Ысык-Көл облусун Илияз Иманбетов жетектемей болду

© Фото / пресс-служба ГНС КРПрезиденттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
Жазылуу
Иманбетов 1971-жылы 6-январда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулган.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин Иманбетов финансы министринин биринчи орун басары болчу. Аталган кызматтан ал бүгүн эле бошотулуп, эмиЫсык-Көл облусун башкармай болду.
Иманбетов 1971-жылы 6-январда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулган.
Буга чейин аталган облусту Алтынбек Сулайманов жетектеп келген. Бирок ал аракети текке кетерине көзү жеткенин айтып, кызматын өз каалоосу менен тапшырып берген.
Кыргызстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Канайым Бактыгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2022
Садыр Жапаров Кытайдагы элчини алмаштырды
Жаңылыктар түрмөгү
0