Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленскийдин Америкага сапары эмненин ичинен чыгат? Сереп

© AP Photo / Andrew HarnikАКШынны президенти Жо Байден жана Украинанын президенти Владимир Зеленский маалымат жыйын учурунда
АКШынны президенти Жо Байден жана Украинанын президенти Владимир Зеленский маалымат жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2022
Жазылуу
Америкалык маалымат каражаттары Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдө Украина президенти максатына жетпегенин жазышты. Ошол эле учурда айрым конгрессмендер анын парламенттеги сөзү диалог куруу аракетиндей эмес, спектаклдей сезилгенин белгилешти.
Эмне үчүн Зеленский Жаңы жылга "белек" ала албады? Серепчи Михаил Катков РИА Новости сайтына жарыяланган материалында ушундай суроо салган.
Зеленскийдин АКШга сапары — россиялык аскердик атайын операция башталгандан бери чет өлкөгө биринчи ирет чыгышы. Анда украиналык лидер курал-жарак жана ок-дары менен камсыздоо боюнча макулдашууну көздөгөн. Ошол себептен Конгрессте украиналык жоокерлердин эрдиги, россиялык коркунуч, күн сайын дүйнөлүк коомчулуктун колдоосуна муктаж Киевдин бекемдиги туурасында ал буркан-шаркан түшө узакка сүйлөдү.
Депутаттар Зеленскийди боордошундай кабылдап, анын сөзүн он сегиз ирет дүркүрөтө кол чабуу менен бөлүшкөнү кабарланды. Ошондон улам сураганынын баарын карматып, өтүнүчтөрүн толук аткарчудай туюлган. Бирок ноябрда АКШда өткөн шайлоо аралык шайлоо көп нерсени өзгөртүп койгону маалым. Парламенттин Төмөнкү палатасын Республикалык партия бийлеп калды. Ал эми аталган саясий топ киевдик режимди каржылоого шек менен карай турганын жашырбай келет.
The Washington Post басылмасы Зеленский сүйлөп бүткөндө Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын лидери Кевин Маккарти Украинаны колдой турганын, бирок америкалык жардам кандай пайдаланылып жатканын текшергиси келерин билдирди.
Конгрессмендер Лорен Боберт (Колорадо) жана Мэтт Гаетц (Флорида) бул мартабалуу меймандын сөзүн кубаттамак тургай, алакан да чапкан жок. Техастык депутат Чип Рой бул көрүнүштү кете турган конгресс жетекчилери уюштурган "саясий театр" деп атады. Ошондой эле Hill гезити жыйынга Конгресстеги 213 республикачынын 86сы гана катышканын жазды.
Bloomberg агенттиги демократиялык партия 22-декабрда Киевге 45 миллиард долларлык жардам топтомун бөлүүгө тезинен добуш берүүгө тырышып, экинчи жолкусунда гана ишке ашыра алганын маалымдады. Алгачкысында республикачылар андай демилгеге каршы чыгышкан. Сенатор-демократ Крис Кунстун айтымында, өзүнүн айрым партиялаштары да колдошкон эмес.
Жо Байден Зеленскийди Киевге канча колдоо зарыл болсо, Вашингтон ошончо көмөктөшүү ниетинде экенин ынандырды. Республикачылар көмөктөшүүгө караманча каршы чыгышса да, украиналык армияны ленд-лиз боюнча жабдууга болот. Экинчи дүйнөлүк согуштагыдай жардам алып жаткандар согуштук аракеттерден кийин сакталып калганын гана кайтарары боолголонот.
Вашингтондогу АКШнын Капитолий имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украина боюнча АКШдагы ажырым пикир Путиндин отуна май тамызат

"Тынчтыкты камсыздоочу тартуулар"

