Күн ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2022
Жазылуу
Ишембиде Бишкекти ала булут каптап, жамгыр жаай турганы айтылды.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала алынган маалыматтарга таянып билдирди.
Ага ылайык, апта аягында өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр, кар жаашы ыктымал. Ишембиде Бишкекти ала булут каптап, жамгыр жаай турганы айтылды. Жекшембиде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 9...11 градусту көрсөтөт.

Чүй, Талас облустары

Чүй менен Таласта 19-20-ноябрда күндүз айрым жерлеринде жаан, тоо этектери жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүйдө 6...11 градус суук болсо, Таласта 6...8 градусту көрсөтөт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Ошто 19-ноябрда тоолуу жерлерине кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жекшембиге караган түнү жамгыр жаап, күндүз күн ачылары божомолдонду. Абанын температурасы 8...13 градустун тегерегинде жылуу болот. Ал эми Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишембиде күндүз кээ бир аймактарына кар жаайт. 20-ноябрда күн ачык болушу күтүлүүдө. Абанын температурасы 13 градуска чейин жылыйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көлдө 19-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 20-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 5...10 градусту көрсөтөт. Нарындын кээ бир жерине ишембиде кар жаашы ыктымал. Жекшембиде күн ачылып, абанын температурасы 7...9 градуска жетет.
Бишкекте кар жааганда бала менен улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Кыштын биринчи айы суук болобу? Декабрга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0