Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Күнөөнү оодарбагыла. ТИМ тажик бийлигинин БУУдагы билдирүүсүнө жооп берди

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүКыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылында кыргыз жоокери
Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай айылында кыргыз жоокери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2022
Жазылуу
Кыргыз бийлиги мындан аркы чек арадагы чыңалуунун жоопкерчилиги тек гана Тажикстандын мойнунда болорун айтты.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тажикстандын бийлиги БУУда жасаган докладында маалыматтарды бурмалап, куралуу кол салуунун жоопкерчилигин Кыргызстанга оодара салууга аракет кылды. Бул туурасында КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирип, коңшу өлкөгө жооп кайтарды.
Анда тажик тарап 24-сентябрда өзүнө ылайыктуу жерлерин гана айтканы белгиленди. Болбосо күн мурунтан эле Тажикстан куралдуу агрессия жасаган айыбын мойнуна албай, күнөөнү оодарууга аракет кылары билгилүү болчу.
ТИМ Тажикстандын агрессиясынан 62 кыргызстандык каза таап, 200гө жакыны жарадар болгонун белгилеп, анын ичинде 13 жаш бала, 14 аял, 171 эркек киши болгонун эске салды. Ал эми 140 миң адам өз үйүн таштап качууга аргасыз болгон.
"Буга байланыштуу кыргыз тарап Тажикстандын негизсиз айыптоолорун жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга оодара салуу аракети катары сыпаттайт. Тажик тарап КРдин коргоону аракеттерин дискредитациялоо максатында эл аралык коомчулукка так эмес маалыматты таратуу кампаниясын баштады. Кыргызстанда агрессиянын башталышы жана тажик аскерлеринин кылмыштарынын бардык далилдери (сүрөт, видео) бар. Кыргызстан Тажикстанга таандык жерлерди басып алды дегени да жалган маалыматтын бир бөлүгү. Биз коңшулардан айырмаланып эч качкан баскынчылык максатты көздөгөн эмеспиз, бирок өзүбүздүн жердин бир сантиметрин дагы бербейбиз", — деп жазылган ТИМдин жообунда.
Ошондой эле министрлик Кыргызстан аскерлерин жана техникаларын калктуу конуштарга катып жатат дегенди да коомчулукту адаштыруу максатында айтылган деп эсептеди.
"Буга байланыштуу мындан аркы чек арадагы чыңалуунун жоопкерчилиги тек гана Тажикстандын мойнунда болот. Тажик тараптын эки жолку агрессиясына карабай Кыргызстан бардык чек ара жана ички маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин айтып келет. Ага кыргыз тарапта эрк жана даярдык бар", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз тарап 14-17-сентябрда болгон жаңжалды Тажикстандын Кыргызстанга каршы алдын ала даярдалган аскердик агрессиясы деп сыпаттаган. Расмий билдирүүлөрдө Тажикстан негизги эл аралык принциптерди: аймактык бүтүндүк, чек араны бузуу, талашты тынчтык менен чечүү, күч колдонбоо, адамдардын укуктарын жана эркиндигин, БУУнун уставында бекитилген жана башка эл аралык документтерди бузду деп айтылып келет.
Тажикстандын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Жалган маалымат таратып кырдаалды курчутпагыла. Бишкек Душанбени айыптады
Жаңылыктар түрмөгү
0