Бир катар банктар чет элдик валюта алгандар үчүн комиссияны көтөрдү. Тизме

© AFP / TED ALJIBEКиши доллар купюралары менен. Архив
Киши доллар купюралары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Жазылуу
Кыргызстанда акыркы күндөрү чет элдик валюта накталай түрдө тартыш болуп жатканы байкалууда.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы бир катар банктар алардан чет элдик валютаны накталай алганы үчүн комиссияны көтөрсө, бир катарлары бул кошумча акыны жаңыдан киргизди.
Адатта мунун канчага өскөнү айтылбайт, андыктан комиссиянын азыркы суммасы тууралуу сөз болот. Мында кыскача маалымат беребиз, кошумча суроолор жаралса, аны банктан тактап алсаңыз болот.

"Бакай банк"

2022-жылдын 1-июлунан 1-августуна чейин төлөм карттарынан акчаны доллар менен чыгарып алыш үчүн төмөнкүдөй шарттар киргизилген:
"Бакай банктын" кассаларынан башка банктардын Visa картасындагы акчаны алууга сумманын 3 пайызы (кеминде 5 доллар) жумшалат;
Банктардын өз ара ынтымакта иштеген тармагында комиссия алынбайт, бирок андан суткасына 200 доллардан ашык чыгара албайсыз;
"Бакай банк" карталары — мында комиссия жок, бирок суткасына 500 доллардан ашык ала албайсыз (эгерде лимиттен ашып кетсе, банк менен макулдашуу каралган);
Эсеп-картадан алуу — 0,3 пайыз менен 500 доллардын алкагында каралган (эгерде лимиттен ашып кетсе, банк менен макулдашуу каралган);
"Элкарт", "Элкарт-Мирден" доллар менен алуу токтотулган.

"Демир банк"

6-июлдан тарта банктын бөлүмдөрүндө чет элдик валюталарды нак алууда жаңы тарифтер киргизилген:
Айлыктарын банк аркылуу чет элдик валютада алгандар үчүн — 5 пайыз;
Visa, MasterCard карталары менен "Демир банктын" банкоматтарынан долларды чыгарып алчулар үчүн — 5 пайыз;

"Кыргызстан"

24-июндан тарта банк акчаны накталай алуу жана Visa картасынан чыгаруу боюнча тарифтерди көтөрдү. Кээ бир учурларда доллар, евро менен алганда жалпы суммадан 1 пайыз төлөп калары айтылган.

"Керемет банк"

21-июндан тарта жеке жана юридикалык тараптар үчүн эсептен доллар чыгарып алгандагы акы 2 пайызды түзөт.

"Оптима банк"

5-июлдан тарта которулган акчаларды евро жана доллар менен накталай алыш үчүн 2 пайызын төлөйсүз.
7-июлдан тарта чет элдик валютаны картадан же эсептен алган бир катар жагдайларда 3 пайыздык сумма алуу тартиби кирген.

"РСК банк"

1-июлдан тарта жеке, юридикалык жактар келген акчаларды доллар же евро менен алганда жаңы тариф коюлганы жазылган. Бирок анын көтөрүлгөнү же түшкөнү так жазылган эмес.
Эске сала кетсек, банктардын сайттагы маалыматтары, кыязы, толук эмес. Андыктан эң жакшысы түз байланыш борборлоруна чалып, чет элдик валютаны алмаштырууда шарттар өзгөрүп-өзгөрбөгөндүгүн сурап алыңыз.

Себептери

Бардык эле финансы-кредиттик уюмдар себебин так көрсөткөн эмес, алардын бир катарлары бул чет элдик акчага суроо-талап көбөйүп кеткендигинен деп жазышса, башкалары доллар рыногундагы аталган акчанын накталанып алынышы боюнча кырдаалдан улам дешкен.
Жакында эле Улуттук банктын өкүлү доллар боюнча тартыштык бар экендигин айтып, буга геосаясат шарттаган кырдаал себеп катары келтирген. Кыргызстанга арбын суммадагы доллар которулуп, бул жерден аны нак алып, кайра ташып кетип жатышат.
Тартыштыктын экинчи себеби — мурда Кыргызстан банктары долларды Казакстан менен Россиянын банктарынан сатып алып турушкан. Азыр алар ишин токтоткондуктан, кыргыз коммерциялык банктары нак доллар алып келген башка жолдорду издеп жатышат.
Доллар белгиси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Пресс-борбор
Улуттук банк: Кыргызстанга накталай эмес доллар ири көлөмдө агылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0