https://sputnik.kg/20221008/zhkkunun-ustavyn-ozgortuunu-sunushtady-1068761547.html
Кыргызстан Армениядагы жыйында ЖККУнун уставын өзгөртүүнү сунуштады
Кыргызстан Армениядагы жыйында ЖККУнун уставын өзгөртүүнү сунуштады
Sputnik Кыргызстан
Ниязалиев кесиптештерине тажик тараптын кол салуусунун кесепеттери тууралуу маалымат берген. 08.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-08T11:21+0600
2022-10-08T11:21+0600
2022-10-08T15:36+0600
чек арадагы жаңжал. кыргызстан менен тажикстандын тиреши
кыргызстан
тажикстан
армения
жкку
нуран ниязалиев
устав
өзгөртүү
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/08/1068761261_0:60:1280:780_1920x0_80_0_0_f34a2865c7452df72a82f08170b53953.jpg
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Армениянын Ереван шаарында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн консультациялык жолугушуусуна катышты.ТИМдин маалымат кызматы аталган жыйынга тышкы иштер министрлеринин орун басарлары чогулганын билдирди.Алар алдыда боло турган ТИМ башчыларынын, коргоо министрлеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен кеңешин, ошондой эле ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүүгө даярдык маселелерин карашкан.Тагыраак айтканда, делегациялар бир катар маанилүү документтерди иштеп чыгып, талкуулап, коопсуздук жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга биргеликте каршы туруу маанилүүлүгүн белгилешкен.Нуран Ниязалиев жолугушуунун катышуучуларына Тажикстандын Кыргызстанга аскерий кол салуусунун кесепеттери тууралуу маалымдап, баскынчылыктын тизгинин тартуу үчүн тез арада ЖККУнун механизмин иштеп чыгууга чакырды.Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу баскынчылыгыТажик тараптын кол салуусунан 62 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 50 аскер кызматкери курман болду. 169 киши ар кандай жаракат алган. Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 639у — турак үй.14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Аткылоого тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашканы айтылып келет. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлаган.Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна да түшүп, бир катар объектилер талкаланган. Андан соң алар 17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.Тажикстандын аскерлери, жай тургундары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен. Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады. Садыр Жапаров дагы БУУнун сессиясында бүт дүйнөгө Тажикстан Кыргызстанга чыккынчылык менен кол салганын белгилеген.
https://sputnik.kg/20220927/tim-tazhik-biyligine-zhoop-berdi-1068357237.html
тажикстан
армения
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/08/1068761261_81:0:1200:839_1920x0_80_0_0_f256bca646ce166d5f013fb9c33d0919.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тажикстан, армения, жкку, нуран ниязалиев, устав, өзгөртүү
кыргызстан, тажикстан, армения, жкку, нуран ниязалиев, устав, өзгөртүү
Кыргызстан Армениядагы жыйында ЖККУнун уставын өзгөртүүнү сунуштады
11:21 08.10.2022 (Жаңыртылды: 15:36 08.10.2022) Ниязалиев кесиптештерине тажик тараптын кол салуусунун кесепеттери тууралуу маалымат берген.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Армениянын Ереван шаарында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн консультациялык жолугушуусуна катышты.
ТИМдин маалымат кызматы аталган жыйынга тышкы иштер министрлеринин орун басарлары чогулганын билдирди.
Алар алдыда боло турган ТИМ башчыларынын, коргоо министрлеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен кеңешин, ошондой эле ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүүгө даярдык маселелерин карашкан.
Тагыраак айтканда, делегациялар бир катар маанилүү документтерди иштеп чыгып, талкуулап, коопсуздук жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга биргеликте каршы туруу маанилүүлүгүн белгилешкен.
Нуран Ниязалиев жолугушуунун катышуучуларына Тажикстандын Кыргызстанга аскерий кол салуусунун кесепеттери тууралуу маалымдап, баскынчылыктын тизгинин тартуу үчүн тез арада ЖККУнун механизмин иштеп чыгууга чакырды.
"Ал тараптарды мындан кийин дагы куралдуу баскынчылыкка жол бербөө жана мамлекеттер аралык пикир келишпестиктерди Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим жана ЖККУнун уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүү үчүн тез арада ЖККУнун механизмине өзгөртүү киргизүүгө чакырды. Мунун алкагында биргелешкен билдирүү кабыл алып, ЖККУнун уставдык документтерине түзөтүү киргизүү сунушталды", — деп айтылат маалыматта.
Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу баскынчылыгы
Тажик тараптын кол салуусунан 62 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 50 аскер кызматкери курман болду. 169 киши ар кандай жаракат алган. Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 639у — турак үй.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Аткылоого тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашканы айтылып келет. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлаган.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна да түшүп, бир катар объектилер талкаланган. Андан соң алар 17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жай тургундары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен. Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады. Садыр Жапаров дагы БУУнун сессиясында бүт дүйнөгө Тажикстан Кыргызстанга чыккынчылык менен кол салганын белгилеген.