Дүйнөлүк аренадагы кыргыз дипломатиясы
Тышкы иштер министрлигинин жолу
Дүйнөлүк аренадагы кыргыз дипломатиясы
Тышкы иштер министрлигинин жолу
Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кесиптик майрамын белгилеп жатат. Министрлик 31 жылдан бери өлкөнүн саясатын дүйнөлүк аренада жүргүзүп, күнү-түнү мамлекеттин улуттук кызыкчылыгын коргоп келет.

Адатта дипломаттардын иши көшөгөнүн артында жүргүзүлүп, коомчулукка бир канча убакыттан кийин гана билинет. Сунушталып жаткан материалда КР Тышкы иштер министрлигинин жасаган иштерин кыскача тизмектеп бергенге аракет кылдык.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин союздук республикаларда тышкы иштер министрликтерин түзүү зарылчылыгы келип чыккан. Кыргыз ССРинин ТИМи 1944-жылы 17-мартта түптөлгөн. Ведомствону Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары жетектечү. Алгач ТИМде болгону төрт кызматкер иштеп, алар протокол боюнча чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана виза берүү кызматын аткарчу. 1989-жылы ТИМ жетекчилигине Жаңыл Түмөнбаева дайындалган. Ал ведомствонун штатын көбөйтүп, функцияларын кеңейткен.
КР ТИМ жетекчисинин орун басары, КР Толук жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Талгат Чинетов. БУУ,
Нью-Йорк шаары, 1995-жыл. Талгат Чинетовдун жеке архивинен.
Талгат Чинетов
КР ТИМинин жетекчисинин мурдагы орун басары, КРдин толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси
Түмөнбаеванын демилгеси

1970-80-жылдары Кыргызстандын экономикасы өсүп, товарларды дүйнөлүк рынокко алып чыгуу зарылдыгы жаралган. Демек, түздөн-түз чет өлкөлөр менен экономикалык байланышты бекемдөө боюнча эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу керек болду. Ошол учурдагы Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин жетекчиси Жаңыл Түмөнбаева республиканын тышкы саясат ведомствосунун жумушун жаңы нукка салды. Ал Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном округу менен экономика жана маданият жаатында кызматташууну максат кылып, соода-сатык алакасын түптөөнү көздөдү.

1990-жылы Түмөнбаеванын тапшырмасы менен Кыргыз ССРинин ТИМинин кызматкерлери Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном округуна иш сапары менен барышкан. Кыргызстан менен чектешкен бул аймакта этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү жашайт. Кыргызстандык дипломаттарды кытай тарап жылуу кабыл алды. Иш сапар үзүрүн берип, 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин эки өлкөнүн министрликтери жана ведомстволорунун түздөн-түз кызматташуусуна өбөлгө болуп берди. Ошентип Түмөнбаеванын демилгеси менен Кыргызстан Кытай менен кызматташуусунун алгачкы кадамын таштаган.
Кыргызстандын Индиядагы биринчи убактылуу өкүлү Айжигит Буранов салтанаттуу кечеде. Дели,1993-жыл. Айжигит Бурановдун жеке архивинен
Кыргызстан чет өлкөлөрдөгү элчиликтерин 1992-жылдан тарта ача баштаган. Адегенде Бишкек аларды толук кандуу каржылай алган эмес. Муну менен катар чет мамлекеттерде КР жарандарынын укугун коргоо боюнча көйгөйлөр жаралган. Кыргызстандык дипломаттар чет мамлекеттерде жарандардын укуктарын коргоодо такшала башташкан.
Айжигит Буранов
КР ТИМинин 1-класстагы толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси
Бир соттук отурумга 92 жолу катышкам

1992-жылы Кыргызстандын Индиядагы убактылуу өкүлү болуп дайындалдым. Андан бир жыл мурун СССР урап, Кыргызстанда башка постсоветтик мамлекеттердей эле жумушсуздук күч алган. Анын айынан соода-сатык менен алектенгендер көбөйдү. Соодагерлер чет өлкөлөргө каттап, товар ташый баштады. Мурдагы Советтер Союзунда аларды челноктор деп атады. 1993-жылы 10-майда Кыргызстан алгачкылардан болуп рублдин ордуна улуттук валютасы сомду киргизип, бул сооданын өсүшүн шарттады. Кыргызстандык челноктор Делиге Ташкенттин аэропорту аркылуу байма-бай катташчу. Убакыттын өтүшү менен бир катар көйгөйлөр пайда болду. Мисалы, жергиликтүү шылуундар кыргызстандык челноктордун акчасын рупийге алмаштырып беребиз деп алдаган. Акчанын ордуна лотерея билетин карматкан учурлар болгон. Андан тышкары, россиялык каракчылар (рэкет) тоногон окуялар катталды. Ошондо КР жарандарын кылмышкерлердин тузагынан алып чыгууга РФ элчилиги аябай көмөк көрсөттү. 1996-жылы Индиянын транспорт жана туризм боюнча министри Голам Наби Азаддын көмөгү менен Дели — Бишкек авиакаттамы ачыла тургандыгы жөнүндө келишимге кол коюлган. 1997-жылы бул авиакаттам ачылып, Кыргызстандын жарандары үчүн Делиге каттоо жеңилдеди.


