Айлардын кыргызча аталышы жана чечмелениши

Айлардын кыргызча аталышы жана чечмелениши

Кыргыз элинин ай санагы өзүнө көчмөндөрдүн жашоо образын, философиясын камтыган.

Табиятка аяр мамиле кылган көчмөндөр куут учурун, төлдөгөн маалын жакшы билгендиктен ай аталыштарынын айрымдарын жапайы жаныбарлар менен байланыштырган. Анткени мергенчилер бооздорун, эмизгендерин аткан эмес. Калган айлардын аталышы коомдук алакага тиешелүү деп чечмелеп келишет илимпоздор.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окумуштуулардын жардамы менен 12 айды толук чечмелеп берүүгө аракет кылды.

Кыргыздардын ай санагы боюнча жыл 12 айдан куралып, айдын жаңырып бүтүшү 30-31 күн болгон. Көчмөндөр ар бир айды чечмелеп, ошого жараша өзүнүн чарбалык иштерин, жайытка көчүп-конуусун пландаган. Жадагалса малдын токтошу, желин салышын да айдын чыгышына карата санаган.

Жалган куран — март

Куран деп кыргыздар эликтин текесин айтышкан. Курандар негизинен адырларды байырлайт. Бул күн жылып, бирок тоодо кар толугу менен кете элек учур болот. Ала шалбыртта элик көзгө көрүнүп-көрүнбөйт, мергенчи чын эле куранбы же ургаачысыбы деп толук ишене албай тургандыктан айды "жалган куран" деп атаган. Анткени жаздын алгачкы айында эликтин ургаачысы (телки) боз болгондуктан аңчылар негизинен эркегин издешкен. Мергенчилер аларды мүйүзүнөн айырмалаган.

Чын куранапрель

Ошол маалда курандын мүйүзү өсүп так көрүнгөнүнөн айдын аты "чын куран" делген. Бул айда жаздоодогу кар толугу менен эрип, чөп эрте чыккан тоо этектерине мал жайылат. Күн жылып, жерге көк чыгып, бак-дарактар бүрдөп, көтөрүм болгондор башын жерден албай оттоп, бооз бодо мал, кой-эчки, жылкылар жакшы тоюнуп, төлдөп сүтү көбөйүп калат. Чын куранда эликтер да төлдөйт. Ушул эки айда малчылар жаздын эрте же кеч келишине карап өйдөлөп отурган. Себеби бир жыл экинчи жылга окшошпой калышы мүмкүн болгон.

Бугу — май

Бугулар негизинен токой-шалбаа алкактарын байырлайт. Алар ийне жалбырактуулар менен тамактангандыктан карагайлуу токойду аралап жашайт. Бугу айында абанын температурасы бир топ эле жылып, көчмөн эл бугулар мекендеген алкакка чейин көчүп жетишкен. Ал карагайлуу токойлор деңиз деңгээлинен 1800-3000 метр бийиктикте да болот. Экологдор бул айда бугу төлдөй турганын айтышат.

Кулжа июнь

Бул айда көчүп-конгон эл мал-жаны менен деңиз деңгээлинен 3000-3600 метр бийиктиктеги шалбаалуу талааларга жетчү. Ал аймакты кулжалар (аркардын эркеги — ред.) байырлайт. Азыр да малы көп кыргызстандыктар кулжа айында Сырт өрөөнүнө бир нече айга барып келүүгө аракет кылат. Бул маалда тоодон суу кенен түшүп, кокту-колоттордо гүлдөрдүн жыты буркурап калат. Баса, июнь айында жазгы козулар да сойгонго жарап, кошуналар шерине башташчу.

Теке июль

Текелер деңиз деңгээлинен 3500-3700 метр бийиктиктеги Тянь-Шань тоолуу аймактарын байырлайт. Бул айда малчылар текелер жүргөн төрлөргө чейин көчүп-конуп жеткен. Жайдын саратаны да ушул убакка туш келет. Тоолордо мал чөптүн гүлүн оттоп ар кандай дарттардан алыс болгон.

Баш оона — август

Кыргыздар "оона" деп жейрендин эркегин айтып келишкен. Эчки-теке байырлаган аймактарда кыроо пайда болуп сууктап, мал-жандыкты бийик тоолуу аймакта кайтаруу кыйындап калат. Мындан улам алыскы жайыттагылар орто бийиктиктеги жайыттарга, жейрендер байырлаган түздүктөргө акырындык менен түшө баштайт. Бул учурда малчылар айдоо жерлерден алыс, мал өтчү кокту-колотко боз үйлөрүн тигип малын төмөндөтүп карайт. Айрым булактарда эгин талааларына малды өткөрбөө үчүн жергиликтүүлөр "күз ордолорду" (бир нече үйдөн куралган короолор — ред.) уюштуруп төрт түлүгүн тосуп жайышкан. Эл да бул убакта бири-бирине жакындап, бири-бирине баш багып, кабар алып турушкан. Августта, куут маалында, жейрендин эркеги да бир орунда турбай башы оогон жакка кетип талаалап калган.

Аяк оонасентябрь

Аяк оона айында эл жайлоодон этекке түшөт. Ал айдын ичинде көчүп-конгондор мал-мүлкүн, үй оокатын, чака-чайнегин түгөлдөп адамдын буту-бутуна тийбей турган учур болот. Себеби бул учурда карапайым эл жыйым-терим менен алышып, кыштын камы менен санаа тартып калат. Баса, бул айда жейрендер топтошуп куут учуру башталат. Эске сала кетсек, мурун жейрендер кыргыз жеринде кеңири байырлап, малдын көбөйүшү менен союз маалында жоголуп кеткен.

