00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкектин мэрин эл шайласын! Депутаттар сунуштаган мыйзам долбоорунун чоо-жайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек мэриясын имараты. Архив
Бишкек мэриясын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Жазылуу
Учурда республикалык маанидеги шаарлардын башчыларын кызматка президент коёт.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэрин президент дайындабай, тургундар өзү шайласын деген мыйзам долбоору сунушталды.
Аталган демилгени Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Жанар Акаев, Нилуфар Алимжанова, Азамат Исираилов, Эмил Жамгырчиев, Чыңгыз Айдарбеков жана Фарходбек Алимжанов көтөрүп, коомдук талкууга чыгарды.
"Борбор калаанын мэрин түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотууну жана элдик бийликтин конституциялык принциптерин ишке ашырууну камсыздоого багытталган олуттуу саясий чечим болуп саналат. Ошондой эле башкаруу системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Бишкектин жашоочулары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек", — деп жазылат долбоордун маалыматтык негиздемесинде.
Келечекте бул тажрыйбаны республиканын бардык шаарларына жайылтууга болот.
Алар жогорку билимдүү, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта жети жылдык стажы бар адамдар болушу зарыл. Иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 10 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, 35 жаштан төмөн эмес, 65 жаштан ашпаган жарандар шаарды башкарууга талапкер боло алары белгиленген.
Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Бишкек шаарынын мэри болуп шайлана албайт.
Шайлоого катышкан бардык жарандардын добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер Бишкек шаарынын мэрлигине шайланды деп эсептелет.
Талапкер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен партия аркылуу катталууга укуктуу. Аны менен катар беш миңден кем эмес шайлоочунун колун чогултуу талап кылынат.
Мэр Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен иштен кетет. Экинчи жолу шайлоого келип добуш берген жарандардын жарымынан көбү ишеним көрсөтпөсө, ээрден шыпырылат.
Белгилей кетсек, мурда шаар мэрлери жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайланып келген. 2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калды.
Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022
Эми айрым адамдар мамлекеттик кызматка бара албай калат. Мыйзам долбоору
Жаңылыктар түрмөгү
0