Президенттердин деңгээлинде деле баары ойдогудай өттү дешке болбойт. Жеке көрүшүү маалында Зеленский Россиянын президенти Владимир Путинди мазактоодон тартынган жок. Америкалык кесиптеши ага караганда өзүн салмактуу кармады. The Washington Post андай этияттыкты Байдендин Москва менен түз тирешке барууну каалабагандыгы менен түшүндүрдү. Ошол эле себептен Кошмо Штаттардын лидери Украинага M1 Abrams танктарын берүүдөн баш тартты. Байдендин пикиринде, бул НАТОнун биримдигине доо кетирет, анткени анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Россия менен согушкусу жок.
Пентагондун баамында Киевде согуштук машиналар ансыз деле жетиштүү, ал эми америкалык үлгүлөр украиналык аскерлер үчүн өтө татаал келет. Андан мурдараак эле америкалыктар аталган курал бирдиктерин бермейинче "Абрамс" танкын Украинага жөнөтпөй турганын Германия да билдиргенин кошумчалай кетели.
Politico басылмасы Зеленский мындан улам көңүлү чөккөнүн жазып чыкты. Анткени америкалык аткаминерлер жана журналисттердин курчоосунда украиналык лидер: "Биз "Патриоттордон" (бир дивизион эмес) көбүрөөк аларыбызга үмүттөнгөн элек. Өтө өкүнүчтүү", — деп кейиген.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын баамында Байден Зеленский менен жолугушууну согуштук аракеттер жөнүндө олуттуу такташып алуу үчүн пайдаланды. Мында АКШ президенти өзүнүн этияттыгын ага түшүндүрүүгө аракет кылса, украиналык кызматташы Киев Вашингтонго гана таянарын билдирди. Экөө Москва менен келечектеги сүйлөшүүлөргө орток жол табууга тырышканы менен бул академиялык гана талкуу болгонун белгилейт The Washington Post. Ал эми эл алдында Украина лидери бардык территориялар "бошотулууга тийиш" деп кайталап жатты.
АКШнын жана Украинанын  президенттери Жозеф Байден менен Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский менен Байден Ак үйдө эмнени сүйлөшкөнү маалым болду

Көшөгө артында

Россиялык эксперттер бул жолугушуу Зеленскийге караганда Байденге маанилүү болду деп эсептешет. Себеби Киев АКШнын кол куурчагына айланып, анын көз карандысыздыкка ээ болуу далалатынан майнап чыкпайт.
"Америкалыктар Зеленскийди дүйнөлүк даражадагы лидерге теңеп жатып, өздөрү койгон тузакка өздөрү түшүп калышты. Украина президенти америкалык саясатты аныктай аларына ынанып алды. Байден аны чакырып, мындан ары окуя кандай уланарын Ак үй гана чечерин эскертти. Украина мында кеңеш берүүчү добушка гана ээ. Ошол эле учурда Зеленскийди өз эркине коюшпайт", — деген ойдо Россия Илимдер академиясынын АКШ жана Канада институтунун башкы илимий кызматкери Владимир Васильев.
РФтеги Тынчтык орнотуу демилгелери жана конфликтология институтунун жетекчиси Денис Денисовдун пикиринде, америкалыктар жаңжалды өздөрүнө керек деңгээлде улантып туруу үчүн канча зарыл болсо, Киевге ошончо көлөмдө гана курал берүүдө.
"Фронттогу кырдаалды Украинанын Башкы штабындагылардын ордуна Пентагондогулар талдоодо. Курал менен камсыздоо номенклатурасы жөнүндөгү чечимдер да алар тарабынан кабыл алынат. Мындай учурда Киевдин кызыкчылыктары негизги орунда эмес", — дейт ал.
Ошондой эле эксперттердин пикиринде, эгер Украина президенти Кошмо Штаттардын үлкөндөрүнүн көзөмөлүнөн чыгып кетсе, мындай шаан-шөкөт менен тосуп алынмак эмес. Буга абалды тынч жана дипломатиялык жөнгө салуу жөнүндө эч кандай билдирүүнүн жоктугу да таасын далил. Ал эми Зеленскийдин күткөнү аткарылбай калганы америкалыктардын болжол менен жарымы согуштук аракеттерге түздөн-түз катышууну каалабастыгына байланыштуу.
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Global Times: АКШ саясаты Украинада көпкө чейин тынчтык орнобой турганын ачыктады
Жаңылыктар түрмөгү
0