https://sputnik.kg/20221013/dinderdin-onuguu-taryhy-predmeti-okutulup-zhataby-1068925176.html
Диндердин өнүгүү тарыхы предмети окутулуп жатабы? Расмий жооп
Диндердин өнүгүү тарыхы предмети окутулуп жатабы? Расмий жооп
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мектеп программасына 2022-2023-окуу жылынан тарта президенттин жарлыгы менен диндердин өнүгүү тарыхы сабагы киргизилген. 13.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-13T11:59+0600
2022-10-13T11:59+0600
2022-10-13T12:23+0600
кыргызстан
мектеп
окуу
теолог
педагог
китеп
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063494128_0:245:3072:1973_1920x0_80_0_0_dfd97105964527358ff1051190676457.jpg
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча окуу китептери мектептерге жеткирилүүдө, айдын соңуна чейин бардык окуу жайлар камсыздалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Экс-министрдин кармалышына карабастан кайсы реформалар ишке ашат" аттуу брифингде билдиришти.Кыргызстандын мектеп программасына 2022-2023-окуу жылынан тарта президенттин жарлыгы менен диндердин өнүгүү тарыхы сабагы киргизилген.Министрлик өкүлдөрүнөн эмне себептен аталган китептер электрондук форматта жана кыргыз тилинде гана экенин сурашты.Ведомствонун Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева бул сабакты 9-класстын окуучулары окуй турганын белгиледи. Предметти үйрөтө турган теологдор жана тарых мугалимдерин тандоо аяктаган. Дагы 2 450 кишинин документи УКМКга жөнөтүлүп, 2 200 педагог интенсивдүү курстан өткөн. 1-сентябрдан тарта окуу процесси башталып, китептер кыргыз тилдүү мектептер үчүн даярдалды.Министрликтин китеп чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев быйыл аталган предмет боюнча 120 миң окуу китеби басылып чыгарын билдирди. Анын 72 500ү кыргыз тилдүү мектептер үчүн болсо, 42 300ү — орус тилдүү, 8 300ү — өзбек жана 280и тажик тилдүү мектептерге багытталат.Министрлик китеп жетиштүү экенин белгиледи.
https://sputnik.kg/20221010/kyrgyz-zharany-koncepciyasyn-zhajyltuuga-basym-zhasalat-1068819746.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063494128_635:193:2927:1912_1920x0_80_0_0_be0bf73e9d9b45a25f4ca11783a7c639.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мектеп, окуу, теолог, педагог, китеп
кыргызстан, мектеп, окуу, теолог, педагог, китеп
Диндердин өнүгүү тарыхы предмети окутулуп жатабы? Расмий жооп
11:59 13.10.2022 (Жаңыртылды: 12:23 13.10.2022) Кыргызстандын мектеп программасына 2022-2023-окуу жылынан тарта президенттин жарлыгы менен диндердин өнүгүү тарыхы сабагы киргизилген.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча окуу китептери мектептерге жеткирилүүдө, айдын соңуна чейин бардык окуу жайлар камсыздалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Экс-министрдин кармалышына карабастан кайсы реформалар ишке ашат" аттуу брифингде билдиришти.
Кыргызстандын мектеп программасына 2022-2023-окуу жылынан тарта президенттин жарлыгы менен диндердин өнүгүү тарыхы сабагы киргизилген.
Министрлик өкүлдөрүнөн эмне себептен аталган китептер электрондук форматта жана кыргыз тилинде гана экенин сурашты.
Ведомствонун Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева бул сабакты 9-класстын окуучулары окуй турганын белгиледи. Предметти үйрөтө турган теологдор жана тарых мугалимдерин тандоо аяктаган. Дагы 2 450 кишинин документи УКМКга жөнөтүлүп, 2 200 педагог интенсивдүү курстан өткөн. 1-сентябрдан тарта окуу процесси башталып, китептер кыргыз тилдүү мектептер үчүн даярдалды.
Министрликтин китеп чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев быйыл аталган предмет боюнча 120 миң окуу китеби басылып чыгарын билдирди. Анын 72 500ү кыргыз тилдүү мектептер үчүн болсо, 42 300ү — орус тилдүү, 8 300ү — өзбек жана 280и тажик тилдүү мектептерге багытталат.
"Кыргыз тилиндеги китептер өлкөнүн бардык аймагына жеткирилди. Калганы даярдалып жатат. Айдын аягына чейин өлкө мектептери толук камсыз болот", — деди Тоялиев.
Министрлик китеп жетиштүү экенин белгиледи.

10 Тогуздун айы 2022, 12:09