Кыргыздар ошондой эле бул айда учкан желени "мыйзам гүл" дешкен. Жаратылыштын бул кубулушун байкаган жергиликтүүлөр мыйзам боюнча салык төлөчү убак жакындап калыптыр деп түшүнүшүп даярданган.

Тогуздун айы октябрь

Бул айдын аталышы көбүнчө элдин жашоо-турмушуна, коомдук саясий-социалдык алакасына байланыштуу. Эл ошол убакта туруктуу отурукташып, мал-мүлкүн толуктап салык төлөгөнгө даярданган. Көчмөн эл этекке түшүп, салыкчылар элдин малын санап, алардын канча салык төлөй турганын аныкташкан. Ал кезде кыргыздар салыкты тогуздап төлөгөн. Ошондон улам бул айды кыргыздар "тогуздун айы" дешкен жана мамлекетке бере турган тогуздун экөөсүн тапшырган. Ошондой эле айрым илимпоздор тоодон мал-мүлкү менен түгөл түшкөндөр куда күтүп калыңды тогуздап бергендиктен "тогуздун айы" деп аталган деп божомолдошот. Бул айда кыргыздар малын чөбү кечирээк жетилген тоонун тескей бетине, арпа, буудай же таруу орулган аңыздарга жайышкан.

Жетинин айы ноябрь

Ал кезде салыкчылар алына турчу салыкты толук алчу эмес. Анткени эгер бийлик өкүлдөрү баарын чогултуп алса, аларды багып, тоют даярдап кошумча чыгымга учурамак. Ошондуктан кийинки айда калган жетинин экөөсүн берген. Жетинин айында суу тартылып, булактар азыктанып, суунун деңгээли жалган куранга чейин төмөндөйт. Кар катмары туруктуу болуп, суулардын агымы бир жылдык агымдын беш пайызына жетпейт.

Бештин айы декабрь

Кийинки айда калган жетөөнөн экөө кемиген. Бештин айында суук катуулап, күнүмдүк чарбалык иштер оорлоп калат. Бул айдын 21инде жылдын эң узак түнү, эң кыска күнү болот. Абанын температурасы нөлдөн төмөн болуп, бир айда беш-он сутка кар түшөт. Бул маалда жайытты жакшы колдонгон малчылар далдоо кыштоолорго келип буга чейин мал жайылбаган, чөбү толук сакталган жерлерден орун-очок алышкан. Аталган айдын акыркы он күнүндө 41 күнгө созулган кышкы чилде түшүп, февраль айына чейин созулат.

Үчтүн айы январь

Калган беш баштын экөөсү берилип, үчөө калат. Ушул айда чилде түшүп, тургундардын күнүмдүк тиричилиги кыйындап калат. Өрөөндөрдө төрт-жети, айрым жерлерде абанын температурасы 40 градуска чейин төмөндөп кетет. Бул айда кар да калыңдайт. Ай ичинде беш-он күн кар жаашы мүмкүн. Кыргызстандын аянтынын үчтөн эки бөлүгүнө 10-15, айрым жерлерде 50-75 миллиметрге чейин кар түшүп, кыш кычырап калат. Кыргыздар кыштын суугун күчүнө карап аяздарга бөлгөн. Өтө суук "темир аяз" январда, андан жылуураак "мүйүз аяз" февралда, андан да жылуу "кийиз аяз" февралдын аягы, марттын башына чейин барган.

Бирдин айы февраль

Дагы экөө салыкчыларга берилип, тогуздун бир бөлүгү калган ай. Элдин аңчылык кылышына шарт болбойт, колдогу малды жакшы карап кыштан аман-эсен чыгуунун жолун издеп калышат. Бирдин айында кардын көлөмү максималдуу чекке жетет. Айрым жерлерде 1,5 метрге чейин чукулдайт. Кар көчкү түшүү коркунучу жогорулайт. Айдын соңунда күн жылып, акырындык менен кар кетип, соңунда жаздын илеби сезиле баштайт.

Кыргыздар ай жаңырган учурду ай арасы деп коюшкан. Ал күндөрү сөзсүз аба ырайы бузулуп, бийик ашуу тоолордо кар жаайт дешкен. Ал эми Ай менен Үркөр топ жылдызынын тогошкон күндөрү (экөөнүн маңдай-тескей болуп калышы — ред) көчүп-конуу, жайыт которуу, жол жүрүү токтотулуп, тогоолдун өтүшүн күтүшкөн.

Эскертүү: айрым окумуштуулар айларды ай тогошуусу, Үркөрдүн чыгышы сыяктуу астрономиялык кубулуштарга байланыштырып да чечмелешет.
Редактор
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы
окумуштуу, география илимдеринин кандидаты Жумакадыр Карамолдоевдин маеги, Касымбек Сейдакматовдун "Кыргыз элинин календарлык түшүнүгү", Кармыштегин Макелек Өмүрбөй уулунун "Кыргыз саресепчилиги: күн санак, ай санак, жыл санак" китеби

Сүрөт
Россиянын Илимдер академиясынын Петр Великий атындагы Антропология жана этнография музейинин коллекциясы, SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher

Дизайнер
Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0