Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

40 мүнөт мурун чыгып кеттик эле... Баткен шаарындагы үйүнө снаряд түшкөн Адылбеков

© Sputnik / Зульфия ТургуноваБаткен шаарындагы снаряд түшкөн үй
Баткен шаарындагы снаряд түшкөн үй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Жазылуу
Тажик тараптын аткылоосунан Азизбек Адылбековдун Баткен шаарынын чок ортосунда жайгашкан үйү талкаланган. Ал үй-бүлөсүн алып чыккандан 40 мүнөт өткөндөн кийин залптык ракета системасынын снаряды түшкөнүн айтты.
Адылбеков азыр үйүнө келе элек, Sputnik Кыргызстандын кабарчысы аны менен телефон аркылуу сүйлөштү.
© Sputnik / Зульфия Тургунова

Тажик тараптын аткылоосунан Азизбек Адылбековдун Баткен шаарынын чок ортосунда жайгашкан үйү талкаланган

Тажик тараптын аткылоосунан Азизбек Адылбековдун Баткен шаарынын чок ортосунда жайгашкан үйү талкаланган - Sputnik Кыргызстан
1/3

Тажик тараптын аткылоосунан Азизбек Адылбековдун Баткен шаарынын чок ортосунда жайгашкан үйү талкаланган

© Sputnik / Зульфия Тургунова

Ал үй-бүлөсүн алып чыккандан 40 мүнөт өткөндөн кийин залптык ракета системасынын снаряды түшкөнүн айтты

Ал үй-бүлөсүн алып чыккандан 40 мүнөт өткөндөн кийин залптык ракета системасынын снаряды түшкөнүн айтты - Sputnik Кыргызстан
2/3

Ал үй-бүлөсүн алып чыккандан 40 мүнөт өткөндөн кийин залптык ракета системасынын снаряды түшкөнүн айтты

© Sputnik / Зульфия Тургунова

Адылбеков азыр үйүнө келе элек, Sputnik Кыргызстандын кабарчысы аны менен телефон аркылуу сүйлөштү

Адылбеков азыр үйүнө келе элек, Sputnik Кыргызстандын кабарчысы аны менен телефон аркылуу сүйлөштү - Sputnik Кыргызстан
3/3

Адылбеков азыр үйүнө келе элек, Sputnik Кыргызстандын кабарчысы аны менен телефон аркылуу сүйлөштү

1/3

Тажик тараптын аткылоосунан Азизбек Адылбековдун Баткен шаарынын чок ортосунда жайгашкан үйү талкаланган

2/3

Ал үй-бүлөсүн алып чыккандан 40 мүнөт өткөндөн кийин залптык ракета системасынын снаряды түшкөнүн айтты

3/3

Адылбеков азыр үйүнө келе элек, Sputnik Кыргызстандын кабарчысы аны менен телефон аркылуу сүйлөштү

“Ар тараптан жардыруунун үнү угулуп, жакындаган сайын тынчсыздана баштадык. Анан Кара-Булак, Кара-Токой айылдарына барып туралы деп үйдөн чыгып кеттик. Кара-Токой айылында 15-20 мүнөттөй турдук да, чектеш Сох анклавына кирип кеттик”, — деди жабырлануучу.
Ал Сох анклавы аркылуу Кызыл-Кыя шаары тарапка өтөрү менен “сенин үйүңө бомба түштү” деп телефон чалуулар, билдирүүлөр келе баштаган.
“Укканыма ишенбей, сүрөттөрдү карасам чындап эле менин үйүм экен. Саат үчтөн өткөндө үйдөн чыгып кеткен болсок, болжол менен 16:00дөрдө снаряд түшүп жарылыптыр. Бүт баары талкаланып, эч нерсе калбаптыр. Ал жерде 40 мүнөт мурун эле балдарым, ата-эне, туугандарым менен 15 адам отурганбыз да. Кокусунанбы же тажик тарап үйүмдү административдик мекеме деп ойлогонбу, белгисиз. Ушул көчөдөн бир гана менин үйүмө снаряд түшүп, жарылган. Бул тамды Россияда 12 жыл мигрант болуп иштеп салган элем”, — деди Адылбеков.
Ал Кызыл-Кыядагы тургундарынын биринин турак жайына үч баласы, аялы, улгайган апасы жана кайненеси менен келип убактылуу баш калкалап отурат. Жергиликтүү бийлик азык-түлүк жана башка керектүү каражаттар менен камсыздап жатат.
Бала бакча жаңы бүткөн болчу. Тажик тарап күлгө айланткан Ак-Сай айылынан видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Бала бакча жаңы бүткөн болчу. Тажик тарап күлгө айланткан Ак-Сай айылынан видео
Жаңылыктар түрмөгү
0