Курултайга кайсы дубандан канча делегат келди, жаш курагы канчада? Тизме

© Sputnik / Эламан КарымшаковКыргыз улуттук филармониясында биринчи Элдик курултай өтүп жатат
Кыргыз улуттук филармониясында биринчи Элдик курултай өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Жазылуу
Жыйынга төрага болуп Кадыр Кошалиев шайланды.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргыз улуттук филармониясында биринчи Элдик курултай өтүп жатат.
Жыйындын башында уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов делегаттардын курамы менен тааныштырды.
Анын айтымында, жер-жерлерден 1 072 делегат шайланып келген. Курамында 12 улуттун өкүлдөрү бар, 924үн эркектер, 148ин аялдар түзөт.
Жаш курагы боюнча төмөнкүдөй:
18ден 30 жашка чейин — 23 делегат;
30дан 40 жашка чейин — 141;
40тан 50 жашка чейин — 197;
50дөн 60 жашка чейин — 268;
60тан 70 жашка чейин — 330;
70тен 80 жашка чейин — 97;
80 жаштан жогорку — 14.
Жыйынга төрага шайланганга чейин жаш курагы боюнча делегаттардын эң улуусу Кемелбек Ашыралиев жетекчилик кылды. Андан соң төрага болуп Кадыр Кошалиев шайланды.
Бишкек шаарынан — 60;
Ош шаарынан — 30;
Чүй облусунан — 218;
Ош облусунан — 179;
Талас облусунан — 76;
Нарын облусу — 128;
Ысык-Көл — 127;
Жалал-Абад облусу 147;
Баткен облусу — 71.
Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Элдик курултайдын маани-маңызын ачып берген видео
Жаңылыктар түрмөгү
0