Быйыл 83 жашка толмок. Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөгү жашоосу
Быйыл 83 жашка толмок. Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөгү жашоосу
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, залкар актёр Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсанды эскерип... 09.11.2022, Sputnik Кыргызстан
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен сүрөтчүлүккө кызыгып 14 жашында Фрунзедеги сүрөтчүлөрдүн окуу жайына тапшырып, андан соң 1958-жылы Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр институтунун живопись факультетин бүтүргөн.Кийин тагдырдын жазмышы менен кинорежиссёр Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" кинофильмине тартылып атагы алыска кетип, элдин жана киночулардын сүймөнчүлүгүнө айланган. Эмгек жолунда актёр 20дан ашык образ жараткан. Ал ошондой эле Манастын, Чыңгыз хандын, кубалык Че Геваранын ролун аткарууну кыялданган. Залкар талант узакка созулган оорудан улам 1992-жылы 26-сентябрда 52 жашында дүйнө салган.Тема боюнча:
Бүгүн СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, залкар актёр Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсанды эскерип сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен сүрөтчүлүккө кызыгып 14 жашында Фрунзедеги сүрөтчүлөрдүн окуу жайына тапшырып, андан соң 1958-жылы Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр институтунун живопись факультетин бүтүргөн.
Кийин тагдырдын жазмышы менен кинорежиссёр Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" кинофильмине тартылып атагы алыска кетип, элдин жана киночулардын сүймөнчүлүгүнө айланган. Эмгек жолунда актёр 20дан ашык образ жараткан. Ал ошондой эле Манастын, Чыңгыз хандын, кубалык Че Геваранын ролун аткарууну кыялданган. Залкар талант узакка созулган оорудан улам 1992-жылы 26-сентябрда 52 жашында дүйнө салган.
Сүймөнкул Чокморов өзбек актрисасы Дилором Камбарова менен Альгимантас Видугиристин "Жалаң эркектер" тасмасын камерага түшүрүү маалында. Жалал-Абад облусу, 1981-жыл