Тоолорго кар жаайт. Бир жумага карата Чүй облусундагы аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТоолуу аймак. Архивдик сүрөт
Тоолуу аймак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Жазылуу
Облустун аймагында жаан-чачын 30-сентябрдан тарта башталат.
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Алдыдагы аптада Чүй облусунда күндүн табы кайтат. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, шейшембиде абанын температурасы 23 градуска түшүп, кийинки жекшембиде 20 градус болуп калат.
26-29-сентябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.
30-сентябрда жана 1-октябрда тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолорго кар түшөт.
Сейилдеп жүрөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Ысыктын илеби кайтабы? Кыргызстандагы бир жуманын аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0