Астанада КМШ өлкө башчыларынын саммити башталды. Видео

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүКМШга мүчө мамлекеттердин башчылары Астанадагы саммитте
КМШга мүчө мамлекеттердин башчылары Астанадагы саммитте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Жазылуу
Казакстандын борбору Астана шаарында КМШ мамлекеттеринин президенттер кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Ага Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров катышууда.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Sputnik Казакстан президенттердин чогулуп сүрөткө түшкөн видеосун жарыялады.
Иш-чарага Казакстан лидери Касым- Жомарт Токаев төрагалык кылууда. Ал саммитти ачып жатып өлкө башчы болгондон бери жыйынга биринчи ирет катышып жаткан Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов менен учурашты. Андан соң жыйынды ачык деп жарыялады.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттери катышууда.
Мындан тышкары, бүгүн Астана шаарында "Борбор Азия — Россия" форматындагы 1-саммит өтөт.
Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө-мамлекеттер Астанада өткөн жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Азиядагы кызматташуу боюнча кеңешме эл аралык уюм болуп өзгөртүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0