Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Тажик тарап аткан снаряд тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду

© Sputnik / Дмитрий МакеевСнаряд. Архив
Снаряд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Жазылуу
Маркум кыз "Достук" орто мектебинин 9-классынын окуучусу болгон.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Баткенде тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду. Маалыматты өспүрүмдүн атасы Малик Маннанов тастыктады.
Маркум кыз Лейлек районундагы Достук айылынын "Достук" орто мектебинин 9-классынын окуучусу болгон. Айылдаштары менен чогуу Бешкент айыл өкмөтүндөгү Маргун айылын көздөй качып бараткан учурда ага снаряддын сыныгы тийген.
Соңку маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 42 адам жарадар болду. Баткен облустук бириктирилген ооруканада 19, Лейлекте 18 бейтап бар. Жаракат алган дагы беш киши Бишкекке жөнөтүлдү.
Аскердик машыгуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Эки өлкөнүн УКМК башчылары атышууну токтотуу чечимин кабыл алышты
Жаңылыктар түрмөгү
0