https://sputnik.kg/20220908/bishkek-osh-zhol-tonnel-aky-toktom-artka-kajtaryldy-1067659439.html
Бишкек — Ош жолундагы тоннель акысы боюнча токтом долбоору артка кайтарылды
Бишкек — Ош жолундагы тоннель акысы боюнча токтом долбоору артка кайтарылды
Sputnik Кыргызстан
Долбоор 6-сентябрда коомдук талкууга коюлган. 08.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-08T13:12+0600
2022-09-08T13:12+0600
2022-09-08T13:12+0600
кыргызстан
бишкек – ош жолу
тоннель
акы
төлөм
https://sputnik.kg/img/102595/13/1025951389_0:230:5200:3155_1920x0_80_0_0_bf43bca160f6eb8de327946b50baa03b.jpg
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек — Ош унаа жолундагы тоннель аркылуу өтүүдө төлөнүүчү акыны көтөрүү боюнча токтом долбоорун чакыртып алууну чечти.Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, мындай чечим социалдык тармактарда жарандардын нааразычылыгынан улам кабыл алынган.Аталган долбоор 6-сентябрда коомдук талкууга коюлган.Баа кандайча өзгөрмөк?Жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннадан ашкан унаа үчүн эми 400 сомдон төлөнүшү керек эле. Чет элдик (25 тоннадан ашкан) жүк ташуучу унаалар үчүн 80 доллар өлчөмүндөгү жаңы тарифти бекитүү пландалган.
https://sputnik.kg/20220707/bir-katar-banktar-chet-eldik-valyutany-algandarga-baany-kymbattatty-1065892754.html
бишкек – ош жолу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102595/13/1025951389_267:0:4895:3471_1920x0_80_0_0_5b48d69100daf53758b367e7c82c1188.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек – ош жолу, тоннель, акы, төлөм
кыргызстан, бишкек – ош жолу, тоннель, акы, төлөм
Бишкек — Ош жолундагы тоннель акысы боюнча токтом долбоору артка кайтарылды
Долбоор 6-сентябрда коомдук талкууга коюлган.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек — Ош унаа жолундагы тоннель аркылуу өтүүдө төлөнүүчү акыны көтөрүү боюнча токтом долбоорун чакыртып алууну чечти.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, мындай чечим социалдык тармактарда жарандардын нааразычылыгынан улам кабыл алынган.
"Долбоор коомдук пикирди эске алуу менен даярдалып, деталдуу түрдө иштелип чыгат", — дешти ведомстводон.
Аталган долбоор 6-сентябрда
коомдук талкууга коюлган.
жеңил унаалар, микроавтобустар, жолтандабастар – 45 сом болчу, эми 50 сом болмок. Чет элдик номерлери бар унаалар үчүн жол кире 5 доллар бойдон калтырылмак;
кичи автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү үч тоннага чейин — мурда 75 сом болчу, эми 100 сомго чыкмак. Чет элдик номерлүү унаалар үчүн 10 долларлык тариф сакталып салмак;
22 орунга чейинки автобустар – 125 сом болчу, 150 сом болмок. Чет элдик унаалар үчүн 20 долларлык жол кире ошол бойдон калмак;
22ден 32 орунга чейинки автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннага чейин автоунаалар – 250 сом болсо, эми 300 сомго жетмек. Чет элдик унаалар үчүн 40 долларлык чек сакталмак;
32 орундуктан жогору автобустар жана 25 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар үчүн акы — 350 сом. Фондудан түшүндүргөндөй, буга чейин аталган категорияда тарифтерди бөлүштүрүү автоунаанын жүк көтөрүмдүүлүгүнө жараша эсептелген. Максималдуу тариф 275 сом (10 тоннадан жогору) болчу.
Жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тоннадан ашкан унаа үчүн эми 400 сомдон төлөнүшү керек эле. Чет элдик (25 тоннадан ашкан) жүк ташуучу унаалар үчүн 80 доллар өлчөмүндөгү жаңы тарифти бекитүү пландалган.