Ошол эле убакта кыргызстандык соодагерлер тез баюуну көздөп айрым учурларда билип же билбестен мыйзамды бузушту. Кээ бир челноктор алтындан жасалган зер буюмдарды же ири суммадагы валютаны мыйзамсыз сатууга аралашты. Анын натыйжасында жергиликтүү полициянын колуна түшүп, түрмөгө камалышты. Булардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн түрмөгө жана сот отурумдарына тынбай барчумун. Мисалы, бир соттук отурумга 92 жолу катышкам. Индияда баш-аягы беш жыл иштедим. Бул өлкөдө иштегеним дипломатиялык тажрыйбамды байытты.
Кыргызстандык дипломаттар Сактанбек Кадыралиев (сол жакта) менен Жеңиш Кадыракунов. Гаага шаары, 2001-жыл. Сактанбек Кадыралиевдин жеке архивинен
1995-жылы Кыргызстан Бельгияда өкүлчүлүгүн ачып, элчи болуп атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дайындалган. Бул элчилик Бельгия, Франция, Нидерланддар, Люксембург, ЮНЕСКО, Евробиримдикте жана НАТОдо да ишмердүүлүгүн жүргүзчү.
Сактанбек Кадыралиев
КРдин толук жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси
Кыргызстандык дипломаттын сунушу

1991-жылы кадр көйгөйүн чечүү оор болду, чет тилдерин билгендер аз болчу. Башка тилде сүйлөгөндөр көбүнесе мугалимдер эле. Бирок алар тышкы саясат, экономика, маданият жана башка багыттар боюнча көп билчү эмес. Ал эми ТИМге жогорудагы багыттарды түшүнгөн, ошол эле учурда чет тилдерин билген адистер керек болду. Ушул талаптарга төп келген англис тили мугалими жана философия илимдеринин кандидаты ыраматылык дипломат Жеңиш Кадыракунов болду. Ал Кыргыз улуттук университетинин факультеттер аралык чет тилдер кафедрасында иштечү. Жетекчилик Жеңиш аганын талапкерлигин жактырып, жумушка алган. Кадыракунов ТИМде Нургазы Кемелбаев, Марат Саралинов өңдүү такшалган дипломаттар менен эмгек жолун улап, Бельгияда, БУУда иштеди. Бириккен Улуттар Уюмунда Кыргызстанды эгемен өлкө катары таанытуу боюнча көп жумуш жасады. 1997-жылы жетекчилик аны Чыңгыз Айтматов жетекчилик кылган Бельгиядагы элчиликке жиберди. Бул өкүлчүлүк Бельгия, Франция, Нидерланддар, Люксембург, ЮНЕСКО, Европа биримдиги жана НАТОдо да ишмердүүлүгүн жүргүзчү. Жеңиш Кадыракунович Чыңгыз Төрөкулович менен эриш-аркак иштеди. Мен ТИМде Батыш Европа боюнча башкармалыктын жетекчиси болгондуктан Кадыракуновдун бул өлкөлөрдө жана эл аралык мекемелерде Кыргызстандын саясатын үзүрлүү жүргүзгөнүнө күбө болдум. Буга бир мисал. НАТОдо мурдагы союздук республикалар байкоочу болушат. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Бул уюмда көбүнесе англис тили колдонулат. Ал эми постсоветтик аймактагы мамлекеттердин өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгы орус тилдүү эле. НАТОдо Жеңиш Кадыракунович Чыңгыз Төрөкуловичке жана Бишкектен келген делегацияга такай котормочу болот. Бул башка мурдагы союздук республикалардын дипломаттарынын да көйгөйү эле. Кадыракунов Айтматовго орус тилине синхрондуу котормо тууралуу демилге көтөрүңүз деп сунуш берет. Айтматов НАТОнун жетекчилигине орус тили да жумушчу тили катары колдонулсун деп оозеки сунушун берет. БУУ жетекчилиги Айтматовдун дүйнөлүк кадыр-баркын сыйлап, макул болушат. Андан соң НАТО Кадыракунов жазып берген дипломатиялык нотаны расмий түрдө кабыл алат. Ошентип Чыңгыз Төрөкулович менен Жеңиш Кадыракуновичтин биргелешкен иш-аракетинин аркасында НАТОдо орус тили расмий макамга ээ болгон.
ТИМдин экинчи катчысы Роза Салиева салтанаттуу кечеде. Москва, КР элчилиги, 2005-жыл. Роза Салиеванын жеке архивинен
1992-жылы Германия алгачкылардан болуп Бишкекте элчилигин ачкан. Ал эми 1995-жылы Бонн шаарында Кыргызстандын өкүлчүлүгү иштей баштады. Бул калаа ошол убакта Германиянын борбору болчу. Элчилик Берлинге 1999-жылы көчүрүлгөн.
Роза Салиева
КР ТИМинин экинчи катчысы
Россиялык кесиптештердин көмөгү

