Каныбек Осмоналиев 69 жашка толду. Олимпиада чемпионунун сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин туулган күнү. Тарыхый инсан 69 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу спортчуну куттуктап, анын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Каныбек Осмоналиев студент кезинде салмагы 42 килограмм, бою 1 метр 48 сантиметр болуп 70 килограммдык штанганы ийинине коюп бир нече жолу көтөрүп, машыктыруучу Семен Иткиндин көзүнө илинген. Ошентип ал 17 жашында оор атлетикага келип, үч жылдан кийин Кыргыз ССРинин чемпиону болгон. Ал спорттогу 13 жыл ичинде дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиондугун багындырып, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Андан сырткары, бир топ эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган.
Осмоналиев 30 жашында чоң спорттон кетип, көп жыл жаштарга машыктыруучу болгон. Даңк, Манас орденинин ээси бүгүн 69 жашка толду.
© Sputnik / Толмачёв / Медиабанкка өтүү

Осмоналиевдин балалыгы 6 уй саап, камыр жууруп, талаада иштөө менен өткөн

Осмоналиевдин балалыгы 6 уй саап, камыр жууруп, талаада иштөө менен өткөн - Sputnik Кыргызстан
1/13

Осмоналиевдин балалыгы 6 уй саап, камыр жууруп, талаада иштөө менен өткөн

© Фото / из личного архива Каныбека Осмоналиева

Жаш жигиттин жөндөмүн машыктыруучу Семен Иткин байкап калып анын устаты болгон. Болочоктогу олимпиада чемпиону 17 жашында оор атлетика менен машыга баштаган

Жаш жигиттин жөндөмүн машыктыруучу Семен Иткин байкап калып анын устаты болгон. Болочоктогу олимпиада чемпиону 17 жашында оор атлетика менен машыга баштаган - Sputnik Кыргызстан
2/13

Жаш жигиттин жөндөмүн машыктыруучу Семен Иткин байкап калып анын устаты болгон. Болочоктогу олимпиада чемпиону 17 жашында оор атлетика менен машыга баштаган

© Sputnik / Дмитрий Донской / Медиабанкка өтүү

Спортчу 13 жылда дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону болгонго жетишкен

Спортчу 13 жылда дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону болгонго жетишкен - Sputnik Кыргызстан
3/13

Спортчу 13 жылда дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону болгонго жетишкен

© Sputnik / Дмитрий Донской / Медиабанкка өтүү

Ал 27 жашында Москвада өткөн Олимпиадада 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Сүрөттө Осмоналиевдин атаандаштары кореялык Бонг Чол Хо менен Ген Си Хан күмүш жана коло медаль алган

Ал 27 жашында Москвада өткөн Олимпиадада 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Сүрөттө Осмоналиевдин атаандаштары кореялык Бонг Чол Хо менен Ген Си Хан күмүш жана коло медаль алган - Sputnik Кыргызстан
4/13

Ал 27 жашында Москвада өткөн Олимпиадада 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Сүрөттө Осмоналиевдин атаандаштары кореялык Бонг Чол Хо менен Ген Си Хан күмүш жана коло медаль алган

© Фото / из личного архива Каныбека Осмоналиева

СССРдин олимпиадалык курама командасынын курамына кирген кыргызстандык спортчулар. Николай Чернецкий, Александр Мелентьев, Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова

СССРдин олимпиадалык курама командасынын курамына кирген кыргызстандык спортчулар. Николай Чернецкий, Александр Мелентьев, Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова - Sputnik Кыргызстан
5/13

СССРдин олимпиадалык курама командасынын курамына кирген кыргызстандык спортчулар. Николай Чернецкий, Александр Мелентьев, Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова

© Фото / из личного архива Каныбека Осмоналиева

Аалы Токомбаев, Чөкүш ата, СССРдин баатыры Иван Немцев, Каныбек Осмоналиев жана апасы Жийдекан

Аалы Токомбаев, Чөкүш ата, СССРдин баатыры Иван Немцев, Каныбек Осмоналиев жана апасы Жийдекан - Sputnik Кыргызстан
6/13

Аалы Токомбаев, Чөкүш ата, СССРдин баатыры Иван Немцев, Каныбек Осмоналиев жана апасы Жийдекан

© Фото / из личного архива Каныбека Осмоналиева

Кыргыз элинин сыймыгы 30 жашында чоң спорттон кеткен

Кыргыз элинин сыймыгы 30 жашында чоң спорттон кеткен - Sputnik Кыргызстан
7/13

Кыргыз элинин сыймыгы 30 жашында чоң спорттон кеткен

© Фото / из личного архива Каныбека Осмоналиева

Олимпиада чемпиону 1983-жылдан бери машыктыруучулук менен алектенип келет

Олимпиада чемпиону 1983-жылдан бери машыктыруучулук менен алектенип келет - Sputnik Кыргызстан
8/13

Олимпиада чемпиону 1983-жылдан бери машыктыруучулук менен алектенип келет

© Фото / из личного архива Каныбека Осмоналиева

Дүйнөнү дүңгүрөткөн спортчу жакындары менен

Дүйнөнү дүңгүрөткөн спортчу жакындары менен - Sputnik Кыргызстан
9/13

Дүйнөнү дүңгүрөткөн спортчу жакындары менен

© Фото / из личного архива Каныбека Осмоналиева

Ардагер коомдук иштерге активдүү катышып, азыркыга чейин чаалыкпай иштеп келет

Ардагер коомдук иштерге активдүү катышып, азыркыга чейин чаалыкпай иштеп келет - Sputnik Кыргызстан
10/13

Ардагер коомдук иштерге активдүү катышып, азыркыга чейин чаалыкпай иштеп келет

© Фото / пресс-служба НОК

Осмоналиевдин Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болгон бөбөккө алтын медалын тартуулаган учур

Осмоналиевдин Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болгон бөбөккө алтын медалын тартуулаган учур - Sputnik Кыргызстан
11/13

Осмоналиевдин Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болгон бөбөккө алтын медалын тартуулаган учур

© Фото / из личного архива Каныбека Осмоналиева

Каныбек Осмоналиев жубайы Медеркан менен төрт уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө канат-бутагын жайган үй-бүлө

Каныбек Осмоналиев жубайы Медеркан менен төрт уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө канат-бутагын жайган үй-бүлө - Sputnik Кыргызстан
12/13

Каныбек Осмоналиев жубайы Медеркан менен төрт уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө канат-бутагын жайган үй-бүлө

© Sputnik / Данияр Сандыбаев

Даңк, Манас орденинин ээси бүгүн 69 жашка толду

Даңк, Манас орденинин ээси бүгүн 69 жашка толду - Sputnik Кыргызстан
13/13

Даңк, Манас орденинин ээси бүгүн 69 жашка толду

Тема боюнча:
Быйыл 83 жашка толмок. Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөгү жашоосу
Төкөлдөштүн төрт кызынын бири. Сайра Кийизбаеванын сүрөттөгү элеси
Чаалыкпаган скульптор. 87 жашка чыккан Тургунбай Садыковдун сүрөттөрү
Филармониядагы өмүр, берилбей калган сыйлык. Акын Токтосун Тыныбековдун элеси
Жаңылыктар түрмөгү
0