Келерки аптада Нарында жамгыр жаайбы? Божомол

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 27-сентябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Нарын облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Аталган аймактын кээ бир жерлеринде 25-сентябрда күндүз өткүн өтүшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 26-сентябрдан 1-октябрга чейин күн ачык болору айтылды. Абанын температурасы 20...22 градус жылуу болору күтүлүүдө.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 27-сентябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Сейилдеп жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0