш тутумун табууга болот.
Чымчып жесе жанга пайда, чырым этсе көзгө пайда деген эски макал эзелкинин үлкөн акылын эске салат. Азыркы барчылык менен даяр тамак-аш дене кызыкчылыгын башкарууга шайыбызды келтирбей, бассак-турсак тим турбаган ашказан ашкере эт алуу менен көпшөктүккө алып баратат. Жанга азык болчу кубаттуу, керектүү азыктарды аз, бирок саз жегенде киши акылы тунууга келери айкын. Туура тамактануу чакырыгы дүйнөнү ээрчиткени абдан кубандырат.
Жайлоодо күнгө жылынып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Ак таңдын тилеги жакшы, илеби кандай? Адамзат жан сактоо үчүн жарышка түшкөнбү

Жан машык

Айкөл баянында Эр Агыш көзгө илээшпеген кыймыл менен жүздөгөн киши менен бир убакта күрөшүп, алышып, тебишип, мушташып тайтебиш өнөрүн көргөзгөнү тууралуу айтылат. Андан берки дей турган болсок 17-кылымда жашап өткөн Жаңыл Мырзанын жаагерлиги, тебетейди көккө ыргыттырып, жерге түшүрбөй атып отуруп тытып жок кылганы азыркы экшн кинолордогу каармандардын көзгө илээшпес тездигинин жөндүүлүгүнүн ачык далили эмеспи.
Андан берки десеңиз 18-кылымдагы Нышаа баатырдын жамгырдай жааган октон бийлеп отуруп душман тарапка жетип барганы, көздү ачып жумгуча далай эрди бирдей сулатканы тууралуу санжыралык маалыматтар бар.
Байыркы чыгыш өнөрлөрүнүн негизги максаты жан машыгы экени баарыбызга айкын. Бирок ошол жан машыгы менен биздин кыргыз ата, кыргыз энелердин да машыкканы төгүн эмес.
Уз-усталар узанып, мерген мээлеп атып, зергер зер иштетип, темирчи темирин ийлеп, саяпкер жылкысын, саятчы кушун таптап, саймачы сайып, куракчы курап, күрөшчү күрөшүп, казанчы казанында, баянчы баянында, жолоочу жолунда, ким-кими болбосун күндө жасаган ишин дилгирлик менен, берилүү менен, кылдаттык менен жасап, жөн эле жасабай, жандык деңгээлде кабылдап, сезип жасап ошол иштин чеберине жеткенде дене менен жандын гармониясын табат. Тунат, аңдайт, жыргайт.

Жанга ода

Жараткандан табиятка жан салынып, кишиге да жан берилген соң киши жанынын жердик жашоосу башталат эмеспи. Алгач жан кумарыбыз артып, кызыгып, умтулуп жашап баштайбыз. Жетилген сайын улам жаныбызды карч уруп, тирлик менен алпурушабыз. Жан сабап иштеп, жаныбыз сүйгөн тынчтыкка умтулабыз. Жан жолдош күтүп тилектеш ниеттеш болобуз. Бир күнү жарк деп төбөдөн чагылган ургандай болуп, жан кубанып, жан сүйүнүп кетет. Жан түгөй деген пайда болуп, имерчиктеп, көргөндү, чогуу болгонду жан самап, кимибиз тилегибиз менен, кимибиз аракетибиз менен акыр аягында жан шерик кылып алмайыбыз бар. Анан жаныбыз тынып, тыңып, ишибиз илгерилей баштайт. Магдыраткан сезимдер жанды жыргатат. Бирок кишилик алсыздык жанды кейитет. Кумары азгырып улам жаңыны самап, эскиден супсуну сууп калган да учур болот. Андайда жаныбыз ооруп, жаныбыз жер тартып калат эмеспи. Же жан түгөй себеп, же башка себеп, айтор, жаналакетке түшүп калабыз. Өмүрдөн өлүм ысык көрүнүп, жан чыккыдай абалда калгандар да жок эмес. Жан чыдагыс түйшүгүн жеңип, жаны эргигендер да бар. Андайлар жанын күтүп, жанын багып, жашоо отун жандырган жакшы жагдай жандарына аралжы болуп кетмеги бар. Жашоодон ырахат алып, тирүүлүк демин сезип, жаны тынчыган абалга келет киши. Андайда табиятка уюп, шайкешип, жаны тунат. Улгая баштайт киши. Жанга кубат, жашоого азык болчунун баарын баалап, өткөн арзуусун жанга төтөп кылып, жакындарын, эли-журтун жанга кубат байлап, аздек жарын жанга тирек кылып, келечек урпактарын жанга медер тутуп өрлөй берет. Жан сырын кудай алдында айтып, жанын көккө учурат. Кыргызда денеси жерге жаксын, жаны көккө жаксын дешет. Жаны аруу болсун, арты кайырлуу болсун дешет.

Тизгин жыяр

Киши денесине кандай кам көрсө жанын да ошондой кадырлап күтмөгү айтылбаган сабак, жазылбаган мыйзам болгон. Дененин тазалыгы кандай зарыл болсо, жандын аруулугуна да ошондой умтулушкан. Ошондуктан кыргызда он соолуктун бири жан соолук делген эмеспи.
Жандын соолугу жаныбыздагыларга эле эмес, жалпы табиятка, он сегиз миң ааламга да таасир эте алары эзотерика, кванттык илимдерде айтылып келет. Жан денебиздин ыргагы а дүйнөдүр, бу дүйнөдүр бирдей маанилүү. Ыргак өз нугунан бузулбасын үчүн жаныбызга үңүлүп, жаныбыз сүйгөн ишти жасап, жаныбыз сүйгөн киши менен, жан улуктукка, жан асылдыкка, жан аруулукка умтулууга далалатыбыздын болмогу учур талабы…
Боз үйдүн жанында турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2020
"Эс ообо, эсиңе кел!" Эс тууралуу эки ооз сөз
Жаңылыктар түрмөгү
0