1999-жылы Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде иштечүмүн. Ошол убакта Югославияда жарандык согуш жүрүп жаткан эле. НАТО Сербиянын борбору Белградга асмандан чабуул жасай баштаган. Ошол учурда Белграддын жогорку окуу жайларында беш кыргызстандык студент окучу экен. Аларды Сербиянын борборунан эвакуациялоо тууралуу ата-энелери Кыргызстандын Германиядагы элчиликтин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Төлөн Турганбаевге кайрылышат. Ал көйгөйдү чечүү үчүн россиялык кесиптештерден көмөк сураңыз деп мага тапшырма берди. Себеби РФ элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Александр Петров менен жумуш боюнча көп жолукчумун. Мен кыргызстандык студенттерди россиялык жарандар менен кошо эвакуациялоону өтүндүм. Ал көмөк көрсөтөрүн билдирип, студенттердин Москванын Белграддагы элчилигине барышы керектигин айтты. Бир аз убакыттан кийин Сербиядагы россиялык кесиптештер жердештерибизди учакка салып алып кетишти.
КР Атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси Марат Усупов Беларустун элчиси Андрей Страчко жана атасы Макай Усупов менен. Бишкек, 2019-жыл. Марат Усуповдун жеке архивинен
Кыргызстан 1992-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясына мүчө болуп кабыл алынган. Кыргызстандын БУУдагы өкүлү болуп такшалган дипломат Жумакадыр Атабеков дайындалган. Кыргызстандык дипломаттардын иш-аракетинин натыйжасында Бириккен Улуттар Уюмунун ассамблеясы 1995-жылды кыргыздын улуттук "Манас" эпосунун миң жылдыгы майрамдалчу жыл деп жарыялоо жөнүндө токтом чыгарган.
Марат Усупов
КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси
Тоо жылы

2002-жылы Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Генералдык ассамблеясы эл аралык тоо жылы боюнча атайын резолюция кабыл алган. Бул документ дүйнөлүк аренада өлкөнүн кадыр-баркын дагы бир ирет көтөрдү. Мен ушул тарыхый процесске катышкам. Мындай демилгени иш жүзүнө ашыруу үчүн күчтүү команда керек. Бул багыттагы негизги иш Нью-Йоркто жайгашкан БУУнун башкы кеңсесинде жасалып, КРдин БУУдагы туруктуу өкүлү Замира Ешмамбетова көзөмөлдөп турду. Мен анын орун басары элем. Биз менен чогуу ТИМ кызматкерлери Муратбек Байходжоев менен Замира Токтоходжаева активдүү иш алып барышты. Бул маселе боюнча Нью-Йоркко белгилүү кыргызстандык окумуштуу жогорудагы демилгени көтөргөндөрдүн бири Асылбек Айдаралиев көп келди. Ошол учурда кыргызстандык дипломаттар БУУдагы өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугуп, бул демилгени колдоо жана каржылоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мен Нидерланддардын өкүлүнө колдоп бериңиз деп кайрылдым. Ал Нидерланддар деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан мамлекет болсо силердин демилгеңерди кантип колдойм деп таң калды. Мурдагы жылы Кыргызстан БУУнун Генералдык Ассамблеясы океан жылы деп жарыялаган атайын резолюцияны колдоп берген. Океан Кыргызстандын климатына таасирин тийгизет деген далилге таянганбыз. Бирок өкүлдү бул далил ынандырган жок. Нидерланддар аркылуу Рейн дарыясы агабы деп сурадым. "Швейцариянын Альпы тоолорунан агып келет" деди. "Сурооңузга өзүңүз жооп бердиңиз" дедим. Ал күлүп, Кыргызстандын демилгеси түшүрүлгөн резолюцияга кол коюп берди. Мындан сырткары, Кыргызстандын мурдагы премьери Кубанычбек Жумалиев да АКШ президенти Билл Клинтон менен жолуккан учурда аталган демилгени колдоп берүүнү өтүнгөн. Натыйжада Кыргызстандын сунушун 130 мамлекет колдогон.
Журналист
Алмаз Батилов

Маалымат булагы:
Тышкы иштер министрлиги, КР дипломаттарынын эскерүүсү

Фото
Дипломаттардын жеке архиви колдонулду

Дизайнер
Тьерри Махасуру
Жаңылыктар түрмөгү
0