Мэр футбол ойноп ЖКга келген жок. Депутаттар ыш маселесин карай албай калды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров "Мурас" достук турниринде
Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров Мурас достук турниринде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Жазылуу
Калаа мэри бүгүн мамлекеттик кызматкерлердин "Мурас" футбол турниринде ойноп жүрөт.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров ыш маселесин караган парламенттеги жыйынга келбей койду.
Депутаттар бүгүн көйгөй тууралуу маалымат алуу үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилерин парламентке чакырган. Бирок мэрдин ордуна вице-мэр Жыргалбек Шамыралиевдин келгенине эл өкүлдөрү нааразы болду.
Депутат Алишер Козуев министрлер кабинетинин орун басарлары, министрлердин келбей койгонун сындады.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев мэрге аппараттан чалышса "келбейм" деп койгонун айтты. Ал эми кээ бир жетекчилер иш сапарда жүргөнүн белгиледи.
© Sputnik / Табылды КадырбековВице-спикер Нурбек Сыдыгалиев
Вице-спикер Жогорку Кенеша Нурбек Сыдыгалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев
"Бишкек шаарындагы ыш маселеси көтөрүлүп жатканда мэрдин "келбейм" деп койгонун элдин ден соолугуна, келечегине кайдыгер караганы деп эсептейм. Ага чара колдонушубуз керек. Бул көйгөйдү мэрдин өзүнөн угушубуз керек эле, анысы аз келгенсип бул орун басары ал тармакты тескебейт экен", — деди Сыдыгалиев.
Ал эми Айбек Алтынбеков мэр шаар көйгөйүн чечүү үчүн эмес, өзүнө майлуу-сүттү жерлерди ыйгаруу үчүн иштеп жатат деп айыптады.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Айбек Алтынбеков
Депутат Жогорку Кенеша Айбек Алтынбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Депутат Айбек Алтынбеков
"Келбейм дегени — элди сыйлабаганы. Бишкектин тургундары эмне болсоңор ошол болгула дегени. Ыш көйгөйүн чечүү биринчи кезекте мэрдин кызыкчылыгында болушу керек эле. Жогорку Кеңеш токтом чыгарып кызмат ордун карашыбыз керек. Ал киши жерлерди өзүнө алып курулуш жүргүзүп жатканын билебиз. Бишкектин эң майлуу-сүттүү жерлерин өзүнө ыйгарганы гана кызматка келген. Шаарды ойлогон жок", — деди депутат.
Андан соң вице-спикер эртең токтом кабыл алып кызматтан кетирүүнү президентке сунуштай турганын белгиледи.
Ошол учурда Мирлан Самыйкожо калаа башчысы футбол ойноп жүргөнүн эске салды.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Мирлан Самыйкожо
Депутат Жогорку Кенеша Мирлан Самыйкожо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Депутат Мирлан Самыйкожо
"Күйгүлтүк түшүп мэрди издеп калдык. Эч ким каякта экенин айта албай жатат. Мэр каякта болмок эле, ал ыш, кыш боюнча иштебей, футбол ойнош керек. Ойлуу турам балкондо, футбол болот алты ондо (саат 18:10до) деп, футбол өтө таасирдүү болуп жаткан учурда элдин кыштан ышка көмүлүп калышы ага анча деле таасир бербейт. Мэр футболдо жүрөт", — деди Самыйкожо.
Дастан Бекешев мэр азыр футбол ойноп жатса жыйынды эртеңкиге жылдырууну сунуштады.
Натыйжада бүгүн чакырылган өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын укпай кетирип жиберишти. Эртең толук курамда келишин талап кылышты.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров баш болгон мамлекеттик кызматкерлер футбол ойноп жатышат. Турнир эки күнгө созулат.
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Өмүрбек Бакиров мандатынан ажырашы мүмкүн. Сот эски ишти кайра жандатты
Жаңылыктар түрмөгү
0