Бишкекке 100дөй өлкөдөн ректорлор келип, университеттердин ролун талкуулашат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖыйындагы адамдар. Архив
Жыйындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2022
Жазылуу
Форумду министрлик менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму уюштуруп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте "Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу" аталышындагы ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, форум 14-15-сентябрда болот.
"Анда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн келген жогорку окуу жайлардын ректорлору университеттердин илимий ишмердүүлүгүн жогорулатуу, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу жана технологияларды өткөрүп берүү ыкмаларын талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.
Форумду Билим берүү жана илим министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму уюштуруп жатканы кошумчаланды.
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан I Жаштар форумунун катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштары 10 долбоор сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0