00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл баш калааны көрктөндүрүүгө канча акча бөлүнөт?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдө сугат суутартыштыгын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолукту. Мекемеден маалымдашкандай, тараптар мектептик билим берүү тармагындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Атап айтканда, эки өлкөнүн педагогдору жана эксперттери катышкан конференция өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Анда 12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу пландалууда. Элчи өз кезегинде билим берүү тармагында мурда кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдерди жана меморандумдарды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен ишти баштоого даяр экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мектептик билим берүү багытында жаңы меморандум түзүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун конкреттүү кадамдарын аныктоо боюнча макулдашты.
Ушул жылдын башынан тартып "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген тизмеге ылайык дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган тартипте сатып алууну жүргүзүүдө. Министрликтин маалыматына караганда, быйыл сатып алуулардынын бир бөлүгүн БУУ системасына караштуу уюмдардын механизмдери аркылуу ишке ашыруу пландалууда. Жалпысынан 30га жакын аталыштагы дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу каралууда. Бул модель ортомчуларды четтетүүгө, продукциянын эл аралык сапат стандарттарына, анын ичинде ДССУнун алдын ала тандоо шайкештигин камсыз кылууга, глобалдык сатып алуу механизмдерине катышуу аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү бааларды түзүүгө багытталган. "Учурда келишимдерди түзүүгө даярдык иштери жүрүүдө. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул моделди ишке ашыруунун натыйжасында өткөн жылга салыштырмалуу бюджеттик каражаттардын болжол менен 410 млн сом үнөмдөлүшү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, 2026-жылдагы сатып алуу саясаты дары-дармектердин баасын төмөндөтүүгө, сапатын жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелет. Бул тууралуу Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча нефтебазаларда жана май куючу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө бар. Мындан тышкары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2026-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында 2 млн литр дизель дыйкан-фермерлерге 74 сомдон берип жатат. Ал эми кадимки май куючу жайларда дизелдин баасы 78-80 сомду түзөт. Жыйында быйыл күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралбайт деген божомол бар экендиги айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0