Айыл чарбасын каржылоого 4,6 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилди

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүКартошканын түшүмүн тыйноо. Архив
Картошканын түшүмүн тыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Жазылуу
Кредиттер үч категория боюнча берилип жатат.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбоору боюнча быйыл 4 миллиард 677,5 миллион сомго 8 256 насыя берилди. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жеңилдетилген кредиттер үч категория боюнча берилип жатат.
Өсүмдүк өстүрүү категориясына 1,2 миллиард сомго 2 923 насыя берилген. Мал чарбачылыгы менен алектенгендер үчүн 2,43 миллиард сомго 4 991 кредит чегерилди. Ал эми айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясына киргендер 1,05 миллиард сомго 342 насыя алышкан.
Социалдык контракт долбоору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Республика боюнча 2800 үй-бүлөгө бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0