Жапаров менен Путиндин Самарканддагы жолугушуусунда талкууланган маселелер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолугушуусу
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Жазылуу
Президенттер Самаркандда (Өзбекстан) ШКУ саммитинин алкагында жолугушкан.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолугушуусунда талкууланган маселелерди өлкө башчынын маалымат кызматы тизмектеп берди.
Президенттер Самаркандда (Өзбекстан) ШКУ саммитинин алкагында баарлашкан.
"Өлкө башчылары эки тараптуу түрдүү тармактагы кызматташтык, анын абалы жана келечеги тууралуу талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров өлкөлөр ортосундагы алака эки тараптуу, ошол эле учурда эл аралык уюмдар жана интеграциялык биримдиктер алкагында да динамикалуулугу менен айырмаланарын айткан.
"Россия Кыргызстандын соода-экономикалык тармактагы сап башында турган өнөктөштөрүнүн бири болуп кала берет", — деди Жапаров.
Өлкө башчысы үстүбүздөгү жылдын алты ай аралыгында өткөн жылга салыштырмалуу эки тараптуу товар айландыруунун көлөмү бир топко өскөнүн кошумчалады.
"Инвестициялык долбоорлор, анын ичинде Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосундагы долбоорлор да ийгиликтүү өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө фонд дээрлик 440 миллион долларды түзгөн 3200 долбоорду ишке киргизүүгө макулдук берди. Кыргыз Республикасында орус тилинде билим берген мектептер курулат", — деген Жапаров.
Кремль Жапаровдун айтканына таянып, 2023-жылы беш мектеп, 2024-жылы дагы төрт мектеп куруларын айтты.
Садыр Жапаров Путин менен болгон жолугушуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдеп, каралган маселелер иш жүзүндө чечилерине ишеним арта турганын билдирди.
Владимир Путин өз кезегинде Россия менен Кыргызстан бир катар аймактык уюмдардын алкагында биргеликте иш алып барган жакын стратегиялык өнөктөш, союздаштар экенин айтты.
"Россия Кыргызстандын соода-экономикалык тармактагы сап башында турган өнөктөшү бойдон калат. Өткөн жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү өскөн, бул жылы былтыркыдан да көбөйдү. Ошол эле учурда өсүү темпи жакшы. Өткөн жылы ал 46,6 пайызга жогорулаган, бул абдан жакшы көрсөткүч. Россия тарап Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантат, өзгөчө кырдаал, жаратылыш кырсыктары болуп кетсе техникалык көмөк көрсөтүүгө даяр", — деди ал.
Путин июль айында Россия өкмөтүнүн Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана тик учак жеткирүү буйругу чыкканын маалымдады. Бул максатта Россиянын бюджетинен дээрлик 1,5 миллиард рубль каражат бөлүнгөн.
Россия президенти жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн маданий-гуманитардык байланыштары боюнча да сүйлөдү.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Самарканддагы жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда 4 документ кабыл алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0