https://sputnik.kg/20260220/1099847673.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Новосибирскиге 20 тонна продукция бата турган соода-логистикалык борбор курат. Бул туурасында экпортту өнүктүрүү боюнча иш алып барган "Кыргыз... 20.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-20T15:00+0600
2026-02-20T15:00+0600
2026-02-20T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/14/1099847507_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_15ab4b3dc62594a02647f30fcc8ba936.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Новосибирскиге 20 тонна продукция бата турган соода-логистикалык борбор курат. Бул туурасында экпортту өнүктүрүү боюнча иш алып барган "Кыргыз экспорт" борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев айтты.Учурда Евразиялык өнүктүрүү банкы менен биргеликте техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. "Ал жерде биздин жашылча-жемиштер сакталып гана турбастан, сорттолуп, кайра иштетилет. Температураны ылайык кылып кармап туруу үчүн атайын кампаларды куруп, кыска мөөнөттө тоңдура салган камераларды орнотуу каралууда", — деген Жумалиев. Мындай жайлар Уралга, анын ичинен Екатеринбург, Омск шаарларына жеткирилген продукцияны бөлүштүрүп, Россиянын башка аймактарындагы соода тармактарга берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бермекчи. Директордун орун басары ушундай эле борборду Алматы шаарында куруу пландалып, ага 10-20 гектар жер бөлүнгөнүн кошумчалады.
Бишкектеги бардык автобустардын маршруту өзгөрөт. Бул тууралуу шаар мэриясына караштуу Транспорт департаментинин башчысы Уланбек Бейшенбаев билдирди. Анын айтымында, 72 маршруттун баары тең өзгөрүп, бир бөлүгү айланма болот. Мэрия мындан каттамдар ортосундагы убакыт кыскарып, автобус алмаштыруу жеңилдей турганын белгилеген. Кечээ калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкек шаарындагы транспорттук абалды жакшыртуу жана жол тыгындарын азайтуу маселелерине арналган ачык эксперттик жолугушуу өткөргөн. Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан. "Так ушул биргелешкен аракеттер менен гана биз Бишкек шаарынын аймагындагы тыгын маселесин чече алабыз. Бүгүнкү күндө биринчи кезекте жол инфраструктурасын оңдоого жана жаңылоого, акылдуу жол чырак системасын түзүүгө жана муниципалитеттин жоопкерчилигине түздөн-түз кирген башка чечимдерди ишке ашырмакчыбыз", — деди Жунушалиев.
Кыргызстандык компаниялардын продукциясы Москвада өткөн "Продэкспо–2026" көргөзмөсүндө мыкты деп табылып, бир катар келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу "Кыргыз экспорт" борборунун жетекчисинин орун басары Тилек Жумалиев радиолордун биринде айтты. Эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүнө 20дан ашуун ата мекендик ишкана катышкан. "Биздин азыктар дегустация сынагында мыкты деп таанылды. Көргөзмөнүн жыйынтыгы менен 11 компания экспорттук келишимдерди түздү. Мында консервацияланган азык, тоңдурулган жашылча-жемиш, шире өндүрүүчүлөр тууралуу кеп болууда. Жакынкы аралыкта алар продукциясын Москвага жана Россиянын башка региондоруна жөнөтө баштайт", — деди Жумалиев.
Пентагондун аудиторлору, Мамлекеттик департамент жана USAID АКШнын Конгрессине жазган катында россиялык күчтөр Украина армиясынан алда канча артыкчылык кылып жатканын белгилеген. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. "Согушта россиялык аскерлер аскери жетишпей, жабдуу тартыш болгон Украина армиясынан күчтүүрөөк болууда", — деп жазылган докладда. Документте Украинанын Куралдуу күчтөрү россиялыктарды токтото албай жатканы да айтылган. Муну менен катар эле украин армиясы кадимкидей алсыраган, "каршылаш тараптын урулган тактикалык соккуларына тез жооп кыла албай турган, начар даярдыктагы күчтөр гана калганы" белгиленген. Мындай мүнөздөмөнү Пентагондун чалгын башкармалыгынан беришкен. Украинанын реката чабуулунан коргонуу жабдуулары боюнча жагдайы эл аралык деңгээлдеги өнөктөштөрдүн техника берген-бербегенинен көз каранды болуп турат.
