Таласта автоунаа кырсыктап, жубайлар машинасы менен кошо өрттөнүп кетти. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КРТаласта автоунаа кырсыктап жана өрттөнүп кетти
Таласта автоунаа кырсыктап жана өрттөнүп кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Жазылуу
Каргаша Тараз — Талас — Суусамыр жолунун 168-чакырымында болгон.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Таластын Бакай-Ата районунда автоунаа кырсыктап, ичиндеги жубайлар машинасы менен кошо өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кырсык Тараз — Талас — Суусамыр унаа жолунун 168-чакырымында болгон. Анда Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзүп, жыйынтыгында машинадан өрт чыккан.
© Фото / пресс-служба МЧС КРМашина сгорела в Таласе
Машина сгорела в Таласе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
"Кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы киши менен 62 жаштагы аялы көз жумган",— деп жазылат кабарда.
Жерине ӨКМдин куткаруучусу барып, каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып Кара-Буура райондук оорукананын өлүкканасына жеткизип беришкени кошумчаланды.
Россияда Су-34 бомбалоочу истребители турак жай кварталына кулады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2022
Россияда Су-34 бомбалоочу истребители турак жай кварталына кулады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0