Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Садыр Жапаров: ата-бабалар мурастаган жерибиздин бир да чарчы метрин бербейбиз

Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы мекен чегинде курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү ар тараптан камкордукка алынарын убадалады.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышка байланыштуу жасаган кайрылуусунда айтылат.
Мамлекет башчы мекен чегинде курман болгон жарандардын үй-бүлөсүнө, ата-энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

"Бир чарчы метр жерди бербей, мекен чегин көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти аткарып жатып курман болушту. Алардын үй-бүлөлөрү ар тараптан камкордукка алынарына сөз берем. Урматтуу агайын-туугандар, курман болгон ар бир жараныбыз — жалпы кыргызстандыктардын сыймыктуу уул-кыздары", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал эр жүрөк чек арачылардын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирди.
"Манас атабыздын каны айланган ар бир азаматыбыз үстөккө-босток атылып жаткан октон жалтанбай, чек арадан артка чегинип бербей, бекем туруп беришти. Бул куралдуу кагылышта жалаң эле биздин жарандарыбыз өлүмгө кириптер болгон жок. Ыкчам маалыматтарга ылайык, тажик тарап дагы оор жоготууларга учурады", — деди президент.
Аны менен катар Жапаров тарыхта чек ара маселеси жөнгө салынбай, жер талашкан учурлардын баары чыр-чатак менен коштолуп, жоготуулар сөзсүз болгондугун эске салды.
"Бирок кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз. Улуттук кызыкчылыгыбызды бекем коргойбуз!" — деди Жапаров.
Мамлекет башчы кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселеси дагы деле күн тартибинде турганын белгиледи.
"Тарых тастыктап келе жаткандай, чек ара өтө кылдаттыкты, сабырды талап кылган оор маселе. Ошентсе да биз кыргыз-тажик чек арасын ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди бир мүнөт дагы токтотпойбуз", — деди президент.
Мындан сырткары, ал Өзбекстан менен чек ара тилкелеринин баары такталып, аларды кагазга түшүрүп, тариздөө маселелери гана калганын кошумчалады.
Ушу тапта чек арада абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
КР аскерлери атайын машыгуулар учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Алимбаев: кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0