https://sputnik.kg/20220916/sadyr-zhaparov-kytaj-zbekstan-kyrgyzstan-temir-zhol-1067945648.html
Жапаров Самаркандда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу тууралуу айтты
Жапаров Самаркандда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу тууралуу айтты
Sputnik Кыргызстан
Үч өлкөнү байланыштырган темир жолду куруу боюнча макулдашууга 15-сентябрда кол коюлган. 16.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-16T18:07+0600
2022-09-16T18:07+0600
2022-09-16T18:07+0600
садыр жапаров
темир жол
долбоор
макулдашуу
https://sputnik.kg/img/07e6/09/10/1067932676_247:573:2420:1795_1920x0_80_0_0_df0027ee9a35db452d29353d4cf34fcb.jpg
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу долбоору Кытайдын "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагындагы ири долбоорлордун бири болот. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында (Өзбекстан) өткөн ШКУнун кезектеги жыйынында айтканын өлкө башчынын маалымат катчысы билдирди.Темир жол боюнча макулдашууга 15-сентябрда кол коюлган.Президенттин маалымат кызматы белгилегендей, бул темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүктөгү бутагы болот. Ошондой эле Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн базарларына барууга жол ачат."Курулган темир жол Кытайдан Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш, андан ары Евробиримдикке товар ташууну камсыздоого шарт түзөт. Аталган долбоор эл аралык рынокто аралык кыскарып, жүк жеткирүүдөгү убакыттын үнөмдөлүшүнүн эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыгын күчөтөт", — деген өлкө башчы.
https://sputnik.kg/20220916/sadyr-zhaparov-zhyjyn-otkorot-1067935973.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/10/1067932676_142:0:2662:1890_1920x0_80_0_0_42d13eb0662908c0e2e51357e5344269.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
садыр жапаров, темир жол, долбоор, макулдашуу
садыр жапаров, темир жол, долбоор, макулдашуу
Жапаров Самаркандда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу тууралуу айтты
Үч өлкөнү байланыштырган темир жолду куруу боюнча макулдашууга 15-сентябрда кол коюлган.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу долбоору Кытайдын "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагындагы ири долбоорлордун бири болот. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында (Өзбекстан) өткөн ШКУнун кезектеги жыйынында айтканын өлкө башчынын маалымат катчысы билдирди.
Темир жол боюнча макулдашууга 15-сентябрда кол коюлган.
"Бүгүнкү күндө эффективдүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, аймактарда эл аралык унаа жана темир жолдорун куруу зарылчылыгын көрүп жатабыз. Долбоорду ишке ашыруу аймактын транзиттик потенциалын толук ачканга жана дүйнөлүк рынокко чыгууга олуттуу кадам болот", — деди Жапаров.
Президенттин маалымат кызматы белгилегендей, бул темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүктөгү бутагы болот. Ошондой эле Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн базарларына барууга жол ачат.
"Курулган темир жол Кытайдан Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш, андан ары Евробиримдикке товар ташууну камсыздоого шарт түзөт. Аталган долбоор эл аралык рынокто аралык кыскарып, жүк жеткирүүдөгү убакыттын үнөмдөлүшүнүн эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыгын күчөтөт", — деген өлкө башчы.