Саат кыскарды, айлыгыбыз эмне болор экен?.. Мугалимдин күндөлүгү

© Sputnik / Табылды КадырбековМугалим мектепте сабак берүү учурунда
Мугалим мектепте сабак берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Жазылуу
Мугалимдердин маянасы көтөрүлүп, коомчулуктун мамилеси да өзгөрүп жатат. Окутуучунун баркы көтөрүлсө экен дейбиз. Бул үчүн педагогдор да изденип, болгон билимин окуучусуна берүүгө, мыктылыгы менен үлгү болууга далалат жасашы керек.
Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул сапар республиканын түштүгүндө жашаган мугалимдин күндөлүгүн сунуштайбыз.
...Күз. Билинбей эле убакыт өтүп 1-сентябрь кантип кирип келгенин билбей калдык. Кечээ эле акыркы коңгуроо кагылып балдар эс алууга кеткендей болгон. Ал эми бүгүн мектеп өз эшигин окуучуларына ачып отурат.
Күзгө мугалимдердей эч ким даярданбаса керек. Түмөн түйшүктү унутуп, бир жыл бою бала менен бала болууга мугалимдер катуу даярданат. "Жыл ичи эмне жасай алам" деп чоң иш-чараларды пландап, көздөгөн максаттарына карай кадам ташташат. Бул жылдын башка жылдарга караганда өзгөчөлүгү кагаз иштеринин азайгандыгы болду окшойт. Бирок бул мурда он барак кылып жазган отчёттор азыр кереги жок деген сөз эмес. Баары ошол эле бойдон калды, болгону электрондук түрдө сакталып, даяр бериле турган болду. Бул өзгөрүү мезгилдин агымы менен бара жаткан мугалимдер үчүн ыңгайлуу экени талашсыз.
Мектеп окуучусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Ата-эненин алкыш сөзүнө, мээримине суусаган балдар көп. Мугалимдин күндөлүгү
Бирок жаңы маалымат технологиялары менен достошпогон адамдар үчүн оор эле. Кара өзгөйлөнүп, кагазга жазып келүүнү талап кылып жаткан жетекчилер да жок эмес. Эми эмне дейбиз, мугалим чыгармачыл, өз алдынча изденген, ар бир көйгөйдөн чыга алган кеменгер адам эмеспи. Ушинтип өзүбүздү алдап коёбуз. Анткени окуучулардын алдында жоопкерчилигибизди эстегенде чыйралып, шыктануу керек. Келечек ээлерин тарбиялоо биздин колдо. Ал эми билимге чындап суусап, алдыга койгон максаты бар окуучулар 1-сентябрдан тарта ар тараптуу билим алууга дилгир. Анын үстүнө азыр технология заманында мүмкүнчүлүк арбын.
Анан да бир жаңылыгым бар. Негизи күндөлүктү жазып жатып жакшы эле көйгөйлөрдү жазбай жалаң майрамдык маанайда аяктайын дедим эле. Бирок болбоду.
Эсиңиздерде болсо былтыр окуу жылынын аягында мугалимдин айлыгы көтөрүлгөнүн айтып, биздин жарыбай жүрүп бир марыган чөнтөгүбүз коомчулуктун талкуусунда калган. Бирок эмнегедир ал кубанычыбыз да көпкө созулбагандай. Себеби быйыл бардык мугалимге бир ставкадан ашык иштөөгө тыюу салыныптыр. Демек, күндүн жарымын иштеп акча аласың да, калганы бошсуң деген сөз.
Ошентип мугалимдердин бир ставкада иштөө жагы абдан дыкаттык менен каралып жатат. Бир мугалим 18 саат гана алышы керек. Былтыр 1,5 ставка менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Эми мындай болбойт экен. Директор, окуу бөлүмүнүн башчысы, уюштуруучу, соцпедагог бир ставкада болсо, анда кошумча сабак албайт деген маселе да өзгөчө каралууда.
Мурда керээли-кечке иштеп, чарчап-чаалыгып 20 миң сом алсак, азыр мугалим анчалык көп эмес саат менен эле 20 миң ала турган болду. Бирок жазында айлык жаңы көтөрүлгөндөгү алган акчабызды быйыл ала албай калган сыяктуубуз.
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Мугалимдин күндөлүгү: каратып туруп сөккөндөргө унчуга албай отурабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0