Ата-эненин бала менен сырдаш болгону көп азгырыктан сактайт. Мугалимдин күндөлүгү

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан аял жана окуучу кыз. Архив
Көчөдө бараткан аял жана окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Жазылуу
Мугалимдердин маянасы көтөрүлүп, коомчулуктун мамилеси да өзгөрүп жатат. Балдар билим берген бул асыл кесиптин ээлеринин баркы көтөрүлсө экен дейбиз. Бул үчүн педагогдор да изденип, болгон билимин окуучусуна берүүгө, мыктылыгы менен үлгү болууга далалат жасашы керек.
Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул сапар өлкөнүн алыскы айылдарында жашаган мугалимдин күндөлүгүн сунуштайбыз.
...Күз өз өкүмүн сүрүп турган учуру. Билинбей эле мектептин күнүмдүк турмушу менен жашыл жалбырактар сары түскө боёлуп калганын байкабай калыптырмын. Бирине бири окшошпогон күндөр, ар кандай көрүнүштөр көз жоосун алат. Ушул мезгилде окуучулардын эсинде калган учурдун бири — "Күз майрамы" фестивалы болсо керек. Бирок ал азыр айылда мурдагыдай ашыкча шаан-шөкөттүү болбой калган. Анткени төгүп-чачып майрамдоону азайтуу максатында көп жылдан бери тыюу салынат. Ошону менен бирге учурда балдардын баалуулуктары да өзгөргөн. 10 жыл мурда көргөзмөгө гербарий жасоо, элден өзгөчөлөнгөн жалбырактарды кургатуу менен чектелсек, азыр жалбыракты сүрөткө тартып, түркүн-түстүү колго жасалган кооздуктарды алып келишет. Окуучулардын эле эмес ата-энелердин да бала тарбиялоодо көз карашы башкача болуп калганы, өзгөргөнү мага байкалат. Азыркы жаш ата-энелер балдардын өз алдынча болуусуна көп шарт түзөт. Эркиндик беришет. Ал эми кенен ой жүгүртүп, эркин ойлонуу сапатын бала билим алуусуна жумшаса абдан жакшы.
Ошол эле учурда ата-эненин көп көңүл бурбагандыгынан, кайдыгерлигинен улам чоң класстар арасында эсеби жок эркиндикти пайдалана албай, үйүндөгүлөрдү кошо кыйнагандар да жок эмес. Шаар жериндеги ата-энелер кечке жумушта акча табуу менен жүрүп баласына аз убакыт бөлүп калса, айылда чарбалык жумуштарга кирип кетүү кедергисин тийгизет. Анын үстүнө телефон да азгырык.
Өкүнүчтүүсү, балдар арасында "клей жыттамай" деген да балекет бар экенин имиштерден угуп жатабыз. Бирок колунан кармап ала элекпиз. Шаар жериндеги окуучулардын арасында да азгырылып, бир чети кызык көрүп синтетикалык баңгизат колдонгондор катталып жатканы кандай өкүнүчтүү. Ушунун баары ата-эне менен баланын ортосунда ишеним жоктугунан деп ойлойм. Себеби биз балага туура тарбия берсек, сырдашсак, ал божурап отуруп эле баарын айтып берип коёт жана табышмактуу окуялар менен бөлүшүп, кеңеш сурайт. Ушул учурда баланын сөзүнө абдан дыкат көңүл бурган ата-эне баласына жол көрсөтүп, билип-билбей балээден куткарып кетери турган иш. Ата-энесинен корккон же алар менен сырдашып үйрөнбөгөн бала көп нерсени жашырат.
Азыр окуучулардын колунда каалаганыңды көргөзүп берүүчү интернет ааламы турат. Андан жаманын да, жакшысын да алсаң болот. Тек гана тандоо ар кимдин өзүндө болуп жатат. Ушул учурда туура тарбия жана ата-эненин "авторитети" гана жардамга келет. Аларды урматтап, сөзүн жерде калтырбаган өспүрүм айткан акылын угат. Бирок психологдор, мээримге сугарылган бөбөк кийин ата-энесинин жаман акыбалда калышын каалабай өзүн дайыма азгырык жолдорго баруудан чектеп турарын айтат.
Азыркы учурда жаңы технологияларды пайдаланып мыкты билимге ээ болгон балдар жок эмес. Кудайга шүгүр, ийгиликтерин угуп суктанып каласың.
Бүгүн мугалимдер бөлмөсүндө отуруп бир окуучу жөнүндө эжейинин сөзүнө күбө болдум. 6-класстын окуучусу аябай тырышчаак, аракетчил кыз экенин баса белгилеп, бирок ата-энеси катуу талап коёрун айтты. Бечара кыз дептерине ката жазып алса да туталанып, ыйлаганга чейин барат экен. Ушул учурда менин жүрөгүм өзгөчө эзилди. Кичинекей кызды аяп "бири кем дүйнөдө болор-болбос ката үчүн жемелөө тура эмес да" деген ой менен алпуруштум. Бул балага психологиялык травма жаратат. Ал өмүр бою бирөөгө жагууга аракет кылып, өзүнөн кыйкым издеп жүрүп жашоосу өтөт. Өзүн баалабай калат. Мындайча айтканда, башкалардын "курмандыгы" болот. Идеалдаштыруу дагы ашыкча болбошу керек.
Алыста тоо койнунда жайгашкан мектепте иштеген мугалимдин бүгүнкү окуучулар тууралуу ой жүгүртүүсү ушундай болду. Ар бир бала бактылуу болсун!
Мугалим мектепте сабак берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Саат кыскарды, айлыгыбыз эмне болор экен?.. Мугалимдин күндөлүгү
Жаңылыктар түрмөгү
0