Төкөлдөштүн төрт кызынын бири. Сайра Кийизбаеванын сүрөттөгү элеси
Төкөлдөштүн төрт кызынын бири. Сайра Кийизбаеванын сүрөттөгү элеси
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Сайра Кийизбаеванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги биринчи кыргыз опера ырчысын сүрөттө калган... 07.11.2022, Sputnik Кыргызстан
Сайра Кийизбаева 1917-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Төкөлдөш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Төкөлдөштүн төрт кызынын бири мектепти аяктагандан кийин 1931-жылы Фрунзедеги кыз-келиндердин педагогикалык техникумуна тапшырат. Студент кезинде Бүткүл кыргыз элинин чыгармачылык олимпиадасына катышып, үнү менен өзгөчөлөнүп театрга жумушка алынган.СССРдин эл артисти Кыргызстанда биринчилерден болуп дүйнөлүк операларды аткарып, чыгармачылыгы оргуштап турган маалда СССРдин Чоң театрына чакыртылган. 1960-жылдары Опера жана балет театрын жетектеп, өлкөдөгү операнын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Ал эми тажрыйба топтогон кезинде мугалимдикти аркалап, 1967-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин искусство институтунда эмгектенет. Кыргыз ССРинин эл артисти 1988-жылы 11-октябрда 70 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.Тема боюнча:
Бүгүн СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Сайра Кийизбаеванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги биринчи кыргыз опера ырчысын сүрөттө калган ирмемдери менен эскерет.
Сайра Кийизбаева 1917-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Төкөлдөш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Төкөлдөштүн төрт кызынын бири мектепти аяктагандан кийин 1931-жылы Фрунзедеги кыз-келиндердин педагогикалык техникумуна тапшырат. Студент кезинде Бүткүл кыргыз элинин чыгармачылык олимпиадасына катышып, үнү менен өзгөчөлөнүп театрга жумушка алынган.
СССРдин эл артисти Кыргызстанда биринчилерден болуп дүйнөлүк операларды аткарып, чыгармачылыгы оргуштап турган маалда СССРдин Чоң театрына чакыртылган. 1960-жылдары Опера жана балет театрын жетектеп, өлкөдөгү операнын түптөлүшүнө зор салым кошкон. Ал эми тажрыйба топтогон кезинде мугалимдикти аркалап, 1967-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин искусство институтунда эмгектенет. Кыргыз ССРинин эл артисти 1988-жылы 11-октябрда 70 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Болочоктогу белгилүү ырчы Фрунзедеги кыз-келиндердин педагогикалык техникумунда окуп жүрүп чыгармачылык олимпиадага катышып, кийин театрга жумушка алынган
Болочоктогу белгилүү ырчы Фрунзедеги кыз-келиндердин педагогикалык техникумунда окуп жүрүп чыгармачылык олимпиадага катышып, кийин театрга жумушка алынган
Сайра Кийизбаева менен Муса Баетов Украина фронтунун жоокерлери менен, 1942-жыл. Чыгармачыл инсандар токой аралап, талаа кезип, жоокерлерге дем-күч берген.
Сайра Кийизбаева менен Муса Баетов Украина фронтунун жоокерлери менен, 1942-жыл. Чыгармачыл инсандар токой аралап, талаа кезип, жоокерлерге дем-күч берген.
СССРдин эл артисттери: Сабира Күмүшалиева, Сайра Кийизбаева менен көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова. Залкарлар Фрунзе шаарында өткөн Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съездинде.
СССРдин эл артисттери: Сабира Күмүшалиева, Сайра Кийизбаева менен көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова. Залкарлар Фрунзе шаарында өткөн Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съездинде.
Кийизбаева композиторлор Виктор Власов, Абдылас Малдыбаев менен Владимир Ференин "Айчүрөк" операсында Айчүрөктүн партиясын аткарып эл аралык деңгээлге чыккан
Кийизбаева композиторлор Виктор Власов, Абдылас Малдыбаев менен Владимир Ференин "Айчүрөк" операсында Айчүрөктүн партиясын аткарып эл аралык деңгээлге чыккан