Чылым чеккен өспүрүмдүн организми кандай кыйналат. Түшүндүрмө

© Фото / Pexels / Damian Barczak Кыз тамеки чегип жатат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз тамеки чегип жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Жазылуу
Тамекинин терс таасири тууралуу бала ойлонбой турганы айтылды.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Өлкөдөгү ар бир үчүнчү өспүрүм 15 жашка чейин чылым чегип көрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирип, чылым өспүрүмдүн организмине кандай таасир берерин тизмектеди.
Мекеменин маалыматында белгиленгендей, өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү чылымды шоктугунан, тентектиктен эле чегет. Бирок акырындап ага байланып калышат. Чоңдор тамеки тартуунун бардык зыяндуу жактарын билип туруп эле адатка айлантышса, өспүрүмдөр анын терс таасири тууралуу ойлонбойт. Өздөрүн чоңоюп, өз алдынча болуп калгандай көрсөтүү үчүн чегишет.

Чылым биринчи кезекте өспүрүмдүн кайсы органдарына таасир этет?

Мээ. Тамеки чеккен баланын эске тутуму тез арада начарлап кетет. Себеби мээ клеткалары кычкылтектин жетишсиздигинен жабыркайт.
Көздүн көрүүсү. Тамекинин түтүнү көздүн чел кабыгын жабыркатат, түстөр тунук болбой боз тартып калат. Чылым чегүүнү токтотпосо убакыттын өтүшү менен түстөрдү такыр эле ажырата албай калышы ыктымал.
Репродуктивдүү система. Өспүрүм кезинен чылым чегип баштап, 20-25 жашында аны таштаган жигиттер такыр тамеки тартпаган курбалдаштарына салыштырмалуу тукумсуздук көйгөйүнө көп кабылышат. Ушундай эле көрүнүш кыз-келиндер арасында да болот. Дарыгерлердин байкоосуна ылайык, чылым тарткан кыз-келиндер гинекологиялык оорулардан кыйынчылык менен айыгышат, аны оорураак өткөрүшөт, ал эми тамеки тарткан мырзалар тартпагандарга караганда импотенцияга 1,5 эсе көп кабылышат.
Бассейнде сүзүп жаткан адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Окумуштуулар спорттун кайсы түрү узак жашоонун булагы болорун аныктады
Жаңылыктар түрмөгү
0