Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.
Калашников автоматынын гильзалары. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу. 2-күн. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Кандуу жаңжал 24 кыргызстандыктын өмүрүн алды.
Sputnik Кыргызстан чек арадагы абалды чагылдырган тексттик трансляциясын улантат.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
00:03 18.09.2022
Антониу Гуттериш Садыр Жапаров менен жолугууга даяр
БУУнун баш катчысы КР президенти менен 20-сентябрь күнү Нью-Йоркто жолугууга даяр. Бул тууралуу ал КР ТИМинин жетекчиси Жээнбек Кулубаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда билдирген.
ТИМдин маалымат кызматы Антониу Гуттеришке кыргыз-тажик чек арасындагы абал, талкаланган инфраструктура жана адам өлүмү, жарадар болгондор тууралуу маалымат берилгенин кабарлады.
23:25 17.09.2022
Чек арадагы кагылышуудан жапа чеккендердин саны 129га жетти
22:55 17.09.2022
Россиядагы элчилик мекендештерди чагымчылыкка алдырбоого чакырды
Чек арадагы чатакка байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин жетекчилери менен жолугушту.
Ал башка мамлекеттин өкүлдөрү менен чыр-чатактарды болтурбоо максатында РФ аймагында жүргөн жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Буга катар бардык мекендештерди сабырдуулукка, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна доо кетире турган маалыматтарды таркатпоого жана чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырды.
Встреча посла КР в РФ c руководителями кыргызских диаспоральных организаций - Sputnik Кыргызстан
Встреча посла КР в РФ c руководителями кыргызских диаспоральных организаций - Sputnik Кыргызстан
22:15 17.09.2022
Абалды Садыр Жапаров көзөмөлдөп жатат
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды көзөмөлдөп, аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Зарыл маалыматтар бардык түзүмдөрдөн туруктуу негизде келип турат. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери оку болгон жерде жүрүшөт.
Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен жаракат алгандарга жардам көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Өзгөчө оор абалдагылар Бишкек жана Ош шаарларындагы медициналык мекемелерге аба транспорту жана унаалар менен которулууда.
Тийиштүү мамлекеттик органдарга коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөн тургундарды тиешелүү шарттар менен камсыздоо тапшырмасы берилди.
Мезгил-мезгили менен тажикстандык аскер кызматкерлери тарабынан аткылоо жүргүзүлүүдө. Ошого карабастан жалпы күч-аракеттер менен аткылоону толук токтотууга жана маселени тынчтык жол менен чечүүгө аракет көрүлүүдө.
Күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери оор техникаларды жана аскер кызматкерлерин туруктуу жайгашкан жерлерине толук алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
22:08 17.09.2022
Баткенде чек арада жабыркагандарга 10 млн. сомдой акча чогулду
22:05 17.09.2022
Лейлектеги Арка айылы
22:04 17.09.2022
ТИМ элчилерди чакырып Тажикстандын кол салуусу тууралуу маалымат берди
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстандагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине Баткендеги кырдаал тууралуу маалымат берди. Бул туурасында ТИМ кабарлады.
Ниязалиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан каза тапкандар болгонун, арасында жай тургундар бар экенин айткан. Жергиликтүү жашоочулар жер которуп, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер, турак жайлардын талкаланганын маалымдаган. Аны менен катар кыргыз жарандардын мүлкү жана буюмдары таланып-тонолгонун билдирген.
Өз кезегинде чет элдик элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү курман болгондордун жакындарына көңүл айтышты. Ошондой эле азыркы кырдаалга тынчсызданууларын билдирип, кыргыз тараптын кризисти дипломатиялык жол менен чечүү аракетин колдошкон.
Мындан тышкары, алар Баткен элине гуманитардык жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүгө, анын ичинде БУУнун Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүчү координациялык тобу аркылуу берүүгө даяр экендиктерин белгилеген.
Брифинг МИД для глав диппредставительств иностранных государств и представительств международных организаций в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
21:21 17.09.2022
Чек ара кызматынын саат 21.00гө карата маалыматы
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Оштун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал курч бойдон сакталып турат;
Саат 19:00дө Чоң-Алайдын Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду;
Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу "Гулистон-авто жол" (ТР) өткөрмө бекетинде өткөрүү пландаштырылган;
Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы өздүк курамы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.
20:30 17.09.2022
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022
УКМК: Камчыбек Ташиев барымтага алынды деген билдирүү карандай калп
19:21 17.09.2022
Чек аралаш айылдардан келгендерди Бишкектин аэропортунан шаарга акысыз ташып жаткан таксисттер
18:39 17.09.2022
Чоң-Алайда кайрадан абал курч
УКМКнын Чек ара кызматынын соңку маалыматына ылайык, саат 18.20да тажик тарап Чоң-Алайдагы Карамык чек ара заставасын көздөй ок чыгарган.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы аймактардагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.
18:37 17.09.2022
Председатель кабмина КР навестил раненых граждан в ходе вооруженного конфликта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Председатель кабмина КР навестил раненых граждан в ходе вооруженного конфликта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Председатель кабмина КР навестил раненых граждан в ходе вооруженного конфликта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Председатель кабмина КР навестил раненых граждан в ходе вооруженного конфликта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
18:30 17.09.2022
Милиция Баткенде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Аймакта ички иштер органдары менен ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскерлери кызмат өтөөдө.

Баткен менен Лейлек районунда кызматкерлерден түзүлгөн кайгуулдар күнү-түнү иш алып барууда.

Ошондой эле чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө.

Азыркы убакта абал чыңалган бойдон калууда.
18:26 17.09.2022
Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 10 миңдей үй жарыксыз калды

Баткен районунда 26, Лейлекте алты айылда 9 609 турак жайга берилчү электр энергиясы үзүлтүккө учураган. Оңдоо иштерине электриктер тартылды.
18:24 17.09.2022
Акылбек Жапаров Баткендеги куралдуу кагылышууда жаракат алгандардан кабар алды
Акылбек Жапаровго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тийиштүү дарылануу жана психологиялык жардам алып жаткан 7 баланын абалы тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Улуттук госпиталда жаткан жарадар болгон жарандарга жана аскер кызматкерлерине барды. Учурда медициналык мекемеде 36 адам дарыланууда, жабыркагандардын абалы орто жана оор деп мүнөздөлөт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бардык жабырлануучулар тийиштүү дарылануу жана андан ары ден соолугун калыбына келтирүү менен камсыздалаарын баса белгиледи.
17:56 17.09.2022
Кыйроолор тууралуу маалымат
Кара-Бак айылында мектептин китепканасы, Кызыл-Бел айылында эки сарай жана Баткен шаарында бир дүкөн менен автосервис снаряд тийип кыйраганы белгилүү болду.
Бул саат 14.00гө карата алынган маалымат
17:00 17.09.2022
Жараат алгандардын кээси атайын борт менен Бишкекке жеткирилүүдө
16:59 17.09.2022
Саат 16.00гө берилген маалымат боюнча жабыркагандардын саны 122ге жетти
16:58 17.09.2022
Баткен үчүн бир муштумга түйүлгөн КЫРГЫЗ!
16:32 17.09.2022
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча баткендиктерди колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 3 598 430,28 сом түшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0