Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСейилдеп жүргөн адам. Архив
Сейилдеп жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Жазылуу
Бул айда кээ бир күндөрү суук болуп, тоолуу аймактарда абанын температурасы нөлдөн ылдыйлайт.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги октябрь айына карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометОктбярдагы абанын орточо температурасы
Среднемесячная температура воздуха по Кыргызстану в октябре 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Октбярдагы абанын орточо температурасы
Билдирмеге караганда, абанын айлык орточо температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында норманын чегинде, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда нормадан 1 градус төмөн болушу ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болору айтылды.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометОктябрдагы жаан-чачындын орточо көлөмү
Среднемесячное количество осадков в Кыргызстане в октябре 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Октябрдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, дыйканчылык аймактарда 9…11 градус, тоо этектеринде 4…6 градус төмөндөшү күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 — 7…12 градуска чейин жылуу болсо, кээ бир түндөрү -1...-3 градуска чейин муздап, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 10…15 — 20…25 градус жылуу болсо, айрым 2…7 градуска чейин төмөндөй т.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…5 — 2…-4 градуска чейин өзгөрүп, үшүк жүрүшү ыктымал. Күндүз 8…13 — 15…20 градус жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору божомолдонду.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 7…9 градус жылыйт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градусту көрсөтсө, кээ бир түндөрү -2...-4 градуска төмөндөп, үшүк жүрөт. Күндүз абанын температурасы 9…14 — 18…23 градуска чейин өзгөрүп турат. Бирок айрым күндөрү күн сууктап, 1…6 градуска чейин төмөндөшү ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 11…13 градус жылыйт. Бирок тоо этектеринде күн сууктайт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 — 9…14 градуска чейин жылыса, айрым түндөрү 0...-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Күндүз 12…17 — 21…26 градуска жетсе, кээ бир күндөрү 5…10 градуска чейин төмөндөйт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9 градусту көрсөтсө, айрым түндөрү -2...-4 градуска чейин муздайт. Күндүз 9…14 — 18…23 градус жылуу болору божомолдонду. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде сакталып, 11…13 градус жылыйт. Тоо этектериндеги райондордо климаттык нормадан 1 градуска төмөндөйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 — 9…14 градусту көрсөтсө, күндүз 12…17 — 21…26 градуска чейин жылый турганы айтылды. Айрым күндөрү абанын температурасы 5…10 градуска чейин төмөндөйт. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9, күндүз 9…14 — 18…23 градусту көрсөтөт. Бирок башка аймактар сыяктуу бул жакта да айрым күндөрү күн салкындап, абанын температурасы төмөндөйт. Токтогулда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 —7…12 градусту көрсөтсө, күндүз 9…14 — 18…23 градуска жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 11…13 жылуу болору айтылды. Тоо этектериндеги райондордо климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 7…9 градусту көрсөтөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 — 9…14 градуска чейин төмөндөсө, кээ бир түндөрү 0...-2 градусту көрсөтүп, үшүк жүрөт. Күндүз 12…17 — 21…26 градуска чейин өзгөрүп турат. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы кээ бир түндөрү -2...-4 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 9…14 — 18…23 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 6…8 градус жылыйт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градус, кээ бир түндөрү -2…-4 градуска чейин муздайт. Күндүз 7…12 — 14…19 градусту көрсөтсө, кээ бир күндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 5…7 градусту көрсөтөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градуска төмөндөсө, кээ бир түндөрү -3…-8 градуска чейин суук болот. Күндүз 7…12 — 14…19 градуска чейин өзгөрүп турары айтылды. Кээ бир күндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Көмүр сактоо жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
Казакстан көмүрдү тышка ташууга тыюу салды. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0