Статком: Кыргызстанда былтыр 17 миң аял боюнан алдырган

© AFP / NICOLAS ASFOURIКош бойлуу кыздар. Архив
Кош бойлуу кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Жазылуу
Көбүнчө 25-29 жаштагы кыз-келиндер аборт жасата турганы аныкталган.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 2021-жылы Кыргызстанда 17 075 аял боюнан алдырган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин былтыркыга карата жарыялаган "Калктын жашоо деңгээли" отчётунда көрсөтүлгөн.
Мындай учурлар 2020-жылга караганда (14 906) көп, бирок 2019-жылдагыдан (20 172) азыраак катталган.
Былтыр боюнан алдыргандарды жаш курагы боюнча бөлө келгенде төмөнкүдөй көрсөткүчкө ээ болобуз:
20 жашка чейинкилер — 972;
20-24 жаштагылар — 3 681;
25-29 жаштагылар — 4 394;
30-34-жаштагылар — 4 026;
35 жана андан жогору курактагылар — 4 002.
Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Балдар менен аялдардын азыктануусуна изилдөө жүргүзүлдү. Кооптонуучу жагдай бар
Жаңылыктар түрмөгү
0