20-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТуман түшкөн чак. Архивдик сүрөт
Туман түшкөн чак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2022
Жазылуу
Шейшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. 20-декабрда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас жана Ысык-Көл аймактарында +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10 градус жылуу, Нарын жергесинде -3...-8 градус суук болот.
Борбор калаада күндүн табы +6...+8, Ош шаарында +8...+10 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Эркиндик бульвардында бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2022
Кайра суук түшпөйбү? 24-декабрга чейинки Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0