Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Депутат: подрядчылар соодалашып, Баткендин Капчыгайында үйлөр салынбай жатат

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүКапчыгай айылында Тажикстандын аткылоосунан улам жабыркаган үйдүн жанында адам. Архив
Капчыгай айылында Тажикстандын аткылоосунан улам жабыркаган үйдүн жанында адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Жазылуу
Депутат бийлик башчылары айылды эки айда калыбына келтирүүнү убадалаганына карабай иш кечеңдеп жатканына нааразы болду.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Тажик тараптын кол салуусунан талкаланган Капчыгай айылында курулуш иштери азыркыга чейин баштала элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламентте билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖепутат Жогорку Кенеша Султанбай Айжигитов
Жепутат Жогорку Кенеша Султанбай Айжигитов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
"Капчыгай деген айылды биздин душмандар тегиздеп салган. Ошону президент, өкмөт башчы барганда эки айда бүтүрүп беребиз деген. Акчасы бөлүнгөн. Подрядчы компания тандалган, бир ай болду, эч кандай жылыш жок. Себеби ал субподрядчыга бериптир, анан алар дагы башка подрядчы компанияларды издеп соодалашып жатыптыр. Ишти качан башташат? Ушуну көңүлгө алып койсоңуздар", — деп президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды депутат.
Мындан сырткары, Айжигитов Баткендин чек аралаш айылдарында үй сатылат деген жарнамалар көп чыгып жатканын белгилеп, бул өтө кооптуу тенденция экенин айтты. Андыктан эң жогорку деңгээлде көзөмөлгө алуу керек деди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы аскер кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
УКМКнын Баткен облусундагы аскер кызматкерлери үйлүү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0