https://sputnik.kg/20260220/1099851949.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү "Тамчы" атайын финансы-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу анын... 20.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-20T17:00+0600
2026-02-20T17:00+0600
2026-02-20T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/14/1099851783_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8ab5e448bead14237fd1e0f38d50c313.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү "Тамчы" атайын финансы-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Долбоордун алкагында 2035-жылга чейин 470 миң чарчы метрден ашык заманбап кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин жана туристтик объектилерди этап-этабы менен куруу пландалууда. Мунун баары жүз гектардан ашык жерди ээлейт. "Аймактын резиденттери 49 жылга чейин бардык салыктардан бошотулат. Ошондой эле 10 жыл ичинде 90 миңге чейинки турист агымы үчүн инфраструктура түзүлөт", — деп айтылат маалыматта. Касымалиев АФИА эл аралык финансы, глобалдык капитал, финтех жана IT-инновацияларды тарткан борборго айланышы керектигин белгилеп, муну менен катар эл аралык соода менен жүк агымдарын бириктирген заманбап логистикалык хаб болууга тийиш экенин айтты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков басылмалардын бирине маек берип, атайын кызматта жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, учурда улуттук коопсуздук органдарынын тутумунда түзүмдүк жана уюштуруучулук-штаттык реформалар жүргүзүлүүдө. "Жүргүзүлүп жаткан реформалар системалуу мүнөзгө ээ жана өзгөрүлүп жаткан эл аралык кырдаалды эске алуу менен өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана конституциялык түзүлүшүн натыйжалуу камсыз кылууга жөндөмдүү ыкчам, кесипкөй жана ачык түзүмдү калыптандырууга багытталган", - деди ал. Ал белгилегендей, реформалар мыйзамдарды сактоо менен жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын эске алуу менен этап-этабы менен ишке ашырылууда.Ошондой эле Шабданбеков УКМКны саясаттан арылтуу керектигин айтты. Бул аны саясий партиялардын, идеологиялардын жана кимдир бирөөлөрдүн конъюнктуралык кызыкчылыктарынын таасиринен бошотуу дегенди билдирет. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саясий курал болбошу керек
Ош шаарындагы темир усталар иштеген жер заманбап туристтик жайга айланат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бугүн мэр Жанарбек Акаев эски Ош базарын кыдыруунун алкагында темир усталар менен жолукту. Анда шаар башчысы базардын учурдагы абалына көңүл буруп, усталар иштеп жаткан жайларды заманбап талаптарга ылайык иретке келтирүү, санитардык жана коопсуздук шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Мэр аталган аймакты иретке келтирип, улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган туристтик шаарчага айландыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле бул аймак соода-сатык жүргүзүлүүчү жайга айланбай, негизинен кол өнөрчүлөрдүн шаарчасы катары иш алып барарын белгиледи.
Бишкектеги №2 китепканада КР Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чара улуу акындын чыгармачылык мурасын даңазалоо, жаштардын поэзияга болгон кызыгуусун арттыруу жана китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында уюштурулду. Кеченин жүрүшүндө акындын чыгармалары көркөм окулуп, театралдаштырылды жана музыкалык номерлер тартууланды. Иш-чаранын алкагында өткөн сынактын жыйынтыгында баш байге Биринчи май районунун китепканаларына ыйгарылды. Экинчи жана үчүнчү орундарды Свердлов жана Октябрь райондорунун китепканалары ээледи. Жеңүүчүлөргө “Кара-Кулжа ынтымак” коомунун жана Борборлоштурулган китепкана системасынын атынан баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү "Тамчы" атайын финансы-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Долбоордун алкагында 2035-жылга чейин 470 миң чарчы метрден ашык заманбап кеңсе борборлорун, турак жай комплекстерин жана туристтик объектилерди этап-этабы менен куруу пландалууда. Мунун баары жүз гектардан ашык жерди ээлейт. "Аймактын резиденттери 49 жылга чейин бардык салыктардан бошотулат. Ошондой эле 10 жыл ичинде 90 миңге чейинки турист агымы үчүн инфраструктура түзүлөт", — деп айтылат маалыматта. Касымалиев АФИА эл аралык финансы, глобалдык капитал, финтех жана IT-инновацияларды тарткан борборго айланышы керектигин белгилеп, муну менен катар эл аралык соода менен жүк агымдарын бириктирген заманбап логистикалык хаб болууга тийиш экенин айтты.Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков басылмалардын бирине маек берип, атайын кызматта жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, учурда улуттук коопсуздук органдарынын тутумунда түзүмдүк жана уюштуруучулук-штаттык реформалар жүргүзүлүүдө. "Жүргүзүлүп жаткан реформалар системалуу мүнөзгө ээ жана өзгөрүлүп жаткан эл аралык кырдаалды эске алуу менен өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана конституциялык түзүлүшүн натыйжалуу камсыз кылууга жөндөмдүү ыкчам, кесипкөй жана ачык түзүмдү калыптандырууга багытталган", - деди ал. Ал белгилегендей, реформалар мыйзамдарды сактоо менен жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын эске алуу менен этап-этабы менен ишке ашырылууда.Ошондой эле Шабданбеков УКМКны саясаттан арылтуу керектигин айтты. Бул аны саясий партиялардын, идеологиялардын жана кимдир бирөөлөрдүн конъюнктуралык кызыкчылыктарынын таасиринен бошотуу дегенди билдирет. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саясий курал болбошу керекОш шаарындагы темир усталар иштеген жер заманбап туристтик жайга айланат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бугүн мэр Жанарбек Акаев эски Ош базарын кыдыруунун алкагында темир усталар менен жолукту. Анда шаар башчысы базардын учурдагы абалына көңүл буруп, усталар иштеп жаткан жайларды заманбап талаптарга ылайык иретке келтирүү, санитардык жана коопсуздук шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи. Мэр аталган аймакты иретке келтирип, улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган туристтик шаарчага айландыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле бул аймак соода-сатык жүргүзүлүүчү жайга айланбай, негизинен кол өнөрчүлөрдүн шаарчасы катары иш алып барарын белгиледи. Бишкектеги №2 китепканада КР Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чара улуу акындын чыгармачылык мурасын даңазалоо, жаштардын поэзияга болгон кызыгуусун арттыруу жана китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында уюштурулду. Кеченин жүрүшүндө акындын чыгармалары көркөм окулуп, театралдаштырылды жана музыкалык номерлер тартууланды. Иш-чаранын алкагында өткөн сынактын жыйынтыгында баш байге Биринчи май районунун китепканаларына ыйгарылды. Экинчи жана үчүнчү орундарды Свердлов жана Октябрь райондорунун китепканалары ээледи. Жеңүүчүлөргө “Кара-Кулжа ынтымак” коомунун жана Борборлоштурулган китепкана системасынын атынан баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/14/1099851783_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ff96d49c5301ff8a231de6930c82fae8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио