Кыргызстан Түркиядан пилотсуз учкан Bayraktar Akıncı техникасын алды

CC BY 4.0 / ArmyInForm / Bayraktar Akıncı пилотсуз учкан техникасы. Архив
Bayraktar Akıncı пилотсуз учкан техникасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Жазылуу
Кыргызстан Түркиядан 2021-жылы пилотсуз учуучу "Байрактар" аппараттарын сатып алган.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстан Түркиядан Bayraktar Akıncı ("Байрактар Акынжы") деп аталган кубаттуу пилотсуз учкан техника алды. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Акынжы" — дрон менен сокку ура турган артыкчылыкка ээ кубаттуу курал. Бул техника 2001-жылы Түркиянын Аскер-аба күчтөрүнүн куралдарынын катарына киргизилген.
Эске салсак, Кыргызстан Түркиядан буга чейин, тагыраагы, 2021-жылдын декабрында пилотсуз учуучу "Байрактар" аппараттарын сатып алган.
Президент Садыр Жапаров УКМК Чек ара кызматынын пилотсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2022
Садыр Жапаров пилотсуз учкан "Байрактарды" башкаруу базасын ачты. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0