Кыргызстан Новосибирскиге 20 тонна продукция бата турган соода-логистикалык борбор курат. Бул туурасында экпортту өнүктүрүү боюнча иш алып барган "Кыргыз экспорт" борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев айтты.Учурда Евразиялык өнүктүрүү банкы менен биргеликте техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. "Ал жерде биздин жашылча-жемиштер сакталып гана турбастан, сорттолуп, кайра иштетилет. Температураны ылайык кылып кармап туруу үчүн атайын кампаларды куруп, кыска мөөнөттө тоңдура салган камераларды орнотуу каралууда", — деген Жумалиев. Мындай жайлар Уралга, анын ичинен Екатеринбург, Омск шаарларына жеткирилген продукцияны бөлүштүрүп, Россиянын башка аймактарындагы соода тармактарга берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бермекчи. Директордун орун басары ушундай эле борборду Алматы шаарында куруу пландалып, ага 10-20 гектар жер бөлүнгөнүн кошумчалады. Бишкектеги бардык автобустардын маршруту өзгөрөт. Бул тууралуу шаар мэриясына караштуу Транспорт департаментинин башчысы Уланбек Бейшенбаев билдирди. Анын айтымында, 72 маршруттун баары тең өзгөрүп, бир бөлүгү айланма болот. Мэрия мындан каттамдар ортосундагы убакыт кыскарып, автобус алмаштыруу жеңилдей турганын белгилеген. Кечээ калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкек шаарындагы транспорттук абалды жакшыртуу жана жол тыгындарын азайтуу маселелерине арналган ачык эксперттик жолугушуу өткөргөн. Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан. "Так ушул биргелешкен аракеттер менен гана биз Бишкек шаарынын аймагындагы тыгын маселесин чече алабыз. Бүгүнкү күндө биринчи кезекте жол инфраструктурасын оңдоого жана жаңылоого, акылдуу жол чырак системасын түзүүгө жана муниципалитеттин жоопкерчилигине түздөн-түз кирген башка чечимдерди ишке ашырмакчыбыз", — деди Жунушалиев.Кыргызстандык компаниялардын продукциясы Москвада өткөн "Продэкспо–2026" көргөзмөсүндө мыкты деп табылып, бир катар келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу "Кыргыз экспорт" борборунун жетекчисинин орун басары Тилек Жумалиев радиолордун биринде айтты. Эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүнө 20дан ашуун ата мекендик ишкана катышкан. "Биздин азыктар дегустация сынагында мыкты деп таанылды. Көргөзмөнүн жыйынтыгы менен 11 компания экспорттук келишимдерди түздү. Мында консервацияланган азык, тоңдурулган жашылча-жемиш, шире өндүрүүчүлөр тууралуу кеп болууда. Жакынкы аралыкта алар продукциясын Москвага жана Россиянын башка региондоруна жөнөтө баштайт", — деди Жумалиев.Пентагондун аудиторлору, Мамлекеттик департамент жана USAID АКШнын Конгрессине жазган катында россиялык күчтөр Украина армиясынан алда канча артыкчылык кылып жатканын белгилеген. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. "Согушта россиялык аскерлер аскери жетишпей, жабдуу тартыш болгон Украина армиясынан күчтүүрөөк болууда", — деп жазылган докладда. Документте Украинанын Куралдуу күчтөрү россиялыктарды токтото албай жатканы да айтылган. Муну менен катар эле украин армиясы кадимкидей алсыраган, "каршылаш тараптын урулган тактикалык соккуларына тез жооп кыла албай турган, начар даярдыктагы күчтөр гана калганы" белгиленген. Мындай мүнөздөмөнү Пентагондун чалгын башкармалыгынан беришкен. Украинанын реката чабуулунан коргонуу жабдуулары боюнча жагдайы эл аралык деңгээлдеги өнөктөштөрдүн техника берген-бербегенинен көз каранды болуп турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/14/1099847507_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_99b76c3bd98c2b6c62f89c4357